Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскар Мамин муну менен кыргыз тарап тиешелүү көзөмөл жүргүзүү боюнча бир катар милдеттенмелерди өзүнө алганын жарыялады.
Астанага барган кыргыз өкмөтүнүн өкүлчүлүгү болсо милдеттенмелер эки тараптуу болгонун белгилеп, анын көпчүлүгү ЕАЭБ боюнча макулдашууда бар экенин, тараптар болгону ошол талаптарды кайрадан карап, бекемдеп чыгышканын билдирди.
Чектөөлөрдү алып салуунун шарттары
Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин Минсктеги жолугушуусунан кийин эки өкмөт Астанада 50 иш-чарадан турган "Жол картасын" кол коюп, бекитти. Иш-чаралар негизинен чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салыктык башкаруу тармактарындагы өз ара кызматташтыкты камсыз кылуу боюнча багыттардан турат. Анын ичинен бешөө тез арада жөнгө салынышы керек болсо, 16сы ыкчам негизде ишке ашса, 29 иш-чараны системалуу шартта аткаруу жагы макулдашылды.
Казак тараптын айтымында, бул чаралар кыргыз экономикасын ЕАЭБдин шарттарына ыңгайлаштырууга өбөлгө түзөт. Казакстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары Аскар Мамин муну менен сырткы чек арада көзөмөл жүргүзүүнүн жана жүктөрдү өткөрүүнүн жаңы чаралары камсыздала турганын билдирди:
- "Жол картасына" кол койгондон кийин биз ЕАЭБдин сырткы чек арасында бажы, салык, ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл чараларын чогуу камсыз кылуу боюнча жаңы ыкмаларга өтөбүз. Ошондой эле казак-кыргыз чек арасы аркылуу экспорттук-импорттук жана транзиттик жүк ташууга ЕАЭБ комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен көзөмөл жүргүзүлөт. Ошентип кыргыз тарап ЕАЭБдин талаптарын толук сактоо менен сөз болуп жаткан тармактар боюнча жетиштүү көзөмөл жүргүзүү милдетин өзүнө алды.
Өз ара милдеттенмелер
Буга чейин эки мамлекет башчысынын Минсктеги жолугушуусунда макулдашылгандай, чек ара өткөрмөлөрүндө жүктөргө үч тараптуу көзөмөл киргизилет. Ошондой эле кыргыз товарларынын талапка шайкештигин Казакстандын тиешелүү органдарынан тастыктоо боюнча иш-чаралар чогуу аткарыла турган болду. Алар жүктөрдүн өз учурунда жана тоскоолдуксуз өтүшүн шарттай турганы документте көрсөтүлгөн.
Кыргыз өкмөтүнүн өкүлчүлүгүнүн мүчөсү, Фитосанитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов "милдеттенмелер эки тараптуу болду" деп оңдоо киргизип, анын көбү ЕАЭБ макулдашуусунда бар экенин белгиледи:
"Жол картасында" көрсөтүлгөн шарттардын көпчүлүгү макулдашууда камтылган болчу. Бирок ага карабай, чек арада бөгөттөр коюлган".
- "Жол картасында" көрсөтүлгөн шарттар - Кыргызстан үчүн гана эмес, эки тараптан тең аткарыла турган милдеттенмелер. Мунун көпчүлүгү макулдашууда камтылган болчу. Бирок ага карабай, чек арада жанагындай бөгөттөр коюлду да. Азыр ошондой болбосун деп бир топ чараларды бекемдедик. Чек арадан өтүп жатканда "биз ушундай шарттарды аткаралы, силер болсо бекитилген макулдашууга ылайык жүктүн тоскоолдуксуз өтүшүн камсыз кылгыла" деген сыяктуу шарттарды киргиздик. Ошону менен "жүк жөнү жок эле кармалып, тоскоолдуктар болбосун" деген маселе коюлду. Биз дагы өз кезегинде көзөмөлдү күчөтөөрүбүздү белгиледик. Бул жерде бир эле ветеринардык, фитосанитардык көзөмөл эмес, башка тармактар боюнча дагы көзөмөл маселеси каралып, бекитилди. Ошонун негизинде мыйзамдуу негизде ташылып бараткан товарлардын чек арадан өтүшүн камсыз кылуу жагы макулдашылды.
Аткезчилик далилденбей калабы?
Антсе да эксперттер эки тараптуу "Жол картасын" иштеп чыгуу ашыкча эле документ болгонун айтып жатышат. Алар экономикалык кызматташтыктын шарттары ЕАЭБдин макулдашуусунда жана анын техникалык регламенти боюнча жобосунда деле каралганын белгилешти.
Экономист Абай Алымкулов казак тарап аткезчилик фактыларын далилдеши керек эле, болбосо жүктү мыйзамсыз тосуп кармоодон келип чыккан зыянды төлөп берүүгө милдеттенме алууга тийиш болчу деген пикирде:
"Буга чейин Орусияга тоскоолдуксуз эле өтүп жүргөн товарлар кандайча Казакстан үчүн контрабанда болуп калат? Бул жерде кыргыз тарап боштук кылып жатат".
- Казак тарап "80 пайыз өтүп бара жаткан товарлар контрабанда" деген. Буга чейин Орусияга тоскоолдуксуз эле өтүп жүргөн ал товарлар кандайча Казакстан үчүн контрабанда болуп калат? Кептин баары ошондо болуп жатпайбы. Эми каалайбы же каалабайбы, жүктөрү чек арадан өз убагында өтпөй калып, зыянга учургандардын чыгымдарын кайсы бир тарап төлөшү керек. Ошол үчүн шылтоо катары "Жол картасы" деп айта беришет. Бирок мындай тоскоолдуктар эми жазга чейин улана берет. Бул жерде кыргыз тарап боштук кылып жатат. Аткезчилик боюнча доомат коюлуп жаткан соң казак тарапты "кааласаңар, келип текшерип алгыла" деш керек болчу.
"Жол картасында" камтылган шарттарга ылайык Казакстандын өкмөтү 3-декабрдан бери кыргыз-казак чек арасында күчөтүлгөн текшерүү режимин алып салды. Мында тышкары казак өкмөтү 10-октябрдан ушул күнгө чейин чек арадагы күчөтүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө 4 миңден ашуун мыйзам бузуу катталганын жарыялаган. Бирок анын канчасы Кытайдан Кыргызстан аркылуу кирчү аткезчиликке байланыштуу экени такталган эмес.