Линктер

дүйшөмбү, 23-апрель, 2018 Бишкек убактысы 03:31

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

2-декабрда Астана шаарында кыргыз-казак өкмөттөрү эки айга чукулдаган чек ара кризисин чечүү боюнча “Жол картасына” кол коюшту. Бишкектен барган вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов менен казак өкмөт башчысынын орун басары Аскар Мамин кол койгон документке ылайык 3-декабрга караган түнү саат 12ден баштап эки өлкөнүн чек арасы кадимки режимде иштей баштамак.

3-декабрда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалардын саны азайганын Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева “Азаттык” радиосуна билдирди:

- Эртең мененки 9:30дагы маалымат боюнча “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде 410 жүк ташуучу автоунаа турат. Бирок кечээ кечки 6дан баштап казак тарап унааларды өткөрүүнү тездеткен. Таңга чейин 225 фураны өткөрүшкөн. Мурда саатына жети-сегиз эле унаа өтсө, азыр 15-20дан өтүп жатат.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Абдыкариева кошумчалагандай, Таластагы “Чоң-Капка” өткөрмө пунктундагы 70тей жүк ташуучу автоунаанын бардыгы өттү.

“Жол картага” кол коюлгандан кийин кыргыз-казак чек арасы бажы, салык, ветеринардык, фитосанитардык жана санитардык- эпидемиологиялык көзөмөлдүн жаңы ыкмаларына өтөрүн, ага Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү катышарын казак премьеринин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз тарап бул чөйрөлөрдө экономикалык биримдиктин талаптарына толук жооп бергидей көзөмөл жүргүзүүгө милдеттенмелерди алганы белгилүү болду.

“Мындай чаралар кыргыз экономикасын Евразия экономикалык союзунун талаптарына шайкеш келтирүүгө жана Кыргызстандын товарларынын бирдиктүү базарга кирүүсүн камсыздоого багытталат”, – деди казак вице-премьери Мамин.

"Жол картадагы” иш-чараларды толук жана өз маалында аткаруу ачык-айкын, легитимдүү жана өз ара пайдалуулук принцибинин негизинде жалпы рынокту түзүүгө өбөлгө болот».

Ошондой эле казак өкмөтүнүн маалыматына караганда экономикалык биримдиктин техникалык регламенттерин сактоо боюнча биргелешкен иш аткарылат. Ал үчүн кыргызстандык товардын стандарттарга ылайык экенин казакстандык мекемелер текшерет.

“Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу суроолорун комплекстүү чечүү үчүн 50 иш-чараны камтыйт. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган. Документте ыкчам аткарылчу 16 чара көрсөтүлүп, чукул арада аткарылчу беш жана 29 системалуу жүзөгө ашырылчу чаралар бар.

Чек ара маселесин чечүү үчүн вице-премьер-министр Толкунбек Абдыгулов башында турган делегация жума күнү Астанага барган.

30-ноябрда Минскиде өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынында президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев жолугушуп, чек арадагы кырдаалды чечүүнүн шартын макулдашкан.

Назарбаев чек арадагы чектөөлөр алынарын, бирок жүктөрдү текшерип өткөрүүгө үч тараптуу көзөмөл коюларын билдирген. ​"Биз чек араны убактылуу ачабыз да, бирок анда эки жактан тең көзөмөл орнотобуз - Кыргызстандан да, Казакстандан да, ЕАЭБден - үч киши ар бир жүктү карап, бирок өткөрө бере турган болду. Ошондой ишти биз Кытай менен болгон чек арада да жасайбыз" - деген Назарбаев кыргыз президентин Астанага расмий сапарга чакырды.

Ал эми Жээнбеков ​"эки тарапта маселелер көп, анын баарын чечебиз" деп бышыктаган.

Кыргызстанда болсо Астананын чек арага үч тараптуу көзөмөл орнотуу шарты Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн ортосунда ишенимдин жоктугун көрсөтөт деп баалагандар болду.

Алардын бири аналитик Бекбосун Бөрүбашев "Бардык маселе ишенбестиктен келип чыкты. Буга биз өзүбүз да күнөөлүү болсок керек" - деп бажыдагы коррупцияны баса белгилейт. "Үч тараптуу көзөмөл коюуга президентибиз макул болду, демек биз ошол маселе бар экенин моюнубузга алып жатабыз", - деди аналитик "Азаттыкка" берген комментарийинде. ​

​Казакстандын стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Санат Кушкумбаев коңшу эки өлкөнүн чек арасындагы кризистин чечилишин президент Назарбаев менен Кыргызстандын жаңы лидери Жээнбековдун Минск "жолугушуусунун жемиши" катары көрөт.

“Кыргызстандын жаңы шайланган президенти прагматикалык стиль көрсөттү. Биз андан Кыргызстандын кызыкчылыктарын ашыкча саясатташтырбай, прагматикалык жол менен жүргүзүшүн күтөбүз” – дейт казакстандык эксперт.

Коомдук ишмер, мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкуловдун көз карашында соңку жылдары "тышкы иштер боюнча чечим кабыл алуу, билдирүү жасоо бир системага түшпөй, башаламан" болуп кеткен. "Казакстан, Түркия, дагы башка мамлекеттер менен мамиледе кыйынчылыктар жаралды" - деген дипломат президент Жээнбековго тышкы саясаттын системасын кайра аныктап чыгууга кеңеш берет.

Казакстан 10-октябрдан баштап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Анын айынан жүздөгөн адамдар менен жүк ташуучулардын узун кезеги пайда болгон. Башында казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган.

Кийинчерээк Ак Ордо Кыргызстан Евразиялык биримдиктин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан мамлекеттик бюджети зыян тартканын билдирип чыкты.

Чек арадагы кырдаал 8-октябрда президент Алмазбек Атамбаев казак лидери Нурсултан Назарбаевди «Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат» деп сындагандан кийин курчуган.

Чубак ажынын чуулгандуу билдирүү​сү

Жума ичиндеги коомчулуктун бүйүрүн кызыткан дагы бир окуя - Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун экинчи никеси боюнча тараткан видеосу болду.

28-ноябрда интернетте жайылган тасмада Жалилов жашы 30дан ашкан жесирге нике кыйдыртып үйлөнгөнүн жарыялайт. Таасирдүү аалым башка эркектерди да үлгү алгыла деп «осуят» айтат:

Чубак Жалилов
Чубак Жалилов

​- Мен дагы үйлөндүм. Байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат, бирок бардыгы ордуна келет деп ойлойм. Анын капа болгонго, кызгангага акысы, укугу бар. Мен Түркияда бала багып иштеп жүргөн, жашы 30дан өткөн жесир келинге үйлөндүм. Мен «кыздарды Түркияга, Кытайга жибербегиле, ошолорду карагыла, баккыла» деп осуят айтам. Үйлөнүүгө ниетим жок эле, бирок өзүм элге үлгү болууну туура көрдүм. Мен баштабасам ким баштайт? Бардыгы сөз бойдон калбасын дедим. Кыргыздын кызын карап, багып, курсагын тойгузуп үлгү көрсөтүү үчүн үйлөндүм. Колунан келген эркектер үйлөнсүн деп айтам. Бир адамдын ырыскысы эки адамга жетет, урматтуу бир тууганым.

«Азаттык» радиосу Жалиловго видео боюнча кайрылганда, ал комментарий берүүдөн баш тартты. ​Чубак ажы буга чейин көп аял алууга шарият жол бергени менен аны көп колдобой турганын айтып жүргөн.

"Кылым шамы" укук коргоо борбору экс-муфтий адамдарды мыйзамсыз кадамга түртүп жатат деген жүйө менен прокуратурага кайрылды. "Башка жигиттерди дагы «экиден аял алгандан коркпогула» деп чакырып жатат. Бул өтө коркунучтуу чакырык" - дейт уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова.

"Мутакалим" мусулман аялдар коомунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы учурда экинчи аял катары жашап, бала-чакалуу болгон, бирок юридикалык жактан эч нерсеге укуксуз аялдардын катмары бар экенин "Азаттыкка" берген маегинде сөз кылды. Ал жетектеген уюмга кайрылган аялдардын орточо статистикасын алганда 50 миңден ашуун кыз-келин экинчи же үчүнчү аял болуп жашайт.

"Экинчи, үчүнчү аялдын укук-милдеттери, алардын балдарынын мүлккө, мурас боюнча укуктарына байланыштуу маселени кантип чечебиз?" - деген суроо коет.

Диний активисттин баасында Чубак ажы Жалиловдун билдирүүсү жаңы кызматка киришкен президент Жээнбековго берилген белги. "Светтик нормаларды кантип сактап каларыбыз алты жылда мамлекет башчы өз саясаты менен канчалык бекемдей турганына" көз каранды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев "светтик принциптер сакталбаса, же светтик эмес, же диний эмес, арабөк мамлекетке айланарын" эскертип, келечекте "келгиле, шарияттын мыйзамдары менен жашайлы" деген сунуштар чыкса, кандай кылабыз? - деп суроо салат.

Экс-муфтийдин видеосуна байланыштуу маселе Жогорку Кеңештин жыйынында дагы көтөрүлдү. Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Аида Касымалиева коомчулуктун колдоосуна таянган аалымдын "ойлонулбаган жана жоопкерчиликсиз" билдирүүлөрү - Кыргызстандагы конституциялык түзүлүш үчүн "чоң коркунуч" деди. Эгер мамлекеттик институттар мындай билдирүүлөргө реакция кылбаса "өлкөбүздү толук өзгөртө турган прецедент жаралышы ыктымал".

Депутат белгилегендей, жарандардын көп аял алуу маселеси жөнүндө ой-пикирин билүү максатында июль айында өлкө боюнча сурамжылоо жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы кыргызстандыктардын 76% диний ишмерлердин эки же андан көп аял алууну мыйзамдаштыруу боюнча сунушуна каршы экенин көрсөткөн. 21% колдогону менен алардын көбү кызы, эже-карындашынын бирөөгө экинчи же үчүнчү аял болуусуна макул эмес.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Көп аял алуу жөнүндө маселени бийлик өкүлдөрү дагы буга чейин бир нече ирет көтөрүшкөн. Былтыр Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев көп аял алууну мыйзамдаштырууну сунуш кылса, 2007-жылы юстиция министри Марат Кайыпов Кылмыш-жаза кодексинен 153-беренени алып салуу маселесин койгон.

Укук коргоочулар тескерисинче, мыйзамды катаалдаштыруу демилгесин байма-бай көтөрүп, андан майнап чыгара албай келатышат.

Чуулгандуу билдирүүнү жарыя кылган Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийинин кызматын аркалаган. Социалдык сайттарда таасирдүү диний ишмердин Фейсбуктагы баракчасына 200 миңден ашуун, Ютуб каналында 150 миңдей киши катталган.

Түндүк Корея “эң кубаттуу” ракетасын учурду

Пхеньян режиминин мамлекеттик телеканалы "Хвасон-15" системасы - АКШнын дээрлик бардык аймагына сокку ура алат", - деп шандуу кабарлады.

Континенттер аралык ракета 4475 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, 53 мүнөттө 1000 чакырымдай аралыкка учуп, Жапон деңизине түшкөн.

1-декабрда Сеул дагы Түндүк Корея баллистикалык ракетанын жаңы түрүн сынаганын бышыктады. ​"Эгер ал ракета кадыресе багыт менен атылганда 13 миң чакырымдан ашмак. Демек бул ракета Вашингтонго жете алат деген кеп" - деди Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин өкүлү Йео Сук Жу.

АКШда жайгашкан Тынчсызданган окумуштуулардын биримдиги Пхеньяндын соңку ракетасы чындап эле 13 миң чакырым учууга же Американын аймагына жетүүгө жөндөмдүү экенин эсептеп чыгышкан. Бирок алар ракетанын тумшугу жеңил материалдан жасалганын эске алганда ал ядролук дүрмөттү алып жүрө албашы мүмкүн дешет.

29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континенттер аралык баллистикалык ракетасы.
29-ноябрда сыналган "Хвансонг-15" континенттер аралык баллистикалык ракетасы.

Пхеньяндын соңку сыноосун Улуттар Уюму, Евробиримдик жана НАТО кескин айыптап чыгышты. Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин соңку сыноодон кийин өткөн чукул жыйынында АКШнын элчиси Никки Хейли “Эгер согуш чыга турган болсо Түндүк Кореянын режими толугу менен жок кылынарын” эскертти. Америкалык дипломат Пхеньяндын башкы экономикалык өнөктөшү болгон Кытайды Түндүк Кореяга мунай сатууну толугу менен токтотууга да үндөдү.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Ким Чен Ындын режимине каршы экономикалык санкцияларын акыркы ирет быйыл сентябрда күчөткөн. Соңку ракеталык сыноодон кийин президент Дональд Трамп Түндүк Кореяга каршы “кошумча ири санкциялар” киргизилерин айтып, Пхеньяндын чагымчыл аракеттерин Кытайдын лидери Си Цзинпин менен телефон аркылуу талкуулаганын билдирди.

АКШ жана анын өнөктөштөрүнүн Түндүк Кореяга мунай сатууну толук токтотуу жөнүндөгү сунушуна Орусия менен Кытай каршы чыгып келатышат.

Кытайдын Улуттар Уюмундагы элчисинин орун басары Ву Хайтао "Коопсуздук кеңешинин Түндүк Кореяга каршы санкциялары гуманитардык жардам көргөзүү боюнча иш-чараларга терс таасир этпеши керек" деген маселени кеңештин жыйынында ортого салды.

Пхеньян Улуттар Уюмунун резолюциясына каршы келген мындай сыноолорун "АКШнын агрессиясынан коргонуу" үчүн өткөргөнүн билдирип келет. Ким Чен Ындын дарегине кескин сындарды айткан Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп соңку сыноодон кийин Пхеньян маселеси менен "алек болобуз" деп айтты.

Вашингтон буга чейин Түндүк Кореяны терроризмди колдогон мамлекеттердин тизмесине киргизген болчу.

Маалыматтарга караганда Түндүк Кореянын режими 1984-жылдан бери кеминде 115 жолу ракетасын, алты жолу өзөктүк бомбасын сынады. Ким Чен Ындын бийлиги быйыл эле жыйырмадан ашык ракетасын, анын ичинде континент аралык баллистикалык ракетасын эки сыйра учуруп, алтынчы ирет өзөктүк жардыруу да өткөргөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG