Линктер

шаршемби, 13-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 23:00

Молдо-аалымдардын мыйзамга каршы келген үгүт-чакырыктарына коомчулук жана мамлекеттик органдар катуу реакциясын билдириши керек. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы, коомдук ишмер Орозбек Молдалиев ушундай пикирин билдирди. Буга чейин мурдагы муфтий, диний аалым Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын жарыялап, башка эркектерди да шарты болсо нике жаңыртууга чакырган.

Молдалиев: Кыргызстанда эки аял алганга да, көп аял алганга да мыйзам тыюу салат. Ал үчүн эки жылга чейин жоопко тарта турган жаза бар. Чубак ажыдан мурун муну Өзбек ажы Чотонов баштаган. Мурдагы муфтий Рахматулла Эгембердиевдин да жаңжалдуу видеосу чыгып кеткенде, ал “бул менин аялым” деп билдирген. Демек, эки аялы бар экенин коомчулуктун алдында мойнуна алган. Ал муфтийликтен алынып эле, ошону менен жоопко тартылган жок.

“Азаттык”: Кылмыш кодексиндеги 153-берене, атап айтканда, эки жана андан көп аял алууга тыюу салган берене эмне үчүн иштебей келе жатат?

Молдалиев: Муну юристтер "экинчи аял алган адамдын аялдарынан арыз болушу керек же үстүнөн башкалар арызданышы керек" деп түшүндүрүшкөн. "Ошондо гана иш козголот" дешкен. Мисалы, прокуратура мыйзамдардын иштешин камсыз кылышы керек. Алар деле сунуш кылып, иш козготсо болот.

Ыйлаган аялдар же нике келишим керекпи?

Нике келишим - бул кепилдик тура. Эгер андай документ болгондо аялын буюмдай көрүп, тажаганда таштап салган эркектер саал да болсо сестенмек. Канча деген аялдар “балдарым менен кайда барам?” деп тиштенип, зордук-зомбулук көрсө да чыдап жашап жүрүшөт. Алар деле колунда ишенимдүү документ болсо, өзүнүн да, балдарынын да нервин аяп, жаман эркексиз эле өз оокатын кылмак.

“Азаттык”: Кыргызстанда молдолордон тышкары, белгилүү эле адамдардын, саясатчылардын, мамлекеттик жогорку кызматтарда отургандардын да экиден аялы бар экени айтылып жүрөт. Ушундай көрүнүштөргө коомчулуктун реакциясы кандай болушу керек? Анан аларды колдогондор да чыгып жатканын эмне менен түшүндүрөсүз?

Молдалиев: Бул мыйзамдын иштебегенинен жана коомдо моралдын төмөндөп кеткенинен болуп жатат. “Биздин ата-бабаларыбыз деле эки аял алган, алса эмне болот эле” дегенди биздин аттуу-баштуу кишилер деле айтып жүрөт. Бул маселелерге коомчулуктун реакциясы да курч болбой жатат. Колдоп койгондору да бар. Прокуратура, сот, күч органдары 153-беренени жокко чыгарышы керек же аны толук иштетиши керек. "Легендарлуу парламентте" да "бизде көп аял алгандар деле жок да" деген шылтоо менен "көп аялдуулукка каршы беренени алып эле салбайлыбы" деген көп аракеттер болгон. Бирок ал кезде дүйнөбий (светтик) мамлекетти жактоочулардын позициясы күчтүү болуп, мыйзамдагы берене алынбай калган. Бул абдан жаман үлгү көрсөткөн берене болуп турат. Ал иштебегенден кийин башка мыйзамдар да иштебейт. Коомчулуктун айыптаган сөзүн тоготпой, Крыловдун тамсилиндей болуп өз билгенин кылып жатышпайбы.

“Азаттык”: Диний аалымдардын мыйзамдарда, Конституцияда тыюу салынган иш-аракеттерге ачык чакырык таштаганы Кыргызстандын келечегине кандай таасир этиши мүмкүн?

Молдалиев: Мыйзамдарды сыйлабастык терс таасир этет. Аалымдар өздөрү мисал көрсөтүп жатат. Алар көрүнүктүү, эл карап турган кишилер. Анан аалымдарга өзүнчө, аалым эместерге өзүнчө деген мыйзам болбойт. Дүйнөбий мамлекетте бир эле мыйзам болот. Бул мыйзамдарды тоготпостук. Айрым эл өкүлдөрү да ошолорду колдоп чыгып жатышпайбы. Дүйнөбий мамлекетти жактагандар буга жакшы такат бере албай жатышат.

“Азаттык”: Эми коомчулук бул сыяктуу мыйзамга каршы келген чакырыктарга кандай жооп кайтарышы керек эле?

Молдалиев: Үлгү боло турган кишилер, аттуу-баштуу адамдар, интеллигенция өз пикирин айтышы керек. Эки же көп аялдуулук, мыйзамдарды сактоо, конституциялык укуктардын тебеленип жатканы боюнча ойлорун айтышы зарыл. Шарият боюнча жашагыдай биз ислам мамлекети эмеспиз. Дүйнөбий мамлекет өз принциптерин сакташы керек. Болбосо ал өз принциптерин жоготуп, же дүйнөбий эмес, же диний эмес, арабөк мамлекет болуп калат. Анда өлкөнүн келечеги кыйын болот. Бүгүн эки аял алууга уруксат алса, эртең башка маселелер жаралып, "келгиле, шарияттын мыйзамдары менен жашайлы" деген сунуштар чыкса, кандай кылабыз?

Мыйзамдарды сыйлабастык терс таасир этет. Аалымдар өздөрү мисал көрсөтүп жатат. Алар көрүнүктүү, эл карап турган кишилер. Анан аалымдарга өзүнчө, аалым эместерге өзүнчө деген мыйзам болбойт. Дүйнөбий мамлекетте бир эле мыйзам болот. Бул мыйзамдарды тоготпостук.

“Азаттык”: Эки аялдуулуулукту жактагандардын көбү социалдык проблемаларды негиз кылып көрсөтүп жатышат. Мисалы, "турмушка чыкпаган кыз-келиндер көп, чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгып, бактысыз болуп жатышат" деген жүйө келтирип жатышат. Сиз буга кошуласызбы?

Молдалиев: Статистика боюнча Кыргызстанда нике курагындагы кыздар, тескерисинче, эркектерге караганда азыраак. Ал эми 40-50 жаштагылардан кийин аялдардын көбүрөөк экени чын. Анан муну социалдык маселе менен түшүндүргөндө аялдардын укугу кайда калат?

Бул жерде илгерки заманды идеалдаштырган менен кыргыздардын турмушу шарияттан да катуу болгон. Байбиченин балдарына караганда токолдун балдарынын укугу төмөнүрөөк болгон. Бизде кээ бир адамдар "кыргыздарда мурда деле байбиче-токол болгон, ынтымактуу жашаган" деп жөн эле идеалдаштырып жатышат. Чын-чынында ынтымакта деле болушкан эмес. Ал маселелерде чатак деле болгон. Ошондуктан "бул социалдык маселени чечет" дегени - жөн эле шылтоо.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG