Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:06

Чубак ажынын мыйзамды аттаган никеси


Чубак ажы Жалилов
Чубак ажы Жалилов

"Кылым шамы" укук коргоо борбору экс-муфтий Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганын ачык жарыялаганы боюнча прокуратурага кайрылмай болду. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова Жалиловдун мыйзамды бузганына, башка жарандарды өзүнөн үлгү алууга үндөгөнүнө укуктук баа берилиши керек деп эсептейт.

Интернетте Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын мурдагы жетекчиси, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун экинчи никеси боюнча видео тарады.

Анда Жалилов жашы 30дан ашкан жесирге нике кыйдыртып үйлөнгөнүн ачык айткан. Келинге үйлөнгөнүн ага боору ооруганы менен түшүндүргөн. Муну менен тим калбай, башка эркектерди да өзүнөн үлгү алууга чакырган:

- Мен дагы үйлөндүм. Байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат, бирок бардыгы ордуна келет деп ойлойм. Анын капа болгонго, кызгангага акысы, укугу бар. Мен Түркияда бала багып иштеп жүргөн, жашы 30дан өткөн жесир келинге үйлөндүм. Мен "кыздарды Түркияга, Кытайга жибербегиле, ошолорду карагыла, баккыла" деп осуят айтам. Үйлөнүүгө ниетим жок эле, бирок өзүм элге үлгү болууну туура көрдүм. Мен баштабасам ким баштайт? Бардыгы сөз бойдон калбасын дедим. Кыргыздын кызын карап, багып, курсагын тойгузуп үлгү көрсөтүш үчүн үйлөндүм. Колунан келген эркектер үйлөнсүн деп айтам. Бир адамдын ырыскысы эки адамга жетет, урматтуу бир тууганым.

Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алганы социалдык тармактарда кызуу талкууланып, сынга алынып жатат. "Азаттык" радиосу Жалиловго видео боюнча кайрылганда, ал комментарий берүүдөн баш тартты. ​

Эске сала кетсек, Чубак ажы буга чейин көп аял алууга шарият жол бергени менен аны көп колдобой турганын айтып келген.

Биз азыр Чубак ажы аалым, ажы экен деп анын чакырыгына унчукпай койсок, эртең дагы башка бирөөлөр чыгат. Биз коомду бузууга жол берген болобуз.
Азиза Абдирасулова

"Кылым шамы" укук коргоо борбору экс-муфтийдин аракетин мыйзам бузуу деп эсептейт. Уюмдун жетекчиси Азиза Абдирасулова мындан улам Бишкек шаардык прокуратурасына арыз жиберилерин билдирди:

- Чубак ажы Жалилов мыйзамды бузганын моюнуна алып жатат. "Экинчи аял алдым, биринчи аялым бир аз капа болду" деди. Коомчулукка өзү ачык жарыялады. Ар бирибиз мыйзамды сыйлашыбыз керек. Мыйзамдын бузулганын билип туруп унчукпай койсок, бардыгыбыз кылмышты жашырган болуп калабыз. Биздин уюм бүгүн Бишкек шаардык прокуратурасына ошол видеону тиркеп, расмий арыз менен кайрылат. Бул жерде ал башка жигиттерди дагы "экиден аял алгандан коркпогула" деп чакырып жатат. Бул өтө коркунучтуу чакырык. Башкаларды дагы мыйзам бузууга үндөп жатат. Биз азыр Чубак ажы аалым, ажы экен деп анын чакырыгына унчукпай койсок, эртең дагы башка бирөөлөр чыгат. Биз коомду бузууга жол берген болобуз. Мыйзамда эки аял алуу деген жок, ага тыюу салынган. Кылмыш-жаза кодексинин алкагында жоопкерчилик каралган. Бул мыйзамды тоготпогондук.

Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, эки же андан көп аял алгандар, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ушул айдын башында "Мол булак" чакан насыя компаниясынын жетекчиси, ишкер Бабур Толбаевдин коомдогу аялдардын орду, көп аял алуу маселеси боюнча пикири талкуу жараткан. Ишкер "жесир же ажырашып кеткен жашы 35тен улуу аялдардын арасында "Экинчи аял болууга макул болот белең?" деген сурамжылоо жүргүзсө, ага он аялдын жетөө макул болот" деп бүтүм чыгарган. Анын мындай билдирүүсү дагы сынга кабылган.

Былтыр “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Камчыбек Жолдошбаев Кыргызстанда көп аял алууну мыйзамдаштырууну сунуш кылган болчу.

"Азаттык" радиосу Жалиловдун экинчи аял алганын ачык айтып чыкканы боюнча Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарына кайрылды. Кээ бир мырза депутаттар жооп берүүдөн сылык-сыпаа баш тартты, айрымдары пикирин так билдиргиси келбеди. Чубак ажы менен мамилесин бузуп алууну каалабасын кыйыткандар да болду.

Аида Касымалиева
Аида Касымалиева

Социал-демократтар фракциясынын депутаты Аида Касымалиева Жалиловдун аракетин кескин айыптады жана Жогорку Кеңеш буга реакция кылышы керек деп билдирди:

- Чубак ажы Жалилов "мен үйлөндүм" деп жарыялап жатпайбы. Демек ал коомчулукту "бул туура экен" дегенге көнсүн деп жатат. Ошондуктан мен муну сындайм. Биз мыйзам иштеген өлкөдө жашайбыз. Конституциябыз бар. Мен муну трибунада да айтам. Себеби, мыйзам бузулуп жатат. Экинчиден, биздин кыздар сырткы миграцияга чыгып, даараткана жууп же дагы башка оор жумуштарды кылганы үчүн экинчи аял болушу керек деген нерсе жүйө эмес. Бул жерде "мага экинчи аял болуп тий" деген эмнеге жүйө болушу керек? Бул жерде башка маселелерди чечиш керек. Ошол эле Чубак ажы экономикабызды көтөргөнгө, аялдардын укугун коргоого жардам берсе болмок. Андай маселелер экинчи аял болуу менен эле чечилбейт. Азыр "мен кыйналып жаттым эле, ушундан көрө бирөөгө экинчи аял болоюн" деген деле көрүнүш жок. Андай суроо-талап да жок. Курсакты тойгузуш үчүн экинчи аял болуунун кажети жок. Парламент мыйзам чыгаруучу, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөп туруучу орган. Мыйзам чыгаруучулар ушул жагын карап, айрыкча эркек депутаттарыбыз коркпостон ачык айтышы керек. Бизде депутат-аялдардын форуму бар. Ал жерден дагы билдирүү жасалышы керек. Бирок бул жерде жалаң эле аялдар сүйлөп атса, коом аны Чубак ажыга таарынгандай кабыл алып, маселе өтө олуттуу көрүнбөй калышы мүмкүн. Ошондуктан "мыйзам" деп сүйлөгөн эркек депутаттар өз оюн айтышы керек. Эң негизгиси - парламент реакция кылышы керек.

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Диниятчылар көп аял алууну кайра козгошту

Ушул күндөрү көп аял алуу маселеси социалдык тармактарда кайрадан кызуу талкууга түштү.

​"Мутакалим" мусулман аялдар коомунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы да Чубак ажынын чакырыгын сынга алды жана буга мыйзам күчүн көрсөтүшү керек деп билдирди:

- Чубак ажынын кылган иши туура эмес деп ойлойм. Ал уламалар кеңешинде отургандан кийин мыйзамга баш ийиши керек болчу. Туура, бул динде жазылган. Бирок бул диний лидер катары эки жакты тең бирдей алып кеткен, Конституцияга басым жасаган, саясатты, мыйзамдарды сыйлаган адам болушу керек деп ойлойм. Анын ошондой деп айтканы өтө туура эмес. Эми өзү жооп берет го. Бизде мыйзамдар, коомчулук бар. Өзүнүн ошентип "кылмыш кылдым" деп жатканы өзүнчө прецедент болуп жатат. Буга коомчулук дагы, диний аалымдар дагы баасын берип, албетте мыйзам өз баасын бериши керек. Мыйзам бузулуп жаткандан кийин мамлекет, прокуратура үн катып, мыйзам күчүн көрсөтүшү керек.

Кыргызстанда ушул тушта аялдарга жана кыздарга жасалган зомбулукка каршы 16 күндүк эл аралык өнөктүктүн алкагында бир катар иш-чаралар өтүп жатат.

Премьер-министр Сапар Исаков 27-ноябрда Бириккен Улуттар Уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн аялдардын укугуна арналган талкуусунда өзүнүн төрт кызы бар экенин жана аялдар укугунун корголушун өз көзөмөлүнө аларын билдирген. Өкмөт башчы жана анын аппараты Чубак ажы Жалиловдун соңку билдирүүсүнө байланыштуу үн ката элек.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG