Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:29

Жээнбековдун алгачкы сапарына баа


Сооронбай Жээнбеков ЖККУну саммитинде. Минск, 30-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков ЖККУну саммитинде. Минск, 30-ноябрь, 2017-жыл.

Сооронбай Жээнбековдун президент катары чет өлкөгө алгачкы иш сапары түрдүүчө талданып жатат.

Кыргыз коомчулугун эң ириде Орусия менен алака-катыш, кыргыз-казак чек арасындагы соңку кырдаал, тышкы саясаттагы багыттар өңдүү жагдайлар кызыктырып жаткан.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Москва менен Минск сапарынын эң маанилүү бөлүгү анын Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуусу, анда чек арадагы кырдаалды талкуулаганы болду.

Серепчи Бекбосун Бөрүбашев кыргыз тараптын чек арада үч тараптуу көзөмөл коюуга макул болушун расмий Бишкек Астананын дооматтарына ынаганы деп түшүндүрдү:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Бул негизинен ЕАЭБге кирген мамлекеттердин ортосунда бири-бирине ишенбестигинен келип чыккан. Айрыкча казак өкмөт башчысы бизге ачык эле ишенбестигин билдирген. "Чек арадан өткөн сан менен силер көрсөткөн сан башка, ошону ачык көрсөткүлө, силер биздин өндүрүшкө сокку уруп жатасыңар" дегендей доомат, чоң кине койгон. Бардык маселе ишенбестиктен келип чыкты. Буга биз өзүбүз да күнөөлүү болсок керек. Ал жакта коррупция бар экени көрүнүп турат. Ошол маселени өзүбүз чече албай койгонбуз. Үч тараптуу көзөмөл коюуга президентибиз макул болду, демек биз ошол маселе бар экенин мойнубузга алып жатабыз.

Кыргызстан менен Казакстандын мамилесин сынаган окуялар орун алып жаткан чакта эки өлкөнүн президенттеринин жылуу-жумшак жолугушуусу чек арадагы соңку кырдаалдан жабыркагандарга үмүт бергендей болду. Тышкы саясат боюнча эксперт Искендер Ормон уулунун пикиринде, жаңы президент жана анын командасы коңшулар менен болгон мамилени жөнгө салуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбашы керек.

Искендер Ормон уулу.
Искендер Ормон уулу.

- Жолугушууда Нурсултан Назарбаев менен Сооронбай Жээнбеков "биз кимдир-бирөөлөрдү ортомчу кылбай эле түздөн-түз байланыша алабыз, маселелерди чече алабыз, бир тууган эл катары анча-мынча маселелерибизди мындан ары чечүүгө кудуретибиз жетет" деген түшүнүктү берди деп ойлойм. Коңшу мамлекеттер менен ырааттуу жашоо дегендин алкагында жакшы кадам болду. Экинчи жагынан региондо ошондой да тенденция бар. Айрыкча Өзбекстан жанданып жаткан учуру. Кошуналар менен абдан тыгыз байланышып жатат. Тышкы мамилелерди болуп көрбөгөндөй бекемдеп жатат. Ошол эле учурда региондогу жазылбаган "лидер өлкө" макамын алуу аракеттери кызыганы да байкалат. Ушул атаандаштыкта Өзбекстан менен Казакстан лидер өлкө болууга кызыкчылыгы бар экенин көрсөтүп келген. Азыр кызыкчылыктар менен күтүүлөр дал келди окшойт деп ойлойм. Ошол дал келүүчүлүктү жакшы алып кетүү президенттин тышкы иштер жагын караган командасынын чеберчилигин, жөндөмдүүлүгүн талап кылат. Бул жерде соодалашуу болорун эстен чыгарбашыбыз керек. Ошол соодалашуу маалында өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн, ырааттуу мамиле болушу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалышы керек деп эсептейм.

Мындай пикирге мурунку тышкы иштер министри, коомдук ишмер Аликбек Жекшенкулов да кошулат. Ал президент Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатты иреттеши керек деп эсептейт.

Аликбек Жекшенкулов.
Аликбек Жекшенкулов.

- Бул сапарда башка мамлекеттин жетекчилери кыргыз элине, кыргыз мамлекетине болгон мамилесин көрсөттү. Сооронбай Жээнбеков жөнөкөйлүгү менен ишенимге ээ болгондой сезилди. Биринчи жолугушуулар жакшы өттү деп айтсак болот. Бирок тышкы иштер боюнча системаны өзү аныкташы керек. Буга чейин катачылыктар болуп келген. Ошонун кесепетинен Казакстан, Түркия, дагы башка мамлекеттер менен мамиледе кыйынчылыктар жаралды. Соңку жылдары тышкы иштер боюнча чечим кабыл алуу, билдирүү жасоо бир системага түшпөй, башаламан болуп кеткен. Эгер Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатты оңдойм, натыйжалуу кылам, улуттук кызыкчылыкка пайда алып келем десе анда тышкы саясаттын системасын кайрадан тактап, аныктап чыгышы керек. Тышкы саясат боюнча алдыда президенттин, өкмөттүн алдында абдан чоң жумуш турат. Жаңы президент келгенде, жаңы баракча ачылгандай ишеним пайда болот. Эми кеткен кишини жамандабай эле коеюн, бирок буга чейин тышкы дагы, ички дагы саясатта "өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем" дегендей мамиле болгон. Азыр болсо жалпы кыргыз мамлекетинин имиджин оңдогонго жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

Анткен менен саясат таануучу Даниел Кадырбековдун баамында президенттин бул сапары тышкы саясаттагы чоң өзгөрүүлөр болоорун көрсөткөн жок:

- Регионалдык таасири азайып бара жаткан, эл аралык изоляцияда жүргөн, безери мамлекет менен стратегиялык өнөктөштүк кылганы буга чейинки вассалдык, көз карандылык макамыбызды дагы деле улантып, тышкы жана ички саясатта түзүмдүк өзгөрүүлөр болбой турганын далилдеди. Авторитардик мамлекеттердин союзу саясий-экономикалык уюмга же бирикмеге айланышы мүмкүн эмес. Мындай учурда маселелер улуттук кызыкчылыктын алкагында чечилбейт. Бул жерде бийликте турган чакан топтун кадыр-баркын, кызыкчылыгын сакташ үчүн ушундай жасалма союздар түзүлөт. Биздин өлкөнү агромаданий чөлкөмгө айланткан жол менен эле кетип жатабыз. Биз колониалдык ресурс эле болуп калышыбыз мүмкүн. Азыр дүйнө жаңы технология, жаңы кызмат көрсөтүүгө өтүп атса биз илгерки агромаданиятка, чийки затка негизделген экономикага өтүп жатабыз. Бул эч качан экономиканын дүркүрөп өсүшүнө алып келбейт. Ошондуктан прогресс күтүүнүн кереги жок. Кардар мамлекет катары, ар кандай грант, насыя алып ар кандай пиар кылышы мүмкүн. Бирок мисалы жакыныраак турган Грузия мамлекетиндегидей болуп өзгөрүүгө багыт ала элекпиз.

Сооронбай Жээнбековдун чет өлкөгө чыккан алгачкы иш сапарында анын жолугушуулары эле эмес, өзүн алып жүргөнү, сүйлөгөнү, кийингени да талданды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG