Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:40

Кыргыз-казак чек арасында абал өзгөрө элек


Нурсултан Назарбаев менен Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында. 30-ноябрь, 2017-жыл.
Нурсултан Назарбаев менен Сооронбай Жээнбеков Минск шаарында. 30-ноябрь, 2017-жыл.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасындагы абал өзгөрө элек. Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына ылайык "Ак тилек" өткөрүү пунктунда 500дөн ашуун, "Чоң Капкада" 100гө жакын жүк машинелери турат. Башка өткөрүү пункттарында тыгын жок.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 8-октябрда казак мамлекет башчысын шайлоонун алдында "Бишкектин ички ишине аралашып жатат" деген негизде сындаган. Казак тарап чек арадагы көзөмөлдү 10-октябрдан тартып күчөткөн. Астана муну Кыргызстандагы шайлоого байланыштырып, кийинчерээк Бишкек бажы тармагындагы алешемдиктерди жоймоюнча катаал тартип сакталып турарын билдирген.

30-ноябрда Минскте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынын алкагында Кыргызстандын жаңы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жолугушкан.

Назарбаев эки ортодо пайда болгон пикир келишпестиктер буга чейин иштелип чыккан "жол картасынын" негизинде жөнгө салынарын билдирип, кыргыз делегациясы бүгүн-эртең ушул маселе боюнча Астанага барарын айткан.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы "жол картасы" боюнча делегация кеткен-кетпегени боюнча азырынча комментарий берилбей турганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG