Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:40

Кыргыз-казак чек арасына үч тараптуу көзөмөл коюлат


Минскте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынынын алкагында Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жолугушту.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековду президенттикке шайланышы менен куттуктап, аны Казакстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырды. Ал эки элдин ортосундагы бир туугандык жана кошуналык мамилени калыбына келтирүү зарыл экенин белгиледи. Андан кийин эки президент кыргыз-казак чек арасындагы маселелерди чечүүнүн жолдорун өздөрүнчө жабык талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча президенттер сыртка чыгып, кыскача маалымат беришти. Нурсултан Назарбаев эки ортодо пайда болгон пикир келишпестиктер буга чейин иштелип чыккан "жол картасынын" негизинде жөнгө салынарын билдирди.

Назарбаев Жээнбековду Астанага чакырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев чек арадагы чектөөлөр алынарын, бирок анда жүктөрдү текшерип өткөрө турган көзөмөл орнотула турганын билдирди:

- Чек арадагы жагдай эмне үчүн болгонун баарыбыз билебиз. Ошондуктан биз мындай деп келиштик: эки өкмөт келишкен "Жол картасы" бар. Ошол "Жол картасын" карап чыгуу үчүн эртең-бүрсүгүнү өкмөттүк топ Казакстанга келет, биздин топ менен чогуу отурат дагы, ошого кол коет. Ошондон кийин биз чек араны убактылуу ачабыз да, бирок анда эки жактан тең көзөмөл орнотобуз - Кыргызстандан да, Казакстандан да, ЕАЭБден - үч киши ар бир жүктү карап, бирок өткөрө бере турган болду. Ошондой ишти биз Кытай менен болгон чек арада да жасайбыз. Жаңы шайланган Кыргызстандын президентин мен Казакстанга расмий иш сапары менен келүүгө чакырам. Ошол келишинде биз бардык башка маселелерди артка калтырып, кыргыз-казак ортосундагы жагдайды түздөй турган болуп келиштик.

Бирок Нурсултан Назарбаевдин кыргыз-казак чек арасынан өтө турган жүктөргө көзөмөл коюла турганы боюнча айтканы түшүнүксүз бойдон калды. Анткени бул эки өлкө тең ЕАЭБге мүчө болгондуктан бажы көзөмөлү алып салынган. Ал эми бажы көзөмөлүн кайрадан киргизүү биримдиктин башкы жобосуна каршы келерин адистер буга чейин эле айтып келишкен.

Бажы көзөмөлү кайтып келеби?

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков көзөмөл коюу жагы макулдашылганын ырастап, ал үч тараптуу шартта ишке аша турганын кошумчалады:

- Биз болгон проблемалар боюнча көп нерсени сүйлөштүк. Биз бир чечимге келдик. "Жол картасы" бар, ал боюнча эки өкмөт азыр иштеп жатат. Ошону декабрь айынын ичинде аягына чыгарабыз. Аны аягына чыгарып койгондон кийин көп маселе чечилет. Чек арага ЕАЭБ, казак, кыргыз - үч тараптан көзөмөл коймой болдук. Эми ал маселелердин баары чечиле турган маселелер. Көп маселелер бар эки тараптан, мунун баарын чечебиз.

Ошол эле учурда адистер биримдикке кирген мамлекеттердин чек араларында бажы көзөмөлүн орнотуу үчүн анын жобосуна өзгөртүү кириши керек экенин айтышууда. Анткен менен казак президентинин күйөө баласы Тимур Кулибаев Астанадагы ишкерлердин улуттук палатасында чек ара жана бажы көзөмөлүн бизнеске ыңгайлаштыруу маселесин көтөрүп, учурдагы кыргыз-казак чек арасындагы түзүлгөн кырдаал үчүн премьер-министр Сагинтаевди сындаганын казак маалымат агенттиктери жазып чыгышты.

Мындан тышкары 30-ноябрда Бишкек-Астана видео-көпүрөсү аркылуу эки тараптын эксперттери кыргыз-казак мамилесин жөнгө салуунун жолдорун талкуулашты. Анда чек арадагы жасалма бөгөттөрдү жоготуп, чыңалууну басаңдатуу маселеси көтөрүлдү.

Бул үчүн ЕАЭБ сыяктуу үчүнчү тараптын кийлигишүүсү керекпи деген суроо коюлду. Талкуунун катышуучуларынын бири, эксперт Жумакадыр Акенеев бул маселе ортомчулары жок чечилүүгө тийиш экенин билдирди:

- Эки мамлекеттин ортосунда эч кандай чечилбей турган келишпестик жок. Болгону жасалма түзүлгөн тоскоолдуктан улам келип чыккан маселелер гана пайда болду. Ошондуктан ар кандай шылтоолорду айтууну токтотуп, сүйлөшүү жүргүзүшүбүз керек экенин эки тарап тең баса белгиледик. Ортодогу маселелерди чечүү максатында үчүнчү бир тараптарды кийлигиштирбей эле, ага эч кимди аралаштырбай туруп эле эки тарап маңдай-тескей отуруп кырдаалды жөнгө сала ала турганыбызды айттык. Биз коңшубуз, бир тууган элбиз. Эч кандай ортомчуларсыз эле өз ара тил табыша аларыбызды көргөзүшүбүз керек экенин белгиледик.

Мындан тышкары кыргыз жана казак президенттеринин Минсктеги кезексиз жолугушуусунда эки тараптын өкмөт өкүлдөрү буга чейин каралган "Жол картасын" аягына чыгарып, кырдаалды жөнгө салуу чараларын иштеп чыгыш үчүн жакын арада жолугуша турганы жарыяланды.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев менен сүйлөшүүгө даяр экенин 29-ноябрь күнү Москвадагы иш сапарында билдирген. Ага чейин президенттик аппараттан Минсктеги ЖККУнун жыйынынын алкагында эки тараптуу жолугушуу каралбаганы кабарланган болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG