Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:49

Жаңырган Баш мыйзам өкмөт өксүгүн толуктайбы?


Жогорку Кеңештеги Конституция. 8-ноябрь, 2016-жыл.
Жогорку Кеңештеги Конституция. 8-ноябрь, 2016-жыл.

Былтыр өзгөртүү киргизилген Конституциянын негизги беш беренеси 1-декабрдан тарта күчүнө кирди.

Алар негизинен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн ыйгарым укуктарына багытталган 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелер. Бийлик өкүлдөрү бул беренелер өлкөдө парламентаризмди өнүктүрүп, өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтип, Жогорку Кеңештеги туруктуулукту камсыз кылат деп ишендирип келишет.

Маселен, бүгүнтөн тарта күчүнө кирген 70-берене парламенттеги фракциялардын көпчүлүк коалициядан чыгуу тартибин аныктайт. Башкача айтканда, мындан ары Жогорку Кеңештеги фракциялардын бири коалициядан чыгууну кааласа, фракция мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушун топтошу керек болот.

Ошондой эле фракция атайын токтом кабыл алып, ага коалициядан чыгууга добуш берген ар бир депутат кол коёт.

Мындай өзгөртүү Жогорку Кеңештеги коалициянын жана өкмөттүн туруктуулугун камсыз кыларын бийликчил КСДП фракциянын депутаты Айнуру Алтыбаева "Азаттыкка" айтып берди:

Айнуру Алтыбаева.
Айнуру Алтыбаева.

- Мурда көпчүлүк коалицияны бузганга фракциянын лидери эки-үч кызыкчылыгы бар депутаты менен эле киришип, "чыгып кеттик" деп айтып койчу. Ошон үчүн мурдагы чакырылыштагы парламентте беш жолу коалиция бузулуп, кайра куралды. Эми болсо фракция коалициядан чыгууну кааласа, сөзсүз андагы депутаттардын үчтөн экиси добуш бериши керек болот. Башкача айтканда, бул туруктуулукка багытталган ченем. Эгер коалиция туруктуу болсо өкмөт да туруктуу иштейт. Өкмөт туруктуу иштесе өлкөдөгү туруктуулукка оң таасир тийгизет.

Парламенттин ыйгарым укуктарына байланыштуу күчүнө кирген дагы бир өзгөртүү 75-беренеде камтылган. Анда коалиция бузулуп, кайра түзүлгөн соң Жогорку Кеңештин төрагасы кайрадан депутаттардын сынынан өтөт. Тактап айтканда, депутаттардын жарымынан көбү парламент төрагасы өз ишин улантышына уруксат бериши керек. Бул болсо коалициянын тарабашына спикердин кызыкчылыгы болот деген сөз.

Ал эми Баш мыйзамдын 72-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана добуш берүү укугу сакталат.

Дал ушул укуктан пайдаланып, учурда бош турган биринчи вице-премьерлик кызматка азыркы депутаттардын бири дайындалары белгилүү болду. Муну премьер-министр Сапар Исаков да ырастады. Өкмөттөгү булактардын айтымында, бул кызматка "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевдин талапкерлиги каралууда.

Конституция коалициянын ыркын кетирди

Конституция коалициянын ыркын кетирди.

Парламенттин шаршемби күнкү жыйыны адаттан тыш кызуу талаш-тартыш менен башталып, коалициядагы фракциялар бири-бирин андан чыгып кетүүгө чакырганга чейин барышты.

Күчүнө кирген 81-берене боюнча премьер-министр бюджетке, салыктарга байланыштуу мыйзамдарга кол койбоого президентти үндөп, кайрыла алат. Же болбосо өкмөт башчынын мыйзамга вето коюу укугу пайда болот.

Ал эми 87-беренеге ылайык, өкмөт башчы жумуштан алууну сунуш кылган министрди президент бошотпосо, көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешип, өзү кызматтан кетире алат.

Саясат таануучу Алмазбек Акматалиев мындай өзгөрүүлөр өкмөттүн жана өкмөт башчынын укуругун узартып, укуктарын кеңейтет деп эсептейт:

- Премьер менен биринчи вице-премьер депутаттыкка шайланса, мандатты сактап калып жатат. Бул дүйнөлүк практикадан алынган жакшы өзгөрүү. Андан башка беренелер боюнча да премьер-министрдин ролу күчөп жатат. Мисалы, ар кандай популисттик мыйзамдарга кол койбоого премьер президентти чакыра алат. Менин пикиримде, бул өзгөрүүлөр парламентаризмди өнүктүрүү үчүн абдан маанилүү болуп жатат.

Ошентип, коомчулук менен саясий чөйрөдө катуу талкуу жаратып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди апрель ыңкылабындагы үзөңгүлөштөрү менен мамилесин бузууга негиз болгон Баш мыйзамга өзгөртүүлөр толугу менен күчүнө кирди. Ал референдумга жалпы шайлоочулардын 42 пайызы катышып, 79 пайыздан ашыгы Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөрдү колдоду деп табылган эле. Бирок азыркы саясий кырдаалда бул толуктоолор канчалык күчкө ээ болот жана канчалык өзгөрүүлөрдү алып келет деген суроо жаралууда.

Юридика илимдеринин доктору Бекбосун Бөрүбашевдин пикиринде, Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр мурдагы кемчиликтерди жойгону менен президент менен премьер-министр ортосундагы атаандаштыкты күчөтүшү мүмкүн:

Бекбосун Бөрүбашев.
Бекбосун Бөрүбашев.

- Бул жерде эки жактан карасак болот. Бизде экономикалык блокко өкмөт жооп берет. Ал айрым мыйзамдар боюнча пикирин билдиргени туура эле. Бирок ошол эле учурда эл шайлаган президенттин ыйгарым укуктары бар. Бул жагынан келечекте президент менен премьер ынтымакка келе албаса, тил табыша албаса экөөнүн ортосундагы карама-каршылыкка жол ачып коюп жатабыз.

Ал эми Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова Баш мыйзам парламентаризмди өнүктүрүүгө багытталды деген менен учурдагы парламент өз укуктарын толугу менен колдонбой, президент менен өкмөттүн "кол баласы" ролунан чыга албай жатат деди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

- "Парламентаризмге баратабыз" деп айтуу кыйын. Себеби парламентаризмдин өнүгүшүнө негизги өбөлгө - партиялардын өнүгүшү. Толук жарамдуу партиялар, алардын ортосунда атаандаштык болмоюнча парламентаризм болбойт. Азыркы учурда парламенттеги алты фракцияны алып көрсөк бийлик бир гана социал-демократтарда болуп калды. Калгандары алсырап, атайын алсыратуу аракети болду. Учурда партия эмес, толук жарамдуу фракция жок кезде өзгөрүштү күтүү кыйын.

Кыргызстан парламентаризмге багыт алганы 2010-жылдагы апрель ыңкылабынан соң жарыяланган. Бирок иш жүзүндө бул өзгөрүү иштебей, акыркы алты жылда президент чечүүчү фигура айланган эле.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликтен кетерде "өлкө толугу менен парламентаризмге өтүшү керек" деген позициясын бир нече жолу билдирген. Ал эми жаңы президент Сооронбай Жээнбеков бул боюнча мурунку көчтү улантууга байма-бай убада берип келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG