Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 09:24

1-декабрдан тартып Конституцияга ылайык өкмөт башчы менен Жогорку Кеңештин бир катар ыйгарым укуктары күчүнө кирди.

Мындан ары президенттин башка бийлик бутактарына үстөмдүгү азаябы? Бийлик бутактары өз алдынчалыкка ээ болуп, алардын ортосундагы тең салмактуулукка жетиштикпи?

Дегеле Конституцияга киргизилген акыркы өзгөртүүлөр парламенттик системаны калыптандырууга өбөлгө боло алабы? “Арай көз чарай” берүүбүзгө Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Абдувахап Нурбаев жана Кыргызстандын мурдагы юстиция министри Марат Кайыпов катышты.

“Азаттык”: Урматтуу эксперттер, бүгүнкү кебибиздин төркүнү 1-декабрда күчүнө кире турган Жогорку Кеңештин жана өкмөт башчынын ыйгарым укуктарына байланыштуу беш берене жөнүндө болмокчу.

Биринчи - Баш мыйзамдын 70-беренесинин 3-пунктунда “парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынын коалициядан чыгуу жөнүндө чечими фракция депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен фракция тарабынан кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциянын коалициядан чыгыш үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коёт” деп айтылат. Бул жобо коалициянын туруктуулугун, фракциялардын өз алдынчалыгын канчалык камсыз кыла алат деп ойлосуздар?

Эми фракциядан чыгуу дагы оңой эмес болот. Азыр фракциялар бөлүнүп-жарылып жатышпайбы.
Абдувахап Нурбаев

Абдувахап Нурбаев: Биринчиден, бул жобо биздин парламентаризмди өнүктүрүү максатыбызга шайкеш келет. Ал фракция ичиндеги биримдикти күчөтөт жана ар бир депутаттын жоопкерчилигин арттырат деп ойлойм. Экинчиден, эми фракциядан чыгуу дагы оңой эмес болот. Азыр фракциялар бөлүнүп-жарылып жатышпайбы.

Марат Кайыпов: Биздин мамлекеттин түзүлүшү там-туң баскан жаш баладай. Биз "2010-жылдан бери парламенттик башкарууга өттүк" деп келатабыз. Бирок бизде парламенттиктин анча-мынча нерселери эле алынган.

Ушул берене дагы парламенттик бийликти калыбына келтирүүгө багытталган анча-мынча аракеттердин бири. "Фракциялар бат эле таркап кетпесин" деген ойдо ушул берене киргизилген. Чет өлкөлөрдө тажрыйбалар бар. Орусиянын Мамдумасындагы “Единая Россия” фракциясынын аракети буга далил. Алар керек болсо бийликтеги фракцияларга, партияларга бюджеттен акча бөлө баштады. Бизде андайдын жыты да жок. Каалайбызбы же каалабайбызбы, бул мыйзам ченемдүү маселе.

Ар бир мамлекетте бийликтеги фракция, партия бийлигин сактап калгысы келет. Бул бийликтин фракциясын күчтөндүрүү аракетинин бир көрүнүшү. Үчтөн эки добушту бир фракциядан алыш оңой эмес. Ар биринен кол койдуруп көрүңүзчү, депутаттар кол койгондон да чочушат.

“Азаттык”: Экинчи маселе. Конституциянын 72-беренесинеги “Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна депутаттык мандатын жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугун сактоо менен дайындалышы мүмкүн” деп айтылган жобо аткаруу жана мыйзам чыгаруучу бийликтердин ортосуна карама-каршылыктарды алып келбейби?

Абдувахап Нурбаев: Мен андай деп ойлобойм. Эгер депутаттардын ичинен премьер-министр же биринчи орун басар чыгып калса, эки бийликтин ортосунда көпүрө эле боло алат деген үмүт бар. Депутаттардын ичинде, мисалы, экономиканы түшүнгөн, "өкмөттө иштейт элем" деген кыйындар көп. Бул жобо колдонууга кирсе ошол депутаттар коркпой өкмөткө барып иштейт эле. Мындан тышкары, өкмөт азыркыдай бат-бат алмаша бербей, туруктуу иштегенге да шарт түзүлөт эле. Өкмөткө барган ал депутаттын парламенттеги колдоосу да көп маселелерди чечүүгө жакшы өбөлгө түзмөк.

“Азаттык”: Кечээ өкмөт башчы Сапар Исаков "биринчи вице-премьер-министр ким болору 1-декабрдан кийин чечилет, ал депутат" деди. Эгер коомчулукта айтылып жаткан Аскар Шадиев болуп калса бир эле учурда өкмөт мүчөсү жана депутат болобу? Бир эле учурда эки бийликте отурган дүйнөдө тажрыйба барбы, ал канчалык өзүн актаган?

Элдин добушун алып келип депутат болгон адам эң негизги ишин өкмөт аркылуу жүргүзөт. Элге берген убадаларын аткаруу бийлиги аркылуу ишке ашыра алат.
Марат Кайыпов

Марат Кайыпов: Бул дагы парламентаризмге шилтенген жарым кадам. Мен Жапонияда болдум, ал парламенттик монархия тибиндеги мамлекет. Мен ал жакка барганда, алардын юстиция министри мени менен жолугушууга шашып-бушуп парламенттен келди. “Силер эмне үчүн депутаттык мандатыңарды тапшырбайсыңар?” деп сурадым. “Биздин партия парламенттик шайлоодо жеңип, өкмөттү курап жатса эмне үчүн депутаттык мандатты тапшырышым керек? Мен өкмөттөгү маселелеримди парламентке барып өткөрөм” дейт. Мындай тажрыйба Европанын, Азиянын бир топ өлкөлөрүндө бар.

Депутаттыктан министр болуп барган министрлер депутаттык мандатын сактап калышат. Эмне себептен мындай системаны киргизишет? Элдин добушун алып келип депутат болгон адам эң негизги ишин өкмөт аркылуу жүргүзөт. Элге берген убадаларын аткаруу бийлиги аркылуу ишке ашыра алат. "Парламентаризмге багытталган жарым кадам" дегеним – азырынча бир эле учурда парламентте, өкмөттө болуу укугу эки эле кишиге: премьер-министрге жана биринчи вице-премьер-министрге гана берилип жатат. Анын ички жоболору башка, жаңы мыйзамдар аркылуу аныкталышы керек.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Баш мыйзам: парламенттин күчү
please wait

No media source currently available

0:00 0:23:13 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG