Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:24

Конституциянын айрым беренелери бүгүндөн тартып күчүнө кирет


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

2016-жылы 11-декабрдагы референдумдан кийин кабыл алынган Конституциянын 70, 72, 75, 81 жана 87-беренелери 1-декабрдан баштап күчүнө кирет.

Башмыйзамдын 70-беренесиндеги жаңы өзгөртүүгө ылайык, парламенттик көпчүлүктөгү фракциялардын андан чыгуу боюнча чечими фракциянын депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес добушу менен гана кабыл алынат. Фракциянын чечими анын токтому менен таризделет жана фракциянын чыгышы үчүн добуш берген ар бир мүчөсү ага кол коёт.

75-беренедеги өзгөртүү боюнча, коалициянын парламенттик көпчүлүк статусун жоготушу Жогорку Кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарын депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ырастоо зарылдыгын жаратат.

72-беренеге ылайык, Жогорку Кеңештин депутаты премьер-министрдин же биринчи вице-премьер-министрдин кызмат ордуна дайындалса, депутаттык мандаты жана Жогорку Кеңештин пленардык жыйындарында добуш берүү укугу сакталат.

81-беренеге ылайык, бюджет, салыктарга байланыштуу мыйзамдар боюнча премьер-министр аны кол койбостон арка кайтарууну өтүнүп президентке кайрыла алат.

87-берене боюнча, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи жыйыны болгон күндөн тартып өкмөт кызматтан кетти деп эсептелет. Ошондой эле премьер-министр жумуштан бошотууну сунуш кылган өкмөт мүчөсүн беш жумушчу күндүн ичинде президент ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө жарлык чыгарбаса, өкмөт башчы парламенттеги көпчүлүк фракция лидерлери менен кеңешкенден кийин аны өз чечими менен бошотууга укуктуу болот.

Расмий бийлик өкүлдөрү Башмыйзамдагы бул өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн ыйгарым укуктарын кеңейтип, парламентаризмдин өнүгүшүнө шарт түзөт деп ишендиришүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG