Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

Дубнов: Кремл Жээнбековдун кадамын сынайт


Аркадий Дубнов.
Аркадий Дубнов.

Кремлди "Кыргызстандын жаңы президенти Сооронбай Жээнбеков өз алдынча чечим кабыл ала алабы?" деген суроо кызыктырат. Бул тууралуу Москвадагы Борбор Азия боюнча талдоочу Аркадий Дубнов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

“Азаттык”: Аркадий Юрьевич, сиздин баамыңызда Кыргызстандын жаңы президенти алгачкы чет өлкөлүк иш сапарын эмне үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнөн эмес, Орусиядан баштамак болду? Бул эмнеден кабар берет?

Аркадий Дубнов: Бул Кыргызстандын тышкы саясатында Орусия үстөмдүк кыларын көрсөтүп турат. Өзбекстандын жаңы президенти Мирзиёевдин тышкы саясат боюнча концепциясынын негизги пункту регионго багытталган эле.

Анда аймактагы кызматташтыкты жана интеграцияны бекемдөөгө маани берилип, керек болсо региондун лидерине айланууга басым жасалган болсо, Кыргызстандын жаңы президентинин приоритеттери башкача. Эмне үчүн экенин түшүнсө болот.

Себеби Кыргызстандын эгемен өлкө катары жашап кетиши биринчи кезекте Орусияга жана Кытайга көз каранды. Коңшуларга эмес, биринчи кезекте Орусияга...

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учур. 28-февраль, 2017-жыл.
Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учур. 28-февраль, 2017-жыл.

“Азаттык”: Кремлге бул визит эмне берет? Москва үчүн бул сапар эмнеси менен маанилүү?

Аркадий Дубнов: Менимче, Кремл төртүнчү президент Атамбаев кызматтан кеткенден кийин Кыргызстандын бешинчи президенти менен мамлекет башчысы катары таанышууга үмүттөнөт. Жээнбековдун өз алдынча чечим кабыл ала аларын, бардык өнөктөштөрү менен жакшы мамиле түзүүгө дилгир экенин билгиси келет.

Ошондой эле коңшулары менен, биринчи кезекте Казакстан менен кризистик жагдайларды чечүүгө даярбы дегенге да кызыгат. Себеби андан, менин көз карашымда, Борбор Азияда дээрлик иштебей жаткан Евразия экономикалык биримдигинин тагдыры көз каранды.

“Азаттык”: Айтмакчы, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы жагдайды жөнгө салууда Орусия кандай роль ойной алат?

Аркадий Дубнов: Сырттан караган, жакшылык каалаган, кризистин чечилишине кызыкчылыгы бар байкоочунун ролу. Бул - Орусия коңшулаш жана бир тууган эки мамлекеттин талашына кийлигишүүгө зарылчылык жок деп эсептей тургандыгын айгинелеп турат. Анын кийлигишүүсү тигил өлкөдө да, бул өлкөдө да жакшы кабыл алынбай калышы мүмкүн деп ойлойт.

Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен инаугурация күнүндө, Бишкек, 24-ноябрь 2017-жыл.
Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен инаугурация күнүндө, Бишкек, 24-ноябрь 2017-жыл.

“Азаттык”: Кандай дейсиз, Кремлде Кыргызстандын жаңы президенти кандай адам экендигине байланыштуу бир пикир түзүлгөнбү? Же бул иш сапарынан кийин аныкталабы?

Аркадий Дубнов: Кремлде жаңы президент жөнүндө бир образ түзүлгөн деп ойлобойм. Бул иш сапарынан кийин деле түзүлө калат деп да күтпөйм. Себеби ал өзүн көз каранды эмес жетекчи катары көрсөтүшү үчүн сөздөр жетиштүү эмес. Кандайдыр бир кыймыл-аракеттер, кадамдар жасалышы керек. Азырынча бизге маалым болгон жалгыз кадамы - мурдагы президентке “Кыргызстандын баатыры” орденин тапшыруу болгонун эске алганда, бул тууралуу сөз кылууга эрте.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG