Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 17:19

Жээнбеков алгач Путинге жолугат


Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан учур. 28-февраль, 2017-жыл.

Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы сапарын Орусиядан баштайт. Москвага иш сапар менен барып, андан соң Беларустун борбору Минскидеги ЖККУ жыйынына катышат. Президент буга чейин Кыргызстандын тышкы саясаттагы негизги өнөктөшү катары Орусияны атап, ага артыкчылык берерин билдирген. Жаңы президенттин тышкы саясаттагы багыттары кандай болот?

Жаңыдан ишке кирген президент Сооронбай Жээнбеков алгачкы чет өлкөлүк иш сапарын Орусиядан баштайт. Бул тууралуу президенттин аппараты шейшембиде жарыялады.

29-ноябрда башталчу сапардын жүрүшүндө президент Жээнбеков Орусиянын жетекчилери менен жолугуп, анда эки тараптуу мамиле талкууланат.

Өткөн аптанын соңунда ант берүү аземинде Сооронбай Жээнбеков тышкы саясатта мурдагы курсту улантарын жарыя кылган. Тактап айтканда, жаңы президент тышкы саясатта алгач Орусия менен алакага маани берерин белгилеген:

Сооронбай Жээнбеков инаугурация учурунда. 24-ноябрь, 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбеков инаугурация учурунда. 24-ноябрь, 2017-жыл.

- Орусия Федерациясы менен стратегилык өнөктөштүк бекемделип, салтка айланган достук мамиле өнүктүрүлөт. Кытай Эл Республикасы менен стратегиялык өнөктөштүк жана коңшулук мамиле тереңдетилет. Борбор Азия өлкөлөрү менен алака бир нече кылымга созулган бир туугандык жана достук, жалпы тарых, маданиятка негизделет.

Мындан сырткары Жээнбеков Европа Биримдиги, Түркия жана АКШ менен мамиле курарын кошумчалаган.

Жээнбеков Орусия менен алакага өзгөчө маани берерин президент катары алгач маек берген орусиялык "Итар-ТАСС" агенттигине кайталаган.

Эми Москва менен алакасын бекемдөө боюнча убадасына туруп, алгачкы сапарын ушул өлкөдөн баштаганы жатат.

Андан соң өлкө башчысы Беларустун борбору Минскиде өтчү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун жыйынына катышат.

Эксперттер Жээнбеков алгачкы сапарын Орусиядан баштары мурдатан эле белгилүү болгонун, андан тышкы саясат боюнча өтө чоң деле өзгөрүү күтүшпөгөнүн айтышууда.

Ошентсе да, Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси, дипломат Болот Жунусов Жээнбековдун алгачкы кадамдарына эл аралык өнөктөштөр көз салып турганын белгиледи:

Болот Жунусов, Орусиядагы Кыргызстандын мурдагы элчиси. 24-сентябрь, 2012-жыл.
Болот Жунусов, Орусиядагы Кыргызстандын мурдагы элчиси. 24-сентябрь, 2012-жыл.

- Тышкы саясатта жаңы курс болот деп күтүүгө деле негиз жок. Анткени Кыргызстандай чакан өлкөлөрдүн тышкы саясаттагы мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Бирок тышкы өнөктөштөрүбүз биздин ички абалды абдан талдап жатышат. Алар "Жаңы келген президент көз каранды эмес саясий фигурабы же мурдагы жамаат коюп койгон бирөөбү?" деген суроого ишарат күтүүдө. Экинчи вариант болсо, Казакстан менен Түркияга "мурдагы президенттин көлөкөсүнөн чыкпайт" деген өзгөчө мамиле болот. Эгер өз алдынча саясат жүргүзөм десе, анда жаңы кадамдарды күтсөк болмок.

Жунусов Сооронбай Жээнбеков сабаттуу тышкы саясат жүргүзүү үчүн тажрыйбалуу кеңешчилерди жанына топтошу керектигин кошумчалады.

Ал арада "Жаңы президенттин ишке кириши менен акыркы учурда Кыргызстандын мамилеси солгундап кеткен Казакстан, Түркия сыяктуу өлкөлөр менен алака жакшырабы?" деген суроо коюлууда.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары Каныбек Иманалиев Казакстан менен мамилени оңдоо президент Жээнбековдун алдында турган негизги милдет экенин белгиледи:

Депутат Каныбек Иманалиев.
Депутат Каныбек Иманалиев.

- Президенттин негизги милдеттеринин бири - Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо. Анда эң негизинен коңшу мамлекеттер, соода өнөктөштөрү, эл аралык уюмдар менен жигердүү иштешүү зарыл. Азыр адегенде Казакстан менен чек арадагы маселени чечүү керек болуп турат.

Азыр чек арадан 500 унаа өтө албай, айыл чарба азыктары кирбей калды. Казакстан өзүнө алган милдеттенмелерди аткарбай жатат. Тышкы саясаттагы ишин ушундан башташы керек. Маселен, Минскиде өткөн ЖККУ жыйынында расмий түрдө бул маселе каралбаса да, коңшу өлкөнүн башчысы менен жекече, сырдана жолугушууда талкууланышы керек.

Соңку 1,5 айдан бери Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамиле бузулуп, чек арадан казак тарапка өтүү кыйындады. Казак тарап мындай чараны Кыргызстан аткезчиликти тыйбаганы менен түшүндүргөн.

Бирок чек ара кризисинин чыныгы себеби катары 8-октябрда өлкөнүн экс-президенти Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигин сындаганы айтылып жүрөт.

Беларустагы ЖККУ саммитинде Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин өзүнчө жолугушуусу каралбаганын Жээнбековдун аппараты кабарлады.

Ал эми парламенттин эл аралык комитетинин дагы бир мүчөсү Абдывахап Нурбаев учурдагы абалды эске алганда да, өлкө көп багыттуу саясатка кайтса оң болмок деген пикирде:

Депутат Абдувахап Нурбаев
Депутат Абдувахап Нурбаев

- Жээнбеков ант берүү аземинде Орусия меннен катар эле Евробиримдик, АКШ, Түркия жана башка өлкөлөр менен мамилеге маани берерин айтты. Бул жакшы белги. Көп багыттуу саясатка маани берип, Кыргызстан үчүн кайсы жерде пайда болсо, ошол өлкөлөр менен алака түзүүдөн качпашы керек.

Кыргызстан тышкы саясатта көп багыттуу саясат жүргүзөрүн жарыялаган. Бирок акыркы жылдары Орусияга толук бойдон ыктап, Батыш өлкөлөрүнөн алыстаганын эксперттер белгилеп келишет.

​"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG