Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:07

Трамп Кытайга ишеним артты


9-ноябрда АКШ президенти Дональд Трамп Бээжиндеги жолугушууда Түндүк Кореянын өзөктүк маселесин көтөрүп, дүйнөдөгү эки чоң экономиканын ортосундагы соодада Кытай артыкчылыкка ээ экендигин белгиледи. Америкалык лидер бул үчүн Кытайды эмес, Вашингтон администрациясынын мурдагы жетекчилерин айыптады.

АКШ президенти үч күндүк мамлекеттик визити учурунда Кытайды Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасы боюнча маселени жөнгө салууда таасир көрсөтүүгө чакырды. Вашингтондун көз карашында Кытай Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына байланышкан көйгөйдү чечүүгө кудурети жетет. “Силердин президент катуу киришсе, ал чечет, буга күмөн жок” – деди Трамп.

Пхеньяндын авторитардык режими тышкы соода-сатыктын 90% Кытай менен жүргүзөт. Быйыл сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын демилгеси менен Түндүк Кореяга каршы экономикалык санкцияларды мурдагыдан катаалданткан болчу.

Бээжинде президент Трамп кытай лидери Си Цзинпин менен жолугушкандан кийин эки өлкө 250 миллиард доллардык коммерциялык келишимдерге жетишкенин жарыялады. Бир тараптуу жана адилетсиз соода жүрүп жатканына токтолгон америкалык лидер “Мен Кытайды күнөөлөй албайм. Өз жарандарынын камын көрүп, башкалардын үстүнөн артыкчылык кылган өлкөнү ким айыптай алмак эле? Мен Кытайды баалайм” – деди.

Бир жыл мурун Ак үйгө келген Трамп соода таңкыстыгын көзөмөлдөөнү колдон чыгарып жибергени үчүн “АКШнын мурдагы администрациялары күнөөлүү” экенин да айта кетти.

Си Цзинпин Кытай экономикасы дүйнөдө АКШдан кийинки экинчи ири экономика экенин белгилеп, “Кытайдын кызматташтык эшиги улам чоң ачыла берерин" айтты. “Чет элдик компаниялардын, алардын ичинде америкалык ишканалардын инвестициясына бизнес чөйрө ачык-айкын болот жана стандартташат” – деп ишендирди.

Бээжиндин эсебинде, өткөн айда эле эки өлкө ортосундагы сооданын көлөмү 26,6 млрд долларды түзгөн. Бирок экспорт жагынан Кытай үстөмдүк кылгандыктан эки тараптуу соодада АКШ үчүн ири таңкыстык бар.

Президент Трамп Бээжиндеги сапарында Түштүк Кытай деңизине байланыштуу жана талаштуу Тайван маселелерин көтөрбөй турганы белгилүү болгон. Анткен менен бул маселелерди америкалык делегациянын тиешелүү мүчөлөрү сүйлөшөрүн Рейтер агенттиги өз булактарына таянып кабарлады.

8-ноябрда Трамп баштаган делегация Кытайга келгенде Бээжиндин Тяньаньмэн аянтындагы Калк сарайында америкалык лидерге өзгөчө сый көргөзүлүп, бул иш-чара мамлекеттик телеканалдан түз чагылдырылды.

Трамп Кытайды мактады
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:59 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG