Линктер

шаршемби, 23-май, 2018 Бишкек убактысы 17:16

Айрым кыргызстандыктар Алматы аэропортунда Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрү ар кандай шылтоо менен суроолор берип, кошумча текшерип жатышканын социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Сапардагы айрым кыргызстандыктар Алматы аэропортунда Казакстандын атайын кызматынын өкүлдөрү аларды ар кандай шылтоо менен суроо жаадырып, текшерип жатышканын социалдык тармактарга жазып чыгышты.

Алардын бири Artemia Di‏ аттуу "Твиттер" колдонуучу өзүнүн баракчасына аэропорттогулар кыргызстандык жарандарды чакан суракка алып, телефондорунун сериялык номерлерин, жеке маалыматтарын атайын базага киргизип жатышканын айткан.

Белгилүү тарыхчы, окумуштуу Тынчтыкбек Чоротегин:​

"Буга чейин 26-октябрда Алматы аркылуу Түркстандагы илимий жыйынга келе жатсам, "кыргызстандык экенсиз" деп Алматы аба майданында паспортумду кайра текшеришкен. "Казак коопсуздук кызматынын өкүлүбүз" деп өзүн тааныштырган экөөнөн: "Эмнеге минтип жатасыңар? Өзүңөр илимий жыйынга чакырбасаңар мен бул жакка эмнеге келмек элем? Жайында Алаш Ордонун 100 жылдыгына арналган жыйынга келгенимде эмнеге текшербедиңер?" десем, кечирим сурашып: "Кыргызстанда 500 чет элдик жасалма паспорт даярдалганы тууралуу сигнал түшкөн" деген шылтоону айтышты. Өз укугун коргой албагандар узагыраак суралса керек", - деп "Фейсбукка" жазды.

Лира Севен аттуу кыргызстандык Алматы аэропортунда 30 мүнөт кармалып, ар кандай суроолорго жооп бергенин айтып берди.

- Жаңы эле Алматы аэропортунан чыгарда миграция полициясы кармап, 30 мүнөт суракка алды. Чынын айтсам, алар аябай эле орой сүйлөшөт экен. Өзүнчө чакырып кетишип, "Стамбулга эмнеге бардың?" дешти. Мен "Стамбулда болсом эмне болуптур, Түркия менен маселеңер барбы?" деп жооп бердим. Анан темасын өзгөртүп, текшерүү болуп жатканын айтып калышты. 99 суроо берип, каякта төрөлгөнүмдү, телефондон баштап туулган жериме чейин такып сурашты.

Кыргыз дипломатиясы чек ара маселесин БУУда көтөрдү

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан БУУнун баш кеңсесинде экономикалык, экологиялык жана каржы маселесине байланыштуу 17-ноябрда өткөн жыйында кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаал тууралуу маселе көтөргөн.

Тышкы иштер мекемесинин расмий өкүлү Айымкан Кулукееванын белгилегени боюнча, Кыргызстандын Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева "Бир тараптуу экономикалык чаралар - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык мажбурлоо каражаты" деген резолюция талкууланып жаткан учурда өлкөгө блокада жасалып жатканын айткан.

Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

- Миргүл Молдоисаева Казакстан 10-октябрдан бери чек арада адамдардын, товарлардын эркин өтүшүнө жасалма бөгөт коюп жатканын айтып, кайрылуу жасады. БУУнун курамындагы мамлекеттердин өкүлдөрүнө Кыргызстанга экономикалык залака келтирүү жана өлкөнүн инвестициялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирүү максатында кыргыз-казак чек арасында экономикалык жана транспорттук блокада жасалып жатканын билдирди.

Резолюцияга 116 мамлекет макул болуп, АКШ менен Израил - каршы чыккан, 49 мамлекет добуш берген эмес.

Эки өлкөнүн мамилеси, чек арадагы кырдаал тууралуу эл аралык трибунада айтылышын кубаттагандар да бар. Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин эл аралык маселелер боюнча комитетинин мүчөсү Абдувахаб Нурбаев бул Казакстандын эл аралык аренадагы аброюна таасирин тийгизет деп эсептейт:

- Эл аралык коомчулукка ошол мамлекеттин (Казакстандын - авт.) эрежелерди сактабай жатканы тууралуу маалымат жетет. Булар боюнча терс пикирлер, мамлекеттик башкаруусу, башкасы тууралуу сөздөр кетет. Казакстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун мүчөсү да, ошонун эрежелерин бузуп жатканы ал жерде айтылышы керек. Мамлекеттин аброюна сөзсүз түрдө шек келет.

Казакстандык саясат таануучу Султан Акимбеков чек арадагы маселенин БУУнун жыйындарынын биринде каралышы Казакстанга эч кандай таасир этпей турганын "Tengrinews.kz" порталы менен болгон маегинде билдирген.

Аскар Бешимов
Аскар Бешимов

Ал эми тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов чек арадагы кырдаал эки өлкөнүн ортосунда гана чечилчү маселе экенин белгиледи:

- Негизи бул трибунада каралганы - эл аралык коомчулуктун көңүлүн ушул маселеге буруу. Бирок резолюция кабыл алганда булар баары сунуш берүүчү мүнөздө болуп, ошонун алдында талдоо болот. Менимче бул маселе эки тараптуу чечилиши керек.

Буга чейин чек арадагы маселе Дүйнөлүк соода уюмунда да каралган.

20-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Казакстан Кыргызстанды блокадага алганын, бул маселени чечиш үчүн орус президенти Владимир Путинге кайрылганын белгиледи.

Казакстан 10-октябрдан баштап Кыргызстан менен чек арасында текшерүүнү күчөткөн. Натыйжада жүздөгөн адамдар менен жүк ташуучулардын узун кезеги пайда болгон. Башында казак бийлиги муну Кыргызстандагы президенттик шайлоого байланыштырган.

Кийинчерээк расмий Астана Кыргызстан ЕАЭБдин талаптарын бузуп жатканын айтып, мындан өз бюджети да зыян тартканын билдирип чыкты.

Чек арадагы кырдаал 8-октябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев казак башчысы Нурсултан Назарбаевди "Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат" деп сындагандан кийин курчуду.

Чек ара кызматынан 22-ноябрда алынган маалыматка ылайык, кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларында жалпысынан абал туруктуу. “Ак-Жол”, “Чалдыбар”, “Токмок”, “Кеңбулуң” чек ара бекеттеринде жарандардын жана автотранспорттун тыгыны жок. Бирок "Ак-Тилек" чек ара бекетинде 427 оор жүк ташуучу унаа, ал эми Таластагы "Чоң-Капка" чек ара бекетинде 185 жүк ташуучу унаа Казакстанга кире албай, кезек күтүп турат.

"Азаттыктын" архиви: Чек арадагы кырдаалдан кийин Таластагы сүн азыктарын чыгарган ишканалардын иши үзгүлтүккө учурады. 2017-жыл
Талас: сүт заводдун иши солгундады
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG