Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:45

Кыргыз-казак чек арасында 600дөн ашуун машине кезекте турат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы көзөмөл-өткөрмө жайларында жалпысынан абал туруктуу. “Ак Жол”, “Чалдыбар”, “Токмок”, “Кеңбулуң” чек ара бекеттеринде жарандардын жана автотранспорттун тыгыны жок. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Чек ара кызматынын өкүлдөрү кабарлашты.

Мекеменин маалымат катчысы Салкын Абдыкариева чек арадагы абал тууралуу буларды айтты:

- Учурда “Ак Тилекте” 427 оор жүк ташуучу автотранспорттун тыгыны турат. Ал эми “Чоң Капкада” 185 оор жүк ташуучу машине бар. Мурункудай эле казак тарап саатына 6-7 машине өткөрүүдө. Ал эми кыргыз тараптан эч кандай чектөө жок.

8-октябрда Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев казак бийлигин сындаган.

10-октябрдан тартып Казакстан чек арада текшерүүнү күчөткөн. (RK)

XS
SM
MD
LG