Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:05

Кыргызстан блокада маселесин БУУда көтөрүп чыкты


Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева.
Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева.

Кыргыз-казак чек арасында түзүлгөн соңку кырдаал тууралуу маселе Бириккен Улуттар Уюмунда көтөрүлдү. Тышкы иштер министрлиги бүгүн кабарлагандай, 17-ноябрда БУУнун баш кеңсесинде экономикалык, экологиялык жана каржы маселелерине байланыштуу резолюциялардын топтому каралды.

"Бир тараптуу экономикалык чаралар - өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү саясий жана экономикалык мажбурлоо каражаты" деген резолюция талкууланып жатканда Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева билдирүү жасады.

Ал Казакстан 10-октябрдан бери чек арада жасалма тосмолорду түзүп жатканын айтты. Молдоисаева Кыргызстанга экономикалык залака келтирүү жана өлкөнүн инвестициялык, туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө шек келтирүү максатында кыргыз-казак чек арасында экономикалык жана транспорттук блокада жасалып жатканын белгиледи.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат. 8-октябрда кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев казак башчысы Нурсултан Назарбаевди "Кыргызстандын ички ишине кийлигишип жатат" деп сындаган.

20-ноябрда Атамбаев Казакстан Кыргызстанды блокадага алганын, бул маселени чечиш үчүн орус президентине кайрылганын белгиледи. Ошондой эле ал коңшуларга "сабак бергенин" айтып, Казакстанды сындаганын туура кадам деп баалады.

Казакстан Мажлисинин төрагасы Нурлан Нигматуллин Атамбаевдин бул билдирүүлөрүн "жоопкерчиликсиз жана популисттик" деп баалады. Ушул сыяктуу дипломатиялык кайым айтышуу эки айдан бери уланып келе жатат. Чек арадан өтүү мурдагы калыбына келе элек.

Жогоруда аталган резолюцияга 116 мамлекет макул болду, экөө - АКШ менен Израил - каршы чыгышты, 49 мамлекет добуш берген жок. (RK)

XS
SM
MD
LG