Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:10

Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абал боюнча Путинге кайрылды


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын башчысы Владимир Путинди кыргыз-казак чек арасындагы абалды жөнгө салыш үчүн бул маселеге кийлигишүүгө чакырды.

Бул тууралуу ал бүгүн Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында “Казакстан менен бир аз бузулган мамилени кантип оңдосо болот?” деген суроого жооп берип жатып билдирди:

- Бир аз бузулган жок, Казакстан бизди блокадага алды. Баарын өз аты менен аташ керек. Бирок бизди өлтүрбөгөн нерсенин баары бизди кайра чыйралтат. Мен туура кылгам деп ойлойм. Биз аларга сабак бердик. Алардын “шестеркасын” алып келүүгө жол берген жокпуз. Бул кырдаал жайгарылат. Биз сабак алышыбыз керек. Биз ЕАЭБге кирип жатканда абдан көп нерсе күтүп алыптырбыз. Путин менен жолукканда мен “Эгер ЕАЭБ өлкөлөрү бул маселени чечкиси келсе, кийлигишүүсү керек. Эгер андай болбосо биз башка жол издейбиз” деп айттым.

Бүгүнкү басма сөз жыйыны Атамбаевдин президенттик ишмердүүлүгүн жыйынтыктоого арналууда.

Алмазбек Атамбаев алты жылдык президенттик кызматка 2011-жылдын 1-декабрында киришкен. Быйыл 15-октябрдагы шайлоону жеңген Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат.

17-ноябрда Атамбаев Путин менен Санкт-Петербург шаарында жолуккан. (RK)

XS
SM
MD
LG