Линктер

шейшемби, 16-январь, 2018 Бишкек убактысы 19:23

Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин билдирүүсүнө казак бийлигинин өкүлдөрү жооп кайтарды. Казак сенатынын төрагасы жана тышкы иштер министри кыргыз президентинин сөзүн саясий олдоксондук катары баалады. Буга чейин президент Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалды "экономикалык блокада" деп атап, коңшу өлкө жетекчилигин сынга алган.

Кыргыз президентинин 15-ноябрдагы билдирүүсүнө Казакстандын бийлик жетекчилери, биринчи болуп Сенат төрагасы Касым-Жоомарт Токаев жооп кайтарды. Ал Твиттердеги баракчасына Атамбаевдин билдирүүлөрү эки өлкө мамилесине зыянын тийгизет деп жазды:

- Атамбаевдин Казакстанга ыплас асылуу менен коштолгон кезектеги туталанма сөзү чыныгы жакшы коңшулук мамилеге зыянын гана тийгизет. Чоң саясатта мындай эмоцияларга орун жок. Кыргызстанды блокадалоо жөнүндө сөз жүргөн жок. ЕАЭБдин нормаларын - талаптарын аткаруу керек. Сүйлөшүүлөрдүн предмети мына ушул.

Ал эми Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов маалымат каражаттарына комментарий берип жатып, коңшу өлкөнүн президентинин билдирүүсүнө баа бере албай турганын, бирок айрым эксперттердин "билдирүү саясий жактан туура эмес" деген пикирине кошуларын айткан.

Ошол эле кезде Абдрахманов казак өкмөтү кыргыз бийликтери менен мурда кол коюлган келишимдерди аткарууга ишеним билдирген.

Казак башкы дипломатынын мындай комментарийине Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев дароо жооп кайтарды.

- Кайрат Абдрахманов өзүнө өзү карама-каршы сүйлөп жатат. Эгер ал “дипломат катары башка мамлекеттин башчысынын айткандарына баа бере албайм” деп айтканы менен чекит койсо макул болот элек. Саясат талдоочунун пикирине таянганы, мейли, ал белгилүү болсо да, саясий жактан туура эмес, - деп айтылат кыргыз дипломатынын билдирүүсүндө.

Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев
Казакстандын тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов жана Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев

Мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалга 15-ноябрда өткөн Туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында көңүл бурган эле. Президент өткөн айдан бери түзүлгөн кырдаалды "экономикалык блокада" деп атап, ал үчүн казак жетекчилигин сынга алган:

- Чынында бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүмбилемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган болуп турабыз. Блокада Кыргызстандын президенти “мыйзамдарды сыйлап, ички иштерибизге кийлигишпегиле” деп талап койгону үчүн гана жасалып жатат. Бизге башкалардын эрежесин таңуулоонун кереги жок. Тилекке каршы, Евразия экономикалык биримдигинин келечеги жөнүндө кеп кылганда азырынча уюмга мүчө өлкөлөрүнүн ортосундагы экономикалык мамиле макулдашуулар жана келишимдер менен жөнгө салынбастан, айрым өлкөлөрдүн жетекчилеринин кежирлиги менен жөнгө салынса, ЕАЭБ цивилизациялуу экономикалык бирлик боло албайт.

Атамбаев казак жетекчилигин сындаган буга чейинки сөздөрү үчүн да кечирим сурабасын билдирип, "блокада" кесепетин Кыргызстан көтөрө алат деп ишендирген. Андан тышкары кырдаалды жөнгө салуу чарасын көрбөгөн Евразия экономикалык комиссиясына нааразылыгын билдирген.

Көчмөн элдердин башчылары тил табышабы?

Бишкек менен Астананын бийлик өкүлдөрүнүн кайым айтышы эки өлкө ортосундагы мамилени кантип жөнгө салуу керек деген суроону кайрадан күн тартибине чыгарды.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусов мындай кырдаалда президенттин билдирүүсү мамиледеги чыңалууну дагы күчөтпөйбү деп чочулап жатат:

- Конфликт күчөп жатат. Мына эми Казакстандын парламентинин төрагасына чейин жооп кайтарууда. Эки элге мындай кырдаалдан пайда жок. Казак эли сыяктуу эле биз дагы көчмөн элбиз. Негизи эле демократия боюнча тажрыйбабыз көп деле эмес. Ошондуктан эки эл бири-бирибизге ким демократиялуу, сенде коррупция көп, менде көп деп айтуу туура эмес деп ойлойм.

Ал эми "Сереп" изилдөө институтунун директору Искендер Ормон уулу президент Атамбаевдин билдирүүсү азыркы кырдаалга баа берди деген пикирде:

- Атамбаев буга чейин дипломатиялык сөздөр менен айтылбай жүргөн, айтылбаганы үчүн чечилбей келген маселени өз стилине салып катуу айтты. Муну бир жагынан баалаш керек. Экинчи жагынан чочулап жатабыз. Чочулаган жагыбыз, эки өлкө мамилеси мындан ары кандай болот десек, баалаган жагыбыз курч маселени чечүүгө жөндөмсүз болгон Евразия экономикалык биримдигинин дарегине айткан сыны болду.

Өткөн айда Казакстан чек арадагы текшерүүнү күчөтүп, ага кыргыз бажысындагы аткезчилик себеп десе, кыргыз өкмөтү аны четке каккан. Чек арадагы кырдаалдан улам кыргыз-казак өкмөт башчыларынын бир нече жолку сүйлөшүүсүнөн майнап чыккан эмес.

Кыргыз тарап чек арадагы кырдаалдан улам тарткан чыгымды Эл аралык валюта кору 200 миллион доллар деп эсептегенин билдирип, Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылган. Ал эми кыргыз президенти 16-ноябрда ЕАЭБдин алкагында Казакстан бере турган 100 миллион доллардан баш тарткан мыйзамга кол койду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG