Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Чек арадагы чектөө: кыйкымчыл саясат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

Казакстан Кыргызстандагы сүт, эт жана кондитердик азыктарды чыгарган бир нече компаниялардын товарларын өз аймагына киргизүүгө чектөө койду.

Кошуна өлкөнүн мындай чарасы Кыргызстандын экономикасына, жергиликтүү ишкерлерге кандай зыян келтирүүдө? Чек арадагы маселелерди жеңилдетүүгө Дүйнөлүк соода уюму жана Евразия экономикалык биримдигинин күчү жетпейби? Кыргыз-казак чек арасындагы көйгөйдү чечүүнүн кандай жолдору бар?

“Арай көз чарай” талкуусуна экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев жана “Сапарман” айдоочулар бирикмесинин төрагасы Максатбек Дүйшеев катышты.

“Азаттык”: Максатбек мырза, кыргыз-казак чек арасында абал кыйындагандан бери туура бир айдан ашуун убакыт өттү. Акыркы күндөрдө кырдаал кандай болуп жатат? Чек арадан өтүү жеңилдедиби? Автоунаалардын катары суюлду деп жатышат...

Машинадагы муздаткычтарга коюлган талаптар 2011-жылы эле жоюлганына карабай, көп машиналарды киргизбей жатышат.
Максатбек Дүйшеев

Максатбек Дүйшеев: Акыркы маалыматтарга таянсак, чек арадан өтүү мурдагы боюнча калууда. Мисалы, 5-ноябрда суткасына 200дөн ашык машиналарды өткөрүп, абал бир топ жеңилдей түшкөн. Акыркы күндөрү кайра кыйындады, “Ак-Тилек” өткөрмө пунктунда эле 200дөн ашуун машина кезекте турат. Ошол өткөрмө пунктта мурда төрт жерден машиналар кирсе, азыр алардын бирөө эле иштеп жатат, жасалма тоскоолдуктар болууда.

Айталы, машинадагы муздаткычтарга коюлган талаптар 2011-жылы эле жоюлганына карабай, көп машиналарды киргизбей жатышат. Таразада көп шылтоолорду таап жатышат, ушул убакка чейин өтүп келген машиналар эми өтө албай кыйналууда.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, 10-ноябрда Женевада өткөн Дүйнөлүк соода уюмунун жыйынында кыргыз-казак чек арасындагы маселе каралды. Бирок абалга таасир эткидей чечим кабыл алынган жок. Буга эмне себеп болду же ал уюм кайсы бир өлкөгө көрсөтмө бере албайбы?

“Куликовскийдин” торттору дүйнөлүк бренд болуп калган, 15 жылдан бери товарларын көп өлкөлөргө экспорттоочу, азыр эми алар “мунусу жарабайт” деп жасалма чектөөлөрдү коюп жатышат.
Жумакадыр Акенеев

Жумакадыр Акенеев: Дүйнөлүк соода уюмунун эрежеси ушундай экен. Кыргызстандын кайрылуусун карады, кыргыз тарап өз дооматтарын койду.

Экономика министринин орун басары Сазбаков баштаган кыргыз делегациясы маселени Казакстандын мойнуна койду. Казак тарап өз жүйөсүн айтты. Эми Дүйнөлүк соода уюму “андай кыл, мындай кыл” деп көрсөтмө бере албайт экен. Бирок машиналар туура эмес токтотулуп жатканы айтылды. Өзгөчө БУУнун конвенциясы бузулуп жатканы боюнча маселе көтөрүлдү. Ал документке ылайык транзит жүктөрдү токтотууга, кармоого бир дагы мамлекеттин укугу жок экен.

Кармалып турган машиналардын көпчүлүгү Кыргызстанга, Казакстанга да тиешеси жок, башка үчүнчү өлкөлөргө баратышканына карабай өтө албай жатпайбы.

Эми Казакстан Кыргызстандын беш компаниясынын товарларына тыюу салууда. “Куликовскийдин” торттору дүйнөлүк бренд болуп калган, 15 жылдан бери товарларын көп өлкөлөргө экспорттоочу, азыр эми алар “мунусу жарабайт” деп жасалма чектөөлөрдү коюп жатышат.

“Азаттык”: Максатбек мырза, сиздер ар бир айдоочунун бир күндө канча чыгым тартып жатканын эсептеп көрдүңүздөрбү, бир айдан бери канча зыян тарттыңыздар, анын эсеби барбы?

Максатбек Дүйшеев: Муздаткычы менен машина айдагандар күнүнө 7 миң сомдон, ал эми жөнөкөй машиналар болсо 5 миң сомдон зыян тартып жатат. Азыр биздин уюмдун тобу Финансы министрлиги, Транспорт министрлиги менен кошо жалпы бир айлык чыгымдарды эсептеп жатабыз. Азыр так санды айтууга эрте.

Жумакадыр Акенеев: Зыян дегенде Кыргызстан эле жабыркаган жок. Биз Кыргызстандан эксперттик делегация 3-ноябрда Алматыда болуп келдик, көчөдө, базарларда тургундар менен сүйлөштүк. Эт, сүт кымбаттап кетиптир. Орусиядан алып келген эт-сүттүн баасы кымбат, сапаты начар дешти. "Чек арадагы маселени тезирээк чечсе болот эле" деп казак жарандары суранып жатышат.

“Азаттык”: Жумакадыр мырза, Казакстандын башкы санитардык дарыгери октябрь айында эле "Кыргызстандан келген азык-түлүк товарларынын 23 пайызы, жеңил өнөр жай товарларынын 44 пайызы стандарттарга жооп берген эмес, ошол үчүн киргизилген жок" деп жатат. Кыргыз өндүрүүчүлөрү эми сапаттын үстүнө иштеши керек экен да...

Жумакадыр Акенеев: Ошол башкы санитардык дарыгер айтып жаткан товарлар эки жылдан бери тоскоолдуксуз эле өтүп жаткан, эми эле жарабай калабы? Казакстандын өкмөтү кыргызстандык 30 компанияга “этиңерди-сүтүңөрдү сата бергиле” деп уруксат берген. Стандартка туура келбейт экен деп эки жыл мурда айтпайбы? "Машинанын борту он сантиметр бийик экен" деген шылтоолорду коюп жатышпайбы...

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)
Чек арада абал жеңилдеген жок
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:06 0:00
Түз линк

Чек арада абал жеңилдеген жок (2-бөлүм)
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:48 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG