Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:45

Атамбаев: Экономикалык блокадага туруштук беребиз


Алмазбек Атамбаев
Алмазбек Атамбаев

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу жасалып жаткан экономикалык блокадага Кыргызстан туруштук бере алат деп эсептейт.

Президент Атамбаев бүгүн Бишкекте өлкөнүн туруктуу өнүгүшү боюнча стратегияны талкуулаган жыйында сүйлөдү:

- Мына, мен Интернеттен өкмөттүн божомолун алып карап көрдүм. Анда "блокаданын айынан Кыргызстан ички дүң өнүмдүн 0,3% жоготот" деп жазылып турат. Биз буга туруштук бере алабыз.

Ошону менен катар Атамбаев ЕАЭБ комиссиясын да кескин сынга алып, "Казакстандын жетекчилигинин жасаганы жана комиссиянын чара көрбөгөнүнөн улам ЕАЭБдин имиджине жана репутациясына орду толгус залака тийүүдө" деп билдирди.

- ЕАЭБге киргенибиз туура чечим болгон. Биз бул уюмда калышыбыз керек. Андан чыкпайбыз. Бирок орус, казак басма сөзүн күнүгө окуйм, анда "Кыргызстан, Атамбаев ЕАЭБди талкалагысы келип жатат" деп жазып жатышат. Бул жалаң калп. Чынында бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүм билемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган болуп турабыз. Блокада Кыргызстандын президенти “мыйзамдарды сыйлап, ички иштерибизге кийлигишпегиле” деп талап койгону үчүн гана жасалып жатат. Бизге башкалардын эрежесин таңуулоонун кереги жок.

Бүгүнкү жыйынга парламент, өкмөт башчылары жана мүчөлөрү катышты.

Атамбаев ЕАЭБ комиссиясын сынга алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Кыргыз-казак чек арасындагы абалга байланыштуу Кыргызстандын республикалык бюджетине айрым күтүлгөн каражат түшпөй калышы ыктымал экенин кечээ "Азаттыкка" Каржы министрлигинин өкүлдөрү кабарлашкан.

Мекеменин коомчулук менен байланыш секторунун башчысы Гүлмира Түгөлбаева:

- Киреше түшпөй калат деген кооптонуу бар. Биз муну моюнга алабыз жана ошол тобокел жагдайларды кандай жол менен жөнгө салыш керек экенин азыр карап жатабыз, - деп билдирген.

10-октябрдан бери кыргыз-казак чек арасынан Казакстан тарапка өтүү кыйын болуп жатат.

Дүйшөмбү күнү министр Адылбек Касымалиев парламенттик комитетте маалымат берип жатып, "чек арадагы кырдаалдан улам бажы багыты боюнча 400-500 млн. сом түшпөй калышы ыктымал" деп айтканын маалымат каражаттары жазып чыгышкан.

Атамбаев Казакстан жана ЕЭК тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:45 0:00

Атамбаев: парламенттик башкарууга өтөбүз

Кыргызстандын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын талкуулаган жыйында мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоого чакырды.

Президент «...эгер парламент мындан ары да өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кыла турган болсо, андай парламенттин бизге кереги жок» деп билдирди.

Атамбаев быйыл 1-декабрдан баштап Кыргызстанда тараза ташы парламент жана өкмөт жакка оой турганын белгиледи:

- 2040-жылга чейин биз толук бойдон накта парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, 53 өнүккөн өлкөнүн 51 парламенттик. Парламенттин таасири күчөп жатканына байланыштуу биз шайлоо мыйзамдарын дагы бир карап чыгышыбыз керек. Мен буга чейин мисал келтиргендей, ошол эле “Республика-Ата Журт” шайлоого бир тизме менен чыккан, анда жаштар, интеллигенция, бардык улуттар бар болчу, бирок натыйжада парламенттик фракцияга жалаң байлар келип отуруп калышты. Бир да орус, бир да өзбек, бир да интеллигенция өкүлү жок. Парламенттик шайлоого да алыс эмес, 2020-жыл. Азыртан эксперттер менен анализдеп чыгып, мындай оюндар шайлоодо болбогудай кылыш керек. Чечим чыгаруу борбору бара-бара парламент жакка ооп жаткандыктан ал жерге чынчыл, жеке капчыгын эмес, өлкөнү ойлогондор келиши зарыл. Ошол эле учурда бизнес өз капчыгы үчүн кооптонбогудай кылыш керек.

Жогорку Кеңештин азыркы алтынчы чакырылышы 2015-жылы шайланып келген. Ал алты фракциядан турат. Башкаруучу коалициядагы КСДП фракциясындагы депутаттар Атамбаев негиздеген КСДП партиясы аркылуу шайланып келген.

Президент парламенттин келечеги тууралуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:30 0:00

Стратегияны талкуулаган жыйында Кыргызстандын шайланган президенти Сооронбай Жээнбеков 15-октябрдагы президенттик шайлоо атаандаштык шартында өткөнүн белгилеп, бул үчүн президент Алмазбек Атамбаевге ыраазылык билдирди.

- 15-октябрда биринчи жолу президенттик шайлоо абдан катуу атаандаштыкта өттү. 2017-жылы шайлоо атаандаштык менен жана эң алдыңкы система менен өтөт деп эч ким ишенген эмес. Бул шайлоо мамлекеттик бийликке элдин ишеничин дагы бир жогорку деңгээлге алып чыкты. Бизге келген 700дөн ашуун эл аралык байкоочу да абдан жогорку баасын берип өттү. Эң негизги жетишкендигибиз, Алмазбек Шаршенович, саясаттагы чыныгы атаандаштыкты сиз түзүп бердиниз. Муну катуу кармап, улантышыбыз керек.

Мурдагы өкмөт башчы Жээнбеков 15-октябрда өткөн шайлоодо 54,22% добуш алып утуп чыккан. Анын инаугурациясы 24-ноябрда өтөт.

Ал эми Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын өнүгүшүнө абдан чоң салым кошту деп эсептейт.

- Сиз Кыргызстандын өнүгүшүнө чон салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштединиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз.

Төрөбаевдин "Бышырдыңыз" деген сөзүнө Атамбаев "Дары болсун!" деп жооп берди.

Төрөбаев быйыл 15-октябрда өткөн президенттик шайлоого адегенде өзүнчө талапкер катары катышаарын жарыялаган. Кийин саясатчылар Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков менен төртилтикке кирген. Андан соң "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов менен тандем түзүп, анын пайдасы үчүн шайлоого катышуудан баш тарткан.

"Өнүгүү-Прогресс" - парламенттеги оппозициялык фракция.

Атамбаев: Эч кимге жүгүнбөйбүз
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG