Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:08

Кыргызстандын 2040-жылга чейинки туруктуу өнүктүрүү стратегиясы талкууланып, жактырылды. Бул документ бийликтен кетип жаткан президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилигинде даярдалып, алдыдагы 22 жылдагы пландарды камтыйт. Жыйын жүрүшүндө Атамбаев ички жана тышкы саясатка байланышкан бир катар билдирүүлөрдү да жасады.

Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйыны Алмазбек Атамбаев президент катары катышкан акыркы иш-чараларынын бири болду.

Ал эми шайлоодон жеңип чыккан Сооронбай Жээнбеков алгачкы расмий жыйынга катышты.

Атамбаев муну баса белгилеп, Жээнбековго алты жылдан кийин дал ушундай жол менен бийлигин кийинки президентке өткөрүп беришин каалай турганын айта кетти.

Президент ​алты жылдагы окуяларга баа берип, бир катар саясий билдирүүлөрдү да жасады.

Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков жана парламент төрагасы Дастан Жумабеков менен. 15-ноябрь
Алмазбек Атамбаев жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбеков жана парламент төрагасы Дастан Жумабеков менен. 15-ноябрь

Алмазбек Атамбаев мурда кабыл алынган 2017-жылга чейинки стратегия өзүн толугу менен актаганын айтып, бирок “анын айрым пункттарын аткарууга жетишүү мүмкүн эмес экенин алдын-ала билгенбиз” деп кошумчалады.

Атамбаев бийликте турган учурундагы негизги жетишкендик туруктуулук болгонун белгилеп, анын аркасында өлкө өнүгүүгө багыт алганын билдирди:

- Биз аталган документтин жана Кыргызстандын жарандарынын ак эмгегинин аркасында өлкөнү туруктуу өнүгүү жолуна чыгара алдык. Эсиңерде болсо документте ар кыл тармактар жөнүндө сөз жүргөн. Биз ал жакта экономика эле эмес, таза шайлоо, соттук реформа, кылмыш укугунун реформасы, маданият жана башка тармактар бар экен деп таң калганбыз. Бирок мындай документ керек болгонун мезгил далилдеди. Биз Кыргызстанда демократияны бекемдөө боюнча шарт түздүк.

Казак бийлигинен кечирим сурабайт...

Бийликтен кетип жаткан президент кыргыз-казак чек арасындагы абалга токтолуп, акыркы айларда Казакстандын президенти Кыргызстанга экономикалык блокада уюштуруп жатканын айтып сындады:

- ЕАЭБге киргенибиз туура чечим болгон. Биз бул уюмда калышыбыз керек. Андан чыкпайбыз. Бирок орус, казак басма сөзүн күнүгө окуйм, анда "Кыргызстан, Атамбаев ЕАЭБди талкалагысы келип жатат" деп жазып жатышат. Бул чылгый калп. Чынында бир айдан бери Казакстандын жетекчилигинин өзүмбилемдиги үчүн биз башка өлкөлөрдөн, ЕАЭБден ажыратылган болуп турабыз. Блокада Кыргызстандын президенти “мыйзамдарды сыйлап, ички иштерибизге кийлигишпегиле” деп талап койгону үчүн гана жасалып жатат. Бизге башкалардын эрежесин таңуулоонун кереги жок.

Атамбаев мындай кырдаалга эч кандай чара көрбөгөн Евразия экономикалык комиссиясына нааразылыгын айтып өттү.

Ошол эле кезде 2013-жылы Өзбекстандын "мурдагы улгайган президенти" газ берүүнү токтотконун эске салып, мунун баары Кыргызстан үчүн сыноо болгонун билдирди.

Парламентке айтылган "насаат"

Президент Атамбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын өлкөнүн кызыкчылыгын ойлоого чакырды.

Ал «Эгер парламент мындан ары да өлкөнүн өнүгүүсүнө тоскоолдук кыла турган болсо, андай парламенттин бизге кереги жок» деп билдирди.

Атамбаев быйыл 1-декабрдан баштап Кыргызстанда тараза ташы парламент жана өкмөт жакка оой турганын белгиледи:

- 2040-жылга чейин биз толугу менен накта парламенттик башкарууга өтүшүбүз керек. Дүйнөлүк тажрыйба көрсөтүп тургандай, 53 өнүккөн өлкөнүн 51и парламенттик. Парламенттин таасири өсүп жатканына байланыштуу биз шайлоо мыйзамдарын дагы бир карап чыгышыбыз керек. Мен буга чейин мисал келтиргендей, ошол эле “Республика-Ата- Журт” шайлоого бир тизме менен чыккан, анда жаштар, интеллигенция, бардык улуттардын өкүлдөрү бар болчу, бирок натыйжада парламенттик фракцияга жалаң байлар келип отуруп калды. Бир да орус, бир да өзбек, бир да интеллигенция өкүлү жок. Парламенттик шайлоого да алыс эмес, 2020-жыл. Азыртадан эксперттер менен талдап чыгып, мындай оюндар шайлоодо болбогудай кылыш керек.

Президент оппозициячыл айрым саясатчыларды сынга алып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.

Жыйынга парламенттеги оппозиция атынан “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев катышты. Ал Атамбаевди Кыргызстандын өнүгүшүнө абдан чоң салым кошту деп эсептейт:

- Сиз Кыргызстандын өнүгүүсүнө чон салым коштуңуз. Сизге терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Бизди анча-мынча сындадыңыз, бышырдыңыз. Ар ким эле президент боло албайт, сиз президент болдуңуз. Алты жыл иштедиңиз, сизди президент, саясатчы, адам катары сыйлайбыз.

Стратегия ишке ашабы?

Ал эми Улуттук кеңештин жыйыны арналган 2040-жылга чейинки "Таза коом - Жаңы доор" деп аталган стратегиянын мазмуна келсек, анда 22 жыл аралыгында Кыргызстанды "күчтүү экономикасы бар, жашоосу мыкты эркин өлкө" катары өнүктүрүү максаты коюлган.

БУУнун Адамдын өнүгүшүнүн индекси боюнча алдыңкы 60 өлкөнүн, ошондой эле Дүйнөлүк банк түзгөн тизме боюнча жарандардын кирешеси орто деңгээлден жогору болгон өлкөлөрдүн катарына кирүү сыяктуу конкреттүү милдеттер коюлган.

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов мындай стратегиялык пландын иштелип чыгышына оң баа берет. Анын айтымында, бул документ конкреттүү жыйынтыкка жетишүүгө өбөлгө түзөт:

- 2040-жылга чейинки стратегия методологиялык жактан абдан туура болгон. Киргизилген көрсөткүчтөр индикативдүү деп атасак болот. Аларга сөзсүз түрдө мүмкүн жете албайбыз, бирок алдыга койгон максатыбыз, ошого аракет кылабыз деген маанини билдирет.

Жыйынга катышып, бирок сөз ала албай калган "Жашыл чарба" ишканасынын директору Тилек Токтогазиевдин айтымында, 2040-жылга чейинки планда дүйнөлүк экономикадагы акыркы тенденциялар эске алынбай калгандай:

- Тилекке каршы, стратегиядан аларды көргөн жокмун. Бирок программасында, пландарында ишке ашырат деген үмүтүм бар. Эгер дүйнөлүк экономикадагы тенденцияларды эске албай туруп жасаса, мисалы айыл чарба тармагын эле алсак, учурда биз 70-80 жылга өнүккөн өлкөлөрдөн артта калыптырбыз. Келечек жөнүндө сүйлөшүп жаткан соң эртеңки күндү эле эмес, 20-30 жыл алдыга карап, футурологдор эмне деп айтып жатат, технология кайда кетип баратканын билиш керек. Мисалы, биз азыр темир жол салалы деп план коюп жатсак, балким эртең учак менен ташып калабыз. Логистика дагы жеңил, ыңгайлуу болуп калат. Ушул нерсерлерди эске алыш керек.

"Быйыл эмне болобуз..."

Ал эми саясий ишмер Эмилбек Каптагаев президент ишке ашты деп жаткан 2017-жылга чейинки туруктуу өнүгүү программасын эске салды. Анын айтымында, бул программадагы бир катар максаттар сөз жүзүндө гана калды:

- "Биздин мамлекет, биздин экономика 20 жылдан кийин эмне болот" эмес, "быйыл жыл аягында, кийинки жылдын башында эмне болот" дегенди болжолдоо кыйын болуп жатат. Себеби, өнөктөш өлкөлөр менен мамиле бузулуп, кыйын абалга кептелип жатабыз. Экинчи жагынан 2012-2017-жылга стратегия деп баарыбыз чуркаганбыз, ооз көптүрүп айтканбыз. Анын дээрлик баары аткарылган жок. Ошондуктан алдыда "эки эсе аткарабыз, он эсе өсөбүз" деп айта бериш кыйын.

Бирок бийликтегилер “Таза коом - Жаңы доор” программасы аркылуу экономиканы санариптештирип, инвестиция тартуу менен өлкө казынасын толтурууга мүмкүнчүлүк бар экенине ишенишет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG