Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:27

Өзбекстандык Интернет булактарынын бири тышкы иштер министри Абдулазиз Камиловго шилтеме берип, Кыргызстандын ичиндеги өзбек анклавдарына жол ачуу маселеси каралып жатканы тууралуу маалымат таратты.

Qalampir.uz сайтынын жазганына караганда, Өзбекстандын тышкы иштер министри бул тууралуу Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жана Евробиримдиктин өкүлүнүн катышуусунда өткөн Самарканд жыйынынан кийин журналисттерге билдирген.

Азырынча кыргыз өкмөтү бул боюнча түшүндүрмө бере элек.

Самарканд шаарында 10-11-ноябрь күндөрү өткөн "Борбор Азия: бир тарых жана жалпы келечек, туруктуу өнүгүү үчүн кызматташтык" аттуу эл аралык конференциядан кийин Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов атайын маалымат жыйынын өткөрүп, бир нече билдирүү жасаган. Анда чек ара боюнча Түркмөнстандын жана Казакстандын өкмөттөрү менен жетишилген макулдашууну комментарийлеп, кийин кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндө да сөз козгогон.

Камилов Кыргызстандагы өзбек анклавдарына коридор ачуу маселеси да каралып жатканын белгилеген. Бул тууралуу жазган Qalampir.uz сайты министрдин төмөнкүдөй сөзүн мисал келтирген:

- Биз Кыргызстан менен чек арабыздын 85% келишип, делимитациядан өткөрдүк. Калган 15% тилкени тактоо иштерин да улантабыз. Бирок чек аранын калган бөлүктөрүн тактоо оңойго турбайт, ал татаал маселе. Кыргызстандын ичинде чакан анклавдар бар жана ал жерлерде өзбек калкы жашайт. Демек, эмне кылыш керек? Түздөн-түз жол жок, же анклавдарга жол ачышыбыз керек же өз ара келишимге барышыбыз керек. Ал жердеги жарандарыбыздын кызыкчылыктарын Өзбекстан коргошу зарыл. Бул жерде кеп бир эле чек ара эмес, бир жаранбы, беш жаранбы, ошол жердеги Өзбекстандын жарандары жөнүндө кеп болуп жатат. Бул документтерге кичи топ кол коюп жаткан жок. Биринчиден, өкмөт катышат. Экинчиден, парламенттен ратификациядан өтүшү керек. Үчүнчүдөн, документ БУУга тапшырылат. БУУ күмөн саноо болбошуна кепилдик бериши керек. Жашоо татаал, калганын көрө жатабыз.

Борбор Азиядагы беш өлкөнүн өкүлдөрү катышкан конференцияга Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган делегация да катышкан. Министрликтин маалымат кызматынын билдиргенине караганда, ал жыйында кыргыз-өзбек чек арасы боюнча маселе каралган эмес.

“Өзбекстандын анклавдарына коридор берүү маселеси каралып жаткандыгы" тууралуу аталган сайт жазып чыккан маалыматты Кыргыз өкмөтү төгүндөгөн да, ырастаган да жок. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн өкүлү Курбанбай Искандаров да комментарий берген жок.

Төрт анклав

Маалым болгондой, Кыргызстанда Өзбекстандын Сох, Чоң Кара Калча, Шахимардан, Таш-Дөбө деген анклавдары бар. 20 жылдан ашуун убакыттан бери Өзбекстан ушул жерлерге, өзгөчө Сох анклавына жол ачуу маселесин кыргыз өкмөтүнө коюп келет.

Бул боюнча ал тургай 2001-жылы эки өлкөнүн өкмөт башчылары атайын меморандумга да кол коюп жиберишкен. Ага ылайык, Кыргызстан Сохко коридор ачып, ал эми Өзбекстан ошого тете жер бермекчи болгон. Бирок Сохко коридор ачылышы менен Кыргызстандын Баткен, Лейлек райондору, Сүлүктү шаары тескерисинче Өзбекстандын ичиндеги анклав болуп калаарын кыргыз бийлиги меморандумга кол койгондон кийин түшүнүп, коомчулуктун басымы менен ал документтен баш тарткан.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өкмөт аралык соңку макулдашуу ачыкка чыгарылбай, кийин келишимди Жогорку Кеңеште ратификациялоо да жабык талкууланганы айрым эксперттерди шек санатууда.

Султанбай Айжигитов
Султанбай Айжигитов

Баткен облусунун мурдагы губернатору, чек ара боюнча эксперт Султанбай Айжигитов мындай деди:

- Эгер анклавдарга коридор берүү маселеси каралып жаткан болсо, бул чыккынчылык, биздин улуттук кызыкчылыгыбызды сатуу болуп эсептелет. Алар жөн эле жол сурап аткан жок, алар жол менен кошо Сох дарыясынын жээгин да өздөрүнө алып алгысы келип жатат. Башкача айтканда коридор берилсе жер да, суу да алардын колуна өтүп кетет. Ошон үчүн Кыргызстан аларга таптакыр коридор бербеши керек, бул жөнүндө керек болсо сөз да кылбаш керек. Аны “эч кандай коридор берилбейт, Кыргызстан чек арасы кол тийгис, башка жолду издейли” деп Өзбекстанга ачык айтышы керек. Жана бул биздин акыркы чечим болушу керек.

Ал эми парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо учурунда документти окуп чыкканын, анда Өзбекстандын анклавдарына коридор берүү маселеси жок экенин билдирди:

- Келишимди талкуулоо учурунда депутаттардан Өзбекстанга коридор ачып берүү маселеси боюнча суроолор болгондо, өкмөт "ал боюнча маселе каралган жок" деп жооп берген. Менин билишимче ал келишимде ал маселе жок болчу. Негизи ал документте буга чейин такталган участкалар кирген да, ал эми Кемпирабад суу сактагычы, Үңкүр-Тоого окшогон оор, өтө талаштуу маселелерди кийинкиге калтырышкан болчу.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкектеги иш сапарында кол коюлган. Өкмөт маалымдагандай, Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылаары айтылууда.

Маалым болгондой, Кыргызстандын Барак айылы Өзбекстанда анклав абалында жашайт. Баракка кеткени жолду Өзбекстан бир нече жылдан бери жаап салып, айылдын көпчүлүк жашоочулары Кыргызстанга чыгып кетишкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Ош облусундагы кабарчысы. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG