Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:32

Чек ара: бүгүн чечпесе, эртең кеч


Кыргыз-өзбек чек арасын тосуу иштери. Жалал-Абад. 29-сентябрь, 2013-жыл.
Кыргыз-өзбек чек арасын тосуу иштери. Жалал-Абад. 29-сентябрь, 2013-жыл.

Чек арадагы талаштуу тилкелерди чечүүнүн жолун батыраак таппаса, Борбор Азияда Крым сценарийи кайталануусу мүмкүн экени илимпоздордун Ош шаарында өткөн жыйынында айтылды.

Учурда Кыргызстан менен Өзбекстан чек арадагы талаштуу тилкелерди тактоодо эки документке таянып, орток пикир табылбай келет. Бул чек арадагы чыр-чатак, атышуу, жер, суу талаштардын чыгышына таасир этип жатканы Ошто өткөн илимпоздордун жыйынында айтылды.

Орто Азия, анын ичинде Фергана өрөөнүндөгү аймактардын чек ара тилкелери алгач 1925-жылы такталган. Окумуштуу Жумали Адилбаевдин айтымында, ал убакта административдик бөлүнүүлөр калыптана элек болгондуктан, иш документ боюнча калган:

- 1925-жылдын 16-апрелинде Орто Азия элдеринин чек аралары биринчи жолу такталган. Бул укуктук-нормативдик жактан алгачкы документ болгон. Бирок ошол актка Кыргызстан да, Өзбекстан да, Тажикстан да канааттанган эмес. Ар бир жактын өзүнүн сын көз караштары бар болчу.

Илимпоздун белгилешинче, бул документ дагы 3 жыл талкууланып, соңку чечим 1927-жылга келип такалган. Муну бекитүүдө кыргыз тараптан өкүлдөр катышкан эмес. Ошонун айынан Кыргызстандын айрым аймактары коңшу Өзбекстанга өтүп кеткен:

Жумали Адилбаев.
Жумали Адилбаев.
- Ошол үч жыл ичинде Баткендеги Сох менен Сүлүктү адегенде эле Өзбекстанга өтүп кеткен. Сүлүктү кайрадан Кыргызстанга өткөрүлгөн. А Сох Өзбекстанда калган да, азыр бизде анклав бойдон турат. Биздин көп жерлер Өзбекстанга чай-пай үстүндө чечилип эле өтүп кеткен. 1927-жылы 3-майда документке ылайык, Сох да Кыргызстанга өтмөй болгон. Эртеси бир түндүн ичинде комиссияга төрагалык кылган Михаил Калинин, мурунку сунуш кылынган 5 позицияны өзгөртүп жиберген.

Бирок 1955-жылы да чек араларды тактоо маселеси кайрадан көтөрүлүп, эки тарап тең макулдашууга келген:

- Элүү бешинчи жылкы эки тараптан түзүлгөн, паритеттүү комиссия кыргыз-өзбек чек ара тилкелеринде макулдашууга келип, бүт такташып чыккан. Ал документти эки өкмөт тең бекиткен. Бирок ошого карабай азырга чейин талаш-тартыш жаратып келет. Кыргызстан 1955-жылкы келишимге эки тарап макул болгон, жер тилкелерди ушул боюнча бөлөлү, сүйлөшүүлөрдү ушул боюнча жүргүзөлү дешсе, Өзбекстандын бийликтери 1927-жылкы келишим боюнча иштейбиз деп атат. Анткени 1955-жылкы келишимди алардын өкмөтү бекиткен менен, өзбектердин бизче айтканда, Жогорку Кеңеши бекитип берген эмес экен. Алар ошону бетке кармашууда. Мына ушундай талаштын айынан сүйлөшүүлөр аягына чыкпай атат. Эки тарап отурганда эле, кайсы документтердин негизинде иштейбиз деген суроо кабыргасынан коюлат да, калган маселелер калып кете берет. Ушул маселени чечип алмайын андан кийинки жанагы жер талаш, суу талаш, чыр-чатак, атышуу эч качан чечилбейт.

Чек ара боюнча өткөн тегерек үстөл. 29-апрель, 2014-жыл.
Чек ара боюнча өткөн тегерек үстөл. 29-апрель, 2014-жыл.
Бирок ага карабай Өзбекстан СССР учурунда да, эгемендик алгандан бери да чек ара тилкелерин өз алдынча белгилеп, тосуп, стратегиялык аракеттерин тындырган эмес. Өзгөчө аймактагы суулардын башы, жолго ыңгайлуу түздүктөр бүт коңшу өлкөнүн аймагында калып кеткен. Бул нерселер кээде кайсы бир маселени чечүүдө рычаг катары колдонулууда дейт күч органдары.

Ош жана Жалал-Абад чөлкөмдүк чек ара башкармалыгынын чек араны кайтаруу бөлүмүнүн зардалы Максатбек Смадилов мындай деди:

- Өзбекстан негизи 2003-жылга чейин эле зымдарды тосуп, жерлерди казып, тактала элек жерлерди эле тосуп алган да. Анын баары дүйнөлүк практикада жөн гана белгилөө деп саналат. Мындайча айтканда, зым тор бул чек ара ошол жерден бүтөт дегенди түшүндүрөт. Анан кийинки убакта Өзбекстан тараптан ирриагциялык маселелер көбүрөөк көтөрүлүп жатат. Жол, суу, канал деген көйгөйлөр бар. Көбүнчө суунун башын байлаган, суу бөлүштүргөн жерлердин баары Өзбекстан ээлеп алган. Ошонун баары бизге таасир эте турган рычагдарга айлантып жатышат барган сайын.

"Крым сценарийи" Ферганага жылып келе жатабы?

Окумуштуулардын жыйынында зарыл болсо анклавдарды, жерлерди алмаштыруу жолдору аркылуу чек араларды тезирээк тактоо керектиги айтылды. Илимпоздор Крым аннексиясын да эске салып, бул окуя Фергана өрөөнүндө кооптуу жагдайды туудуруп жатканына токтолушту:

- Крым сценарийи бул кээ бир аймактар үчүн прецедент түзүп койду. Кээ бирөөлөрдү, “демек чек араны өзгөртсө болот экен, Алматы протоколун эч ким карабайт, Будапешт меморандуму түккө турбаган нерсе экен” деген ойлорго алып келип койду. Айрымдарын болсо таптакыр эле ойлондуруп атат. Айрыкча аскердик лобби деп коебуз, ошол тармактарды. Ошондуктан бул маселелерде форматты өзгөртүү керек, формат жогору болушу керек. Вице-премьерлердин деңгээлинде чек ара тилкелерин чечүү декларативдик түрдө эле болууда. Барып-келип, чай-пай ичип дегендей элес калтырып атат. Ошону үчүн президенттик деңгээлде жолугушууларды өткөрүп, чек араны тезирээк чечпесе болбойт. Алмаша турган жерлерди алмашып, тактай турган жерлерди ылдамыраак такташыбыз зарыл, - деди эксперт Расул Абазбек уулу.
Расул Авазбек уулу.
Расул Авазбек уулу.
Талаштуу чек ара тилкелелеринде жашаган калктын социалдык абалы башка региондорго караганда төмөн экендиги жана ушунун айынан өлкөнүн ичинде жылма миграция күч алып атканы аталган жыйында белгиленди. Ошол себептүү чек ара маселеси талылуу болуп турган Баткен аймагына өзгөчө статус берүү керектигин окумуштуулар белгилешти.

Илимпоз Кудайберди Кадыров, кыргыз бийликтери суу маселесине көңүл буруусу керектигин айтты:

- Чек арада чыгып жаткан жаңжалдар, чыр-чатактар эч нерсе эмес. Аз жылдарда Фергана аймагында суу жаңжалы чыгат. Анын айынан өлкөлөр куралдуу кагылышууга чейин барат. Ошол себептүү биз Баткенде кичи ГЭСтерди куруу менен, бул көйгөйдүн алдын алуубуз керек. Буга чейин сунушталган “Теке-Секирик” долбоорун да кайрадан ишке киргизип, аймакта суу көйгөйүн курчутпай кармап калуу аракетин көрүү кажет.

Жыйынга катышкан адистердин маалымдашынча, кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырымды түзөт, учурда анын 320 чакырымы такталбаган бойдон калууда. Ал эми кыргыз-тажик чек ортосундагы 971 чакырымдын 471и талаштуу тилке.

Соңку 3 жыл ичинде Кыргызстандын чек ара тилкелеринде 41 чыр чатак катталган. Анын 31и курал колдонуу менен орун алганын адистер белгилешет. Чыр-чатактардын бирөө кыргыз-казак, 12си кыргыз-өзбек, 28и кыргыз-тажик чек ара тилкелерине туура келет.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG