Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:54

Кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы аныкталып, кол коюлду. Бирок адистер калган 15 пайыз чек ара сызыгын чийүү татаал машакат болорун белгилешүүдө.

Анткен менен эки мамлекет башчысы Бишкектеги жолугушууда жакын арада чек араны толугу менен тактап, аягына чыгарууга ниеттенип жатышканын жарыялашкан болчу. Бирок адистер чек арадагы эң татаал тилкелерге эми кезек келгенин жана бул иш кыска убакытта бүтпөй турганын айтып, ага кол коюудан аярлай турууну сунушташууда.

Кыргызстандын мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёвдин кыргыз-өзбек чек арасынын 1170 чакырымын бекитип, өткөөл келишимге кол коюшканы тарыхый чечим катары кабыл алынды. Анткени бул чек араны тактоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөттүк комиссияларынын 25 жылдан бери чечилбей келе жаткан ишинин жыйынтыгы болду.

Бул аралыкта тараптар кайсы бир чек ара тилкелери боюнча бир пикирге келсе, экинчи бир жагынан эки ача жолго түшүп, макулдашууга келе албай жүргөн.

Кайсы чек ара тилкелери калды?

Кыргыз өкмөтүнүн чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров эми алдыда калган тилкелердин чек ара сызыгын тактоону тездетүү маселеси турганын билдирди:

- Азыркы күнгө карата Өзбекстан менен тактала элек 36 тилке калды. Алар үч облуста тең жайгашкан. Негизгилерин айтсам, ал "Кемпир-Абад" суу сактагычы. Анын башы Кара-Суу районунан башталып, бир бөлүгү Өзгөн районунда жайгашкан жер тилкелери. Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы Гавасай аймагындагы жана Баткендин Сох анклавынын айланасындагы участоктор. Жалпысынан 36 участок калды. Биз өзбек тарап менен калган тилкелерди тактоо иштерин сентябрь айынын аягында баштайбыз.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапары учурунда чек аранын калган бөлүгүн тактап чыгып, эки тараптын жакын арада аны биротоло бекитүү ниети бар экенин билдирген болчу. Шавкат Мирзиеёв бул маселе Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга жасай турган визити учурунда чечилиши мүмкүн экенине төмөндөгүчө токтолгон эле:

- Бул чынында тарыхый күн. Анткени сиздер билесиздерби, биз өткөн 25 жылда бир чакырым жерди дагы тактай алган эмеспиз. Эми бүгүн минтип бир жылга жетпеген убакытта чек аранын 85 пайызын чийип, бекиттик. Эми болсо чек аранын калган 15 пайызын жакында тактайбыз. Мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга чакыруума макул болгону үчүн Кыргызстандын президенти Алмазбек Шаршеновичке рахмат айтам. Мен бул кыска убакыт аралыгында биз колубуздан келген нерсенин баарын жасай алабыз деп ойлойм. Эки ортодогу аябагандай көп аяр маселелерди алгач биз экөөбүз отуруп талкуулап, анан элибиздин жалпы кызыкчылыгы үчүн аларды чечүү керек деген жыйынтыкка келдик.

Саясий эркти талап кылган чечим

Ошол эле кезде Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев жолугушуу учурунда саясий эрк болсо, эки ортодо чечилбей турган маселе жок экенин айтып, чек араларды тактоону толук аягына чыгаруу үчүн тараптар сүйлөшүүлөрдү жемиштүү жүргүзүп, мунаса табууга кызыкдар экенин айткан. Алмазбек Атамбаев эки тараптуу диалог бар жерде, орток пикир табуу оңой боло турганын төмөндөгүчө белгилеген:

- Кыргыз эли, өзбек эли 25 жылдан бери күтүп, самап жаткан кагаздардын маанилүүсүнө кол койдук. Ушуну менен чек аранын 85% бекитилип, жол ачылып жатат. Ушунчасына тил табышкандан кийин чек аранын 15% боюнча дагы тил табыша алабыз го деп турам. Албетте, ушундай чоң тарыхый иш-чаранын, окуянын болуп жатканына Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапар менен келгени түрткү болуп жатат. Ошон үчүн Шавкат Миромоновичке, өзүмдүн досума, бир тууганыма рахмат айткым келет. Башкысы каалоо болсо, саясий эрк болсо, сүйлөшсө боло турганына ынандык.

"Жети өлчөп, бир кесүү"

Анткен менен чек ара маселесин жакындан билген саясатчылардын айрымдары калган 36 чек ара тилкесин аныктоо эки тараптын мамлекет башчылары ойлогондой оңой иш эмес экени тууралуу кеп салышты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Улукбек Кочкоров чек ара сызыгын аныктоодо саны аз болгону менен эң татаал тилкелерге эми гана кезек жеткенин айтып, аларды шашылыш бекитүүгө болбой турганын эскертти:

- Бул жерде негизги маселе мына ошол "аз калды" деген тактала элек чек аранын 15 пайызында болот. Анткени эки тараптан тең талаш жана эки тарап тең келишүүгө татаал тилкелер калып отурат. Себеби ошол жерлерде стратегиялык маанидеги жана негизги кызыкчылыктагы объекттер жайгашкан чек ара тилкелери калды да. Анан эми муну шашылыш түрдө чечүүнүн зарылчылыгы жок. Алар президент Атамбаевдин бийлигинин калган кыска убактысында чече турган маселелер эмес. Муну биз акыл калчап, эсептерди алып, шашпастан карап чыгып, анан кабыл алганыбыз туура болот. Анткени кээ бир тилкелер боюнча жергиликтүү калк менен макулдашпастан, бир топ кызыкчылыктар эске алынбай туруп сүйлөшүүлөр болуп, мына ошонун негизинде протоколдорго кирип калган жерлер бар. Эгерде мына ошо боюнча чек ара сызыгы аныкталып, бекитиле турган болсо, анда ал жергиликтүү калктын нааразылыгын жаратат.

Улукбек Кочкоров.
Улукбек Кочкоров.

Чек араларды тактоо боюнча кыргыз-өзбек паритеттик комиссиялары буга чейин эле чек ара сызыгынын 1007 чакырымын тактап, макулдашкан. Бирок 2012-жылы өзбек тарап макулдашкан чек ара сызыгынан кайра баш тартып, улам жаңы дооматтар менен чыга баштаган эле.

Кыргыз өкмөтүнүн чек араны тактоо боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров тараптар мурдагы макулдашууга кайтып келип, келишимге кол коюуга жетишилген жагдай тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:

- Баткен облусундагы Бүргөндү массивиндеги 18 чакырымга чукул стратегиялык маанидеги мунай жана газ чыккан жердеги үч тилке боюнча биз чек араны тактап, чийгенден кийин өзбек тарап макулдашууну кайра артына чакыртып алабыз дешкен. Алар айнып буга макул эмеспиз деп чыгышкан. Өзбек тарап Сох анклавына коридор берилгенде гана буга макулбуз деген шарт койгон. Биз болсо ал эбак чийилип, макулдашылган. Аны бир жактуу артына чакырып алууга болбойт жана биз Сохго коридор бере албайбыз деген позицияны айткан болчубуз. Бул жолку сүйлөшүүдө мына ошол макулдашууга макул болуп, аталган үч тилке кабыл алынып, кол коюлган келишимге киргизилди.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1378 чакырымды түзөт. Буга чейин анын 320 чакырымдан ашууну такталбай келген. Анын ичинде эки коңшунун ортосундагы 58 чек ара тилкесинин чек ара сызыгыаныкталбай келген болчу. Жаңыдан кабыл алынган өткөөл келишимге ылайык, мына ошол талаштуу делген элүү сегиз чек ара тилкесинин 22си макулдашылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети ачылды

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG