Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Чек ара келишими биринчи окууда колдоо тапты


Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимди ратификациялоо маселеси жабык каралып, биринчи окууда көпчүлүк добуш менен өттү.

Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасы жөнүндөгү келишимди ратификациялоо маселесин жабык эшик артында карап, биринчи окууда көпчүлүк добуш менен колдоду. Жыйынга премьер-министр Сапар Исаков жана өкмөт мүчөлөрү да катышты.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча мыйзам долбоорун жыйынга катышкан 86 депутаттын 84ү колдоп, экөө "каршы" добуш берди. Кийинки аптада экинчи жана үчүнчү окууда каралып, добушка коюлары күтүлүп жатат.

Парламенттин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрага орун басары, КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев чек ара маселеси Кыргызстандын пайдасына чечилгенин айтууда.

Абдувахаб Нурбаев
Абдувахаб Нурбаев

- Бул маселени өткөндө үч комитет биригип жабык эшик артында талкуулаганбыз. Ошол жыйынга өкмөттүн облустагы өкүлдөрүнүн биринчи орун басарлары чакырылган. Алар облустардагы комиссиялардын төрагалары болуп саналат. Бардык райондун акимдери, айыл өкмөт башчылары келип катышты. Биз стенограмма үчүн баарынын пикирин сурадык. Дээрлик бардыгы чек ара маселеси биздин пайдабызга чечилди деп айтышты. Бирок чек араны тактоодо нааразылыктар болбой койбойт. Ошентсе да өкмөттүн айтымында, чек ара маселеси биздин пайдабызга чечилди.

Нурбаев кошумчалагандай, мыйзам долбоорун парламент ратификациялаган соң мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин 5-октябрга белгиленген Ташкент сапарында эки өлкө башчыларынын кол коюусу күтүлүүдө.

Анткен менен кыргыз-өзбек чек арасынын тактала элек бөлүгүндөгү талаштуу аймактардын тагдырына кызыккандар арбын. Алардын бири Баткен облусунун мурдагы губернатору Султанбай Айжигитов Унгар-Тоо, Сох, Шахимардан сыяктуу аймактарды тактоодо кылдат болууга чакырат.

- Унгар-Тоо, Сох анклавы, Шахимардан сыяктуу кылдат мамиле кылчу жерлер бар. Өзбек тарап Сох менен Шахимардандан коридор бергиле деген талап коюп келишкен. Ага макул болсок өзүбүз анклав болуп калабыз, жолдорубуз жабылып. Ошон үчүн дос болуп кеттик деп эмоцияга алдырып шашылыш чечим кабыл албашыбыз керек. Саясатта эч качан достук болбойт, кызыкчылыктар гана бар. Андыктан абайлашыбыз керек.

5-сентябрь, 2017-жыл
5-сентябрь, 2017-жыл

Буга чейин эки өлкө ортосунда 58 талаштуу аймак болсо, азыркы учурда 36ны түзөт. Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров эки өлкө президенттеринин жылуу мамилеси чек ара маселесине чекит коет деп ишенет.

- Сүйлөшүүлөр 2-раундда да уланат деген маалыматтар бар. Менин оюмча өкмөт алдындагы чек араны тактоо боюнча комиссия дагы иштеп чек араны тактоо иштерин улантат. Анткени өлкө башчылары жакын мамиледе болуп, алакабыз жакшы жакка бурулуп турат.

Эксперт Эркин Абдразаковдун чек ара боюнча маеги.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Бишкекке сапарында кол коюлган. Өкмөттүн маалыматына караганда, аталган келишимде Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылууда. Буга чейин такталбаган чек аранын айынан эки элдин ортосунда чыр-чатактар көп катталып, айрым учурларда кан төгүлгөн.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG