Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:07

Өзбекстандын Сох анклавы жабык турат


Сохтогу чек арачылар.
Сохтогу чек арачылар.

Өзбекстандын Сох анклавына чек ара өткөрмө бекеттери аркылуу каттамдар токтотулуп, транзиттик каттоого уруксат берилбей жатканын “Азаттыкка” Кыштут айыл аймак тургундары бүгүн эртең менен билдиришти. Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү бул маалыматты тастыктап, учурда маселе каралып жатканын, чек ара каттамдар маселеси бүгүн кечке чейин чечилерин ырастады.

Чек ара кызматы азырынча бул маселе боюнча маалымат бере элек. Чек ара эмне үчүн жабылганы азыр ачык айтылбаганы менен, 16-март күнү өзбекстандык айдоочу Фергана-Сох маршруту боюнча Кадамжай районунда кыргызстандык 8 жаштагы баланы койдуруп кеткенине байланыштуу болушу мүмкүн экенин жергиликтүү тургундар маалымдашкан.

Эки күн мурда өзбекстандык айдоочу Кыргызстандын аймагы аркылуу баратып автобус менен сегиз жаштагы баланы койдуруп кеткен. Каза болгон баланын айылдаштары Өзбекстанга таандык автобустун айнектерин талкалап салышкандан кийин Сох анклавынын расмийлерине жарандарды Кыргызстан аймагынан өтүүдө этияттап каттоо тууралуу эскертүү берилген. (JsA)

XS
SM
MD
LG