Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөндөр азайды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде кезек күткөн жүк ташуучу унаалар азайды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат катчысы Салкын Абдыкариева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бүгүн эртең менен 55 жүк ташуучу унаа турат. Кезек жакын арада толугу менен жоюлары күтүлүүдө.

“Ал эми башка өткөрмө бекеттерге унаалар жана адамдар кезек күткөн жок”, - деди Абдыкариева.

Чек ара кызматынын маалыматына караганда, 3-декабрдан тартып казак тарап унааларды өткөрүүнү тездеткен.

2-декабрда Астана шаарында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы “Жол картасына” кол коюлган. “Жол картасы” эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин комплекстүү чечиш үчүн 50 иш-чарадан турат. Анын ичинде чек ара, транспорт, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, бажы жана салык тармактарындагы биргелешип иш алып баруу каралган.

30-ноябрда кыргыз-казак президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Нурсултан Назарбаев Минскте өткөн Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун саммитинде жолугуп, чек ара маселесин талкуулашкан. Анда тараптар эки өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан “Жол картасына” кол коюлуп, чек ара ачыларын убада кылышкан.

Кыргыз-казак чек арасындагы көзөмөл 10-октябрда күчөтүлгөн. Астана буга кыргыз бажысындагы аткезчилик мене түшүндүрсө, кыргыз өкмөтү аны четке каккан. Бирок көзөмөлдү күчөтүүнүн себеби катары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин казак бийлигине айткан сын пикири айтылып келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG