Линктер

шаршемби, 26-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:31

Темир жол: "тарыхый долбоорго" бир кадам


Кыргызстандагы темир жол.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун аткаруунун мөөнөттөрү такталды. Ага ылайык, темир жолдун багыты эмдиги жылы апрель айында аныкталмакчы.

Бул долбоор тууралуу соңку 20 жылдан ашуун убакыттан бери сөз болгону менен түрдүү себептерден улам ишке ашпай келген. Расмий Бишкек темир жол боюнча Кытайдыкынан кескин айырмаланган өз долбоорун да сунуш кылып келгени белгилүү.

Өзбекстандын Ташкент шаарында 25-27-декабрь күндөрү темир жол долбоору боюнча үч тараптуу жолугушуу болуп өттү. Кыргызстандан делегацияны транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калиев баштап барды.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Данияр Сыдыков "Азаттык" менен болгон маегинде долбоордун мөөнөттөрүн аныктоо, каржылоо маселесин чечүү жана техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу боюнча чечимдер кабыл алынганын кабарлады.

Кийинки жолугушуу апрель айына белгиленди жана анда жолдун багыты аныкталмакчы. Элчи расмий Ташкент долбоор боюнча Кыргызстандын сунуштарын колдоп жатканын билдирди.

Данияр Сыдыков.
Данияр Сыдыков.

- Эки өлкөнүн президенттеринин сүйлөшүүсүндө Өзбекстандын президенти Кыргызстандын сунушун, позициясын толук колдоп жатат. Биз кандай сунуш кылсак дагы өзбек тарап колдоо көрсөтүүдө. Биздин негизги максат - темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү. Бул сөзсүз түрдө соода-экономикалык абалыбызга, ички саясатыбызга, маданий-гуманитардык жакка да чоң салым кошот деп эсептеп, Кыргызстанды мүмкүн болушунча көбүрөөк аралай турган, региондорго көбүрөөк бара турган, элге негизи шарт түзүп бере турган вариантты сунуш кылып жатабыз. Ушул боюнча да пикир алмашуу болду. Чечимдерди азырынча толук айта албайм, иш жүрүп жатат. Эң башкысы - Кыргызстандын кызыкчылыгы эске алынып жатат.

Ушул айдын башында, өзбек жана кыргыз президенттеринин Ташкенттеги жолугушуусунда бул темир жол долбоору "тарыхый долбоор" экени айтылган жана тараптар анын курулушун тездетүүнү макулдашкан.

Жогорку Кеңештеги Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Эмил Токтошев парламентте да сунуштар берилерин билдирди: ​

Эмил Токтошев.
Эмил Токтошев.

- Бул Кыргызстан үчүн өтө чоң стратегиялык мааниси бар долбоор. Бул бизге керектүү нерсе. Мүмкүн болушунча эл жашаган аймактарды көбүрөөк аралап өтсө, экономикага ошончо пайдасы тиет. Биз азырынча картаны көрө элекпиз, келишимди окуй элекпиз. Парламентке келгенде да кошумчабызды, сунушубузду айтабыз.

Ал арада Ат-Башы районунун Кытай менен чектешкен айылдарында "темир жол өтөт" деген жердеги там-таш, үлүш жерге байланыштуу бир катар суроолор пайда болду. Облустагы өкмөт өкүлү Аманбай Кайыпов темир жолдун курулушун жергиликтүү эл чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди:

- Темир жолдун курулушун жергиликтүү элдин баары эле колдоп жатат. Бул жерде эч кандай маселе болбойт. Бул жол салынса келечекте облустун өнүгүшүнө чоң көмөк болот, күч берет. Жумуш орундары түзүлөт. Мына, Бишкек-Торугарт жолу бүттү. Эгер ал жерден темир жол өтсө, ошондой эле логистикалык борбор курулса элибиз ошол жерде иштейт, жумуш орундары болот, өздөрүнүн өндүрүмүн сатышат. Кытайга этибизди, сүтүбүздү, балыбызды, суубузду экспорттосок болот. Азыр эми кайсы жерде туннел болот, кайсы жерден айыл аралап өтөт - ал тууралуу азыр мына сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу тууралуу 20 жылдай убактан бери эле сөз болуп, бирок орток пикир табылбай келген.

2002-жылы Бээжин жолдун техникалык-экономикалык негиздемесин тактап, багытын аныктаган. Анда жол Торугарт аркылуу Арпа жайлоосуна түшүп, Өзгөн районунан Кара-Сууга барып, андан ары Өзбекстанга өтмөк. Узундугу 268 чакырым деп эсептелген жана анда 95 көпүрө, жалпы узундугу 50 чакырымга чамалаган 48 туннел салынышы керек болчу.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ошол учурда "Кыргыз темир жолу" ишканасын жетектеп турган Аргынбек Малабаев менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун багытын талкуулап жаткан учур. 7-январь, 2015-жыл.
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев ошол учурда "Кыргыз темир жолу" ишканасын жетектеп турган Аргынбек Малабаев менен Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун багытын талкуулап жаткан учур. 7-январь, 2015-жыл.

2012-жылы Кыргызстан темир жол боюнча өз долбоорун даярдаган. Ага ылайык жол Торугарттан Ат-Башыга түшүп, андан Ак-Талааны аралап өтүп, Тогуз-Тородон Сузакка жетип, анан Өзбекстанга өтмөк. Кыргыз тараптын варианты боюнча жол узарып, 380 чакырым болмок. Бирок тоолорду тешүү, көпүрө салуу кыйла азайгандыктан курулуш баасы арзан болот деп айтылган.

Эки жыл мурун расмий Бишкек дагы башка вариантты сунуш кылган жана анда "чыгым кыйла азаят" деп ишендирген.

Буга чейин жолдун курулушун каржылоо маселеси чоң талкуу жараткан жана долбоордун болжолдуу баасы эки миллиард долларга бааланган. Кытай тарап жол үчүн кен байлыктарын сураганы тууралуу да маалыматтар чыккан.

Кыргыз бийлиги болсо буга чейин жол куруунун эки ыкмасын сунуш кылып келген. Анын бири концессия, экинчиси биргелешкен ишкана куруу болчу. Кыргызстан Кытай тарап концессияга көнгөнүн, тактап айтканда, жолду кайсы бир чет өлкөлүк жеке компаниянын каражатына куруп, ал өзүн актагандан кийин кыргыз тарапка өткөрүп берүү ыкмасына макул болгону маалымдалган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG