Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 07:03

Жаңы жолго Атамбаевдин атын коюу сунушталды


Алмазбек Атамбаев жаңы салынып жаткан түндүк-түштүк жолу менен таанышууда. 21-ноябрь, 2017-жыл

Жогорку Кеңеште "Бир бол" фракциясынын депутаты Кубанычбек Жумалиев түндүк-түштүктү байланыштырган кошумча жолго экс-президент Алмазбек Атамбаевдин атын ыйгарууну сунуш кылды.

Парламентте мындай демилгени колдогондор бар, ошол эле учурда айрым депутаттар аны "шашылыш демилге, жагалдануу" деп баалап жатышат.

Мындан туура бир жыл мурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Алмазбек Атамбаевди "журт атасы" деп атаган. Ошол кезде "Ата Мекен" фракциясынын төрагасы, азыр камакта жаткан Өмүрбек Текебаев Атамбаев менен анын командасын "бийликти узурпациялап алды" деп айыптап, ага импичмент жарыялоону сунуш кылып жаткан эле.

Депутат Кубанычбек Жумалиев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ысымын жаңы курулуп жаткан түндүк-түштүк жолуна ыйгарууну Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин соңку жыйынында сунуш кылды. Ал транспорт жана жолдор министрин азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун атын чыгарыш үчүн Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоого көндүрүүгө үндөдү:

Кубанычбек Жумалиев.
Кубанычбек Жумалиев.

- Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан жолу боюнча - биздин жаңы президентибизге ушул жол өтө керек. Кадырын салып Кытай Эл Республикасынын төрагасына барсын, "сөзсүз баштап, жартысына жеткирип койсоңуз, ошондо атыңыз калат" деген ойду түшүндүрүп берсеңиз. Анан ушуга байланыштуу альтернативдүү жолго Алмаз Шаршеновичтин атын коюш керек деп дагы бир сунуш киргизет элем.

Кубанычбек Жумалиевден демилгесинин күңгөй-тескейи тууралуу кеңири комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Анткен менен мындай сунушту колдогондор парламентте четтен табылат. Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин мүчөсү, "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов Алмазбек Атамбаевдин аты бул жолго ыйгарылышы керек деп эсептейт:

"Түндүк-түштүк жолу - Алмазбек Шаршенович президент болуп турган кезиндеги эң чоң долбоор".

- "Кусейин Көлбаев атындагы туннель", "Абды Сүйөркулов атындагы жол" деп адамдын атын берип эле жатабыз да. Түндүк-түштүк жолу Алмазбек Шаршенович президент болуп турган кезиндеги эң чоң долбоор болуп жатат. Анын атын жолго бергенге мен каршы эмесмин. Жол деле адамдын аты менен аталышы керек. Мен бул демилгени колдойм. Атын бүгүн же эртең берүү жөнүндө ойлонбоптурмун. Анын атын коюуга татыктуу киши. Ошол киши салдырды. Ошол киши ушул долбоорду алып келди. Атын беришибиз керек деп ойлойм.

Жаңы салынып жаткан жол. 21-ноябрь, 2017-жыл
Жаңы салынып жаткан жол. 21-ноябрь, 2017-жыл

Аталган комитеттин төрагасынын орун басары, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу болсо курулуп бүтө элек жолго ат берүү боюнча демилгени сынга алды.

- Мындай демилге жол курулуп бүтө электе көтөрүлгөнүн ашыкча жагалдануу, шашылыш деп эсептейм. Мисалы, Кубакы жолун убагында Турдакун Усубалиев өз эмгеги менен салган десем жаңылышпайм. Анын аты деле эч жерге берилген жок. Негизи адамдын эмгеги бааланышы керек. Бирок жол бүтө элек жатканда демилге көтөрүлүшүн шашылыш деп эсептейм. Адамдын эмгегин ал өлгөнүн күтүп отурбай деле бааласак жакшы болмок. Бирок адегенде жол бүтсүн. Эл бул туңгуюктан алып чыккан жол экенин байкаганда гана көтөрсөк болмок. Тарых тастыктап, эл жолдун үзүрүн көргөндөн кийин гана атын берүү боюнча демилге көтөрсөк туура болмок. Алмаз Шаршеновичтин кылган иши бааланып, Кыргызстандагы эң жогорку "Ак шумкар" ("Кыргыз эл баатыры") наамын алды. Мен бул наамдын берилишин колдодум. Бирок жолго атын берүүнү шашылыш деп ойлойм жана бул сунуш жалпы комитеттин пикирин билдирбейт.

Коомдук-саясий ишмер Эмилбек Каптагаев кошумча жолдун курулуп жатканын колдойт. Анын пикиринде, ага ат коюудан мурун анын курулушун, кеткен чыгымды, баасын жакшылап текшерип чыгыш керек:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Бул жолдун курулушу да жакшы башталган. Ошол кезде "жол 600-700 миллион долларга эле бүтөт экен, өнүгүүгө өбөлгө болот экен" деп айтылды эле. Бирок жол курула баштагандан бери көп суроолор жаралып жатат. Курулуп бүтө электе эле долбоору оңдолуп жатат. Туннелдердин ордуна эстакада, дагы башка көп нерселер өзгөрүп кетип жатат. Эң башкысы - бүгүнкү күнгө чейин "жол канча каражатты талап кылат, бизге канча түйшүк менен келип жатат" деген так маалымат коомго айтыла элек. Бирок мурда айтылгандай 700 миллион доллар менен бүтпөй, эки миллиарддан ашып түшөт дегендей ар кандай пикир жаралып жатат. Азыр жолдун даңкын-даңазасын, ат коюуну талашпай, бул жолдун тагдырын чечиш керек. Келечекте коомчулукка жүк болчу нерсе болгондон кийин ага кеткен каражатты, сметаларды, чыгымды дыкат тескеп чыгыш керек.

Эмилбек Каптагаев Алмазбек Атамбаевдин атын жолго ыйгаруунун мыйзамдык жол-жобосуна да токтолду:

- Депутат Кубанычбек Жумалиевдин демилгесинин эч бир мыйзамдык негизи жок. Анткени бизде мыйзам боюнча "кимдир бирөөнүн атын түбөлүккө калтыруу же болбосо атын кандайдыр бир кокту-колотко берүүдө ал кишинин көзү өткөндөн кийин беш жылдан кийин каралат" деп жазылып турат. Мына "баатыр" деген наамды беребиз дегенде макул болдук. Эми жок жерден бирөөнүн жеке керт башын, жасабаган ишин, кылбаган эрдигин даңазалай берүүнүн азыр эч кандай кереги жок. Анда Бишкек-Ош жолуна Аскар Акаевдин атын берели. Торугарт жолу Курманбек Бакиевдин тушунда ишке ашкан, анда ага Бакиевдин атын берели. Баарынын ошентип аттарын бөлүштүрүп берели. Ушундай маселе көтөрүш керек. Негизи эле жолго ат берүү салтта да, наркта да жок. Көчөгө, шаарга, айылга эми коюлуп жүрөт. Бирок килейген даңгыр жолго бирөөнүн атын беребиз дегенди мен обу жоктук деп эле ойлойм.

Өлкөнүн түндүк-түштүгүн бириктирген Балыкчы – Жалал-Абад жолун куруу 2014-жылы башталган. Анын жалпы узундугу 433 чакырымды түзөрү, жалпысынан 800 миллион доллардан ашык каражат кетээри жана курулуш 2018-жылы аяктай тургандыгы айтылган. Учурда жолдун курулушу белгиленген мөөнөттөн кыйла кечигип жатат жана баасы да кымбаттады.

Кыргыз өкмөтү бул жолду салыш үчүн Кытайдын импорттук “Эксим” банкынан 400 миллион доллар өлчөмүндө жеңилдетилген насыя алган. Быйыл Ислам өнүктүрүү банкынан да насыя алуу боюнча келишим түзүлгөн. Жолдун курулушунун кымбаттыгы боюнча парламентте да сөз болгон эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG