Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:11

Өмүркулов: Атамбаев - журт атасы


Иса Өмүркулов
Иса Өмүркулов

"Алмазбек Атамбаев журттун атасы, ал Конституциянын гаранты" - деп билдирди бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештеги социал-демократтардын лидери Иса Өмүркулов мамлекет башчыга импичмент жарыялоо тууралуу көтөрүлүп жаткан демилгени комментарийлеп.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мамлекет башчы жана анын тегереги бийликти узурпация кылып алганын айтып, президентке импичмент жарыялоо боюнча документтерди топтоо процесси башталганын жарыялаган.

"Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып Өмүркулов президентти "улут атасы эмес, журт атасы" деп айтканын билдирди.

"Улут атасы", "Эл башы" деген макамдар Борбор Азия аймагында тажик, казак президенттерине расмий берилген. Бул өлкөлөр авторитардык бийлик орногон режимдер катары сынга кабылып келет. (RK)

XS
SM
MD
LG