Линктер

шейшемби, 24-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:08

Жогорку Кеңештин депутаты Канатбек Исаев түндүк-түштүк кошумча жолун куруунун баасына байланышкан маселени көтөрүп, курулуш баасы башка жолдорго салыштырмалуу жогору болуп жатат деген шектенүүсүн айтып чыкты. Муну Транспорт министрлиги негизсиз деп четке кагып, жол куруунун шарты көп каражатка муктаж экенин билдирди. Президент Атамбаевдин башкаруу жылдарындагы эң ири долбоор саналган жолдун курулушун бүткөрүү мөөнөтүнөн кечигип жатат.

Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Канатбек Исаев аталган жолдун курулушу башка жолдорго салыштырмалуу эки эсе кымбат жүрүп жатканын белгилеп, парламентти буга көңүл бурууга чакырды:

- Бизге жеткен маалымат боюнча, альтернативдүү жолдун курулушу эки эсеге кымбат жүрүп жатат. Муну тактоо үчүн парламент каникулда экенине карабай, Транспорт министрлигине беш-алты кат жолдодум. Жогорку Кеңештин жаңы сессиясы башталганда түндүк-түштүк кошумча жолунун маселесин сөзсүз түрдө көтөрөбүз.

Канатбек Исаев
Канатбек Исаев

Бирок Канатбек Исаев аталган долбоордун мурдагыга караганда канчалык кымбаттаганы тууралуу так эсеп бере алган жок. Ал Транспорт жана жолдор министрлигинин жообун алган соң тактап, маалымат берерин билдирди.

Анткен менен Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов депутаттын шектенүүсү негизсиз экенин айтып чыкты. Министрдин билдиришинче, түндүк-түштүк кошумча жолунун курулушун башка түз жолдорго салыштырып болбойт:

- Жаңы курулган жол менен эски жолду калыбына келтирүүнүн чоң айырмасы бар. Экинчиден, ал жерде курулуп жаткан жолдун үстүңкү катмары бул жакта салынып жаткан жолдон башкача. Шарты оор. Дагы бир өзгөчөлүк, ал жакта эстакада көпүрөлөр бар. Кышта көчкү түшүп калбасын деп туннелдерди куруп жатабыз. Депутаттын негизсиз айта бергени туура эмес.

Жамшитбек Калилов
Жамшитбек Калилов

Кыргызстандын түндүк менен түштүк аймактарын бириктирген Балыкчы – Жалал-Абад жолу 2014-жылы курула баштаган. Жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Долбоордун жалпы баасы 855 млн долларды түзөт деп эсептелген. Курулуш үч фаза менен жүрүп, алгач 2018-жылы аяктары айтылган.

Башкача айтканда, алгачкы фазада Жумгалдагы Кызыл-Жылдыз айылынан Арал айылына жана Казармандан -Жалал-Абад шаарына чейин, экинчи фазада Арал айылынан Тогуз-Торонун Казарман айылына чейин, ал эми үчүнчү бөлүктө Кызыл-Жылдыз айылынан Балыкчы шаарына чейин куруу мерчемделген.

Учурда жолдун экинчи фазасы же Жумгал районунун Арал айылынан Казарманга чейинки бөлүгү курулуп жатат.

Долбоордун алгачкы эки фазасына же 250 чакырымды бүткөрүүгө 700 миллион доллар каражат керектелет. Курулушка Кытайдын импорттук “Эксим” банкы 400 млн доллар жеңилдетилген насыя берген.

Мындан сырткары Ислам өнүктүрүү банкынан насыя алуу боюнча быйыл келишим түзүлдү

Ошол эле кезде жол куруунун мөөнөтү алгач пландалгандан кечигип жатат. 2014-жылы жолдун курулушу башталып жатканда анын төрт жылда же 2018-жылы бүткөрүлөрү мерчемделген.

Азыр болсо Транспорт жана жолдор министрлиги курулуштун мөөнөтү кечигип жатканын моюнуна алып, мунун орчундуу себептери бар экенин белгилешүүдө.

Долбоордун кечеңдешин транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Мөөнөттөрдө артка жылуу тенденциясы болушу мүмкүн. Себеби, жолду каржылоо булагына байланыштуу. Бюджетибиз муну көтөрө албайт. Донорлорду тартуу менен алектенип жатабыз. Ошондуктан, объективдүү себептер деп айтсак болот.

Эми Транспорт министрлиги жолдун алгачкы бөлүгү 2019-жылы, ал эми толугу менен 2020-жылы бүткөрүлөрүн билдирүүдө. Мындай жол менен жолдун курулушу эки жылга чейин кечигүү менен жүрүп жатканын адистер белгилешет.

Мөөнөт узарса, ага жараша чыгым да күчөйт. Ошондуктан, бул маселелердин баары көзөмөлдө болушу керек.
Ишенбай Кадырбеков

Мурдагы транспорт министри Ишенбай Кадырбеков жол куруу сыяктуу ири долбоорлордун баасын жана мөөнөтүн коомчулуктун көзөмөлүндө болушу туура деген пикирде:

- Долбоордо геологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, транспорттук чыгымдардын коэффиценттеринин баары эсептелип, анан смета түзүлөт. Аны Транспорт министрлиги бекитет. Ошол каражаттан ашыкча чыгым кетсе ага жооп бериши керек болот. Ошондой эле мөөнөтү да сметага киргизилип, анын канчага бүтөрү так жазылат. Эгерде мөөнөт узарса, ага жараша чыгым да күчөйт. Ошондуктан, бул маселелердин баары көзөмөлдө болушу керек.

Түндүк-түштүк альтернативдүү жолу Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндөгү эң ири долбоорлордун бири болуп саналат.

Муну президент өзү да бир нече жолу кайталап, акыркы ирет Чолпон-Атадагы маалымат жыйынында сыймыктанчу долбоорлордун катарына кошкон эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG