Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:51

Түндүк-түштүк кошумча жолу өзүн актайбы?


Түндүк-түштүк кошумча жолунун курулушу.
Түндүк-түштүк кошумча жолунун курулушу.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырчу кошумча жолдун 1-фазасы Жумгал районунун Арал жана Кызыл-Жылдыз айыл аймактарында башталган.

Ош - Бишкек жолуна альтернатива болчу түндүк-түштүк же башкача айтканда, Жалал-Абад - Балыкчы жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Унаа жана байланыш министри Калыкбек Султановдун айтымында, жаңы курулчу кошумча жол Жалал-Абад – Бишкек - Балыкчы жолуна салыштырмалуу 330 чакырымга кыска болот.

- Жалал-Абаддан Бишкек аркылуу Балыкчыга барганга караганда бул жак 330 чакырымга кыска болот. Жол түптүз, болгону Көк-Арт ашуусу бар. Анын бийиктиги болгону 2500 метр, ал эми Төө-Ашуунуку 3000 метр. Бул жолдун түндүк менен түштүктү байланыштырууда мааниси аябай чоң. Анткени Төө-Ашуу суткасына болгону 460 машине өткөнгө ылайыкталган. А азыр болсо суткасына 3500 автомашина өтүп жатат. Тактап айтканда, Бишкек – Ош жолуна абдан эле күч келүүдө. Зарылдык ушунда.

"Жол курулчу каражатты донорлор берет"

Султановдун маалыматына таянсак, түндүк-түштүк жолунун жалпы курулушуна 855 млн. доллар каражат керектелет. Бул үчүн буга чейин Кытайдын экспорттук-импорттук “Эксим” банкынан 400 млн. доллар жеңилдетилген насыя алынган. Калган 455 млн. доллар кайсы эл аралык донордун эсебинен каржыланары азырынча белгисиз.
Жолдун курулушу.
Жолдун курулушу.
- 1-фазанын каражаты Кытайдын кредити менен толугу менен чечилди. Ал эми 2-3-фазаларга эл аралык донорлордон каражат издеп жатабыз. Эгер каржылоо булагы табылып калса, жакынкы 4 жылда бул жолду пайдаланууга беребиз. Техникалык сапаты боюнча 2-категорияда болот. Бул эл аралык нормаларга жооп берет дегенди билдирет.

Жалал-Абад-Балыкчы жолунун курулушу 3 фазага бөлүнгөн. Биринчиси - Жалал-Абад - Казарман, экинчиси Казарман - Арал жана акыркысы Арал – Кочкор - Балыкчы. Долбоор боюнча 115 чакырым жол жаңы курулат жана учурда пайдаланылып жаткандан калган жолдор калыбына келтирилет. Түндүк-түштүк кошумча жолу Көк-Арт ашуусуна курулчу узундугу 3,7 чакырымдык тоннель аркылуу өтөт.

Аталган жолду куруу демилгесин президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйында көтөрүп чыккан. Ал 2013-жылдын 14-майында сүйлөгөн сөзүндө буларга токтолгон.

- Күйө турган маселе - альтернативдүү кара жол. Анткени кокус Төө-Ашуу жарылып кетсе, Кыргызстан эмне болот? Кошумча кара жолду кандай болсо да салышыбыз керек, анткени бул Кыргызстандын биримдиги, келечеги үчүн керек. Кудай буйруса, ушул кошумча жолдон өзүбүз өткөндөй бололу. Муну карызга батсак да жасаш керек.

Кошумча жол саясий гана долбоорбу?

Деген менен бул жолдун курулушуна каршы болгондор да жок эмес. Алардын бири парламент депутаты, улуттук оппозициялык кыймылдын теңтөрагасы Равшан Жээнбеков. Анын айтымында, Атамбаев бул долбоор аркылуу саясий упай топтоону гана көздөйт. Болбосо жолдон эч кандай экономикалык пайда болбойт.
Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.
- Экономикалык долбоордо ошол каражатка кеткен каражат канча жылда өзүн актары анык болот. Түндүк-түштүк жолу качан өзүн-өзү актайт дегенге тилекке каршы эч ким жооп бере албайт. Бул жөн гана президенттин саясий долбоору. Анткени ага Атамбаев ушул жолду курган деген ат керек. Экинчиден, Оштон эч качан Балыкчыга же Нарындан Ошко түз барышпайт. Эл баары бир Бишкек аркылуу каттайт. Ошондуктан альтернативалык жолдун азырынча кереги жок.

Жээнбеков тышкы карыздын көлөмүн көбөйткөн насыяларды андан көрө билим берүү, саламаттыкты сактоо, коопсуздук сыяктуу приоритеттүү тармактарга жумшаса жөндүү болорун кошумчалайт.

Кошумча жолдун курулушун кытайлык “Чайна роуд” компаниясы жүргүзүүдө. Эки тараптуу келишимдерге ылайык, жумушчулардын 30 пайызын кытай жарандары, 70 пайызын жергиликтүүлөр түзүшү керек.

XS
SM
MD
LG