Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:13

Президент Алмазбек Атамбаевдин Чолпон-Ата шаарындагы басма сөз жыйынындагы айткан ойлору анын алты жылдык мамлекет башчы катары ишмердүүлүгүнүн отчету катары кабыл алынды.

Кыргызстан тышкы мамилелерде өз алдынча саясат жасай алдыбы? Инвестиция тартуу аракеттери өлкөнүн кызыкчылыгына иштедиби? Президенттин айланасындагы адамдар анын саясатына, чечим кабыл алуусуна канчалык таасирин тийгизди?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Артыкбаев, Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов жана саясат таануучу Сейтек Качкынбаев катышты.

“Азаттык”: Сейтек мырза, президент Атамбаев Чолпон-Ата шаарында өткөн басма сөз жыйынында “Кыргызстан азыр башка өлкө” деген сөзүн кайталады. Анын бул сөзүнө таянсак мамлекетте алты жылда кандай чоң өзгөрүүлөр болду?

Сейтек Качкынбаев: Мен бул суроого эки жактан жооп берейин. Президенттин жакын кишилеринин бири Чыныбай Турсунбековдун пикири боюнча акыркы алты жыл туруктуулуктун жылы болду.

“Эми мындан ары үмүттү жараткан өнүгүүнүн жолуна алып келели", - деди Чыныбай мырза. Демек Атамбаевдин доору өнүгүүнүн эмес, стабилдүүлүктүн гана мезгили болду деп айтсак болот. Муну илимде “статус-кво” б.а. жаман да эмес, жакшы да эмес, өзгөрүү болгон жок деп коет. 2010-жылы өлкөдө абал кандай болсо, азыр деле эч өзгөрүүсүз калды десек болот.

Экинчиден, Кыргызстанды биз эл аралык көз каранды эмес уюмдардын баасы боюнча карап көрөлү. Коррупциянын деңгээлин иликтеген эл аралык уюмдун баасы боюнча 178 өлкөнүн ичинде Кыргызстан 136-орунда турат. Бул факты Кыргызстан башка өлкө болуп өзгөрө албаганынан кабар берип турат. Эгер биз 80-90-орундарда болгондо ошондо өзгөрдүк деп айтсак болот эле.

Дагы бир эл аралык уюм демократиянын деңгээлине баа берди. Саясий эркиндик, атуулдук эркиндик, сөз эркиндигинин жыйынтыгы боюнча 2011-жылы 5,5 балл алсак, азыр деле ошондой деңгээлде калдык. Эгер жакшы жагына өзгөрсөк 3-4 деген баа алат элек да. Дагы бир уюм бизнеске шарт түзүү деңгээлин изилдеп көрдү. Анын абалы Курманбек Бакиев заманындагы деңгээлде калганын айтууда. Ишкерликке көп тоскоолдуктар, тыюу салуулар болгонун белгилешүүдө.

Осмон Артыкбаев: Элестетсеңиз, 2010-жылы мамлекеттин тагдыры жардан салаңдап турган. Ар кандай саясий күчтөрдүн ортосунда жаңжалдар, улуттар аралык чыр-чатактар болду, өтө оор мезгил өттү. Кээ бир сырткы саясатчылар, серепчилер “Кыргызстан мамлекет болбой калды” деп чыгышпадыбы. Бир жагынан алардын айтканы туура болчу, ошондой абалда турганбыз. Украина, Сирия, Ирак мамлекеттери эмне болуп жатат? Бүгүн Кыргызстан стабилдүү саясаты бар өлкө катары өнүгүп жатпайбы. Бул биздин бирден бир жеңишибиз. Азыр өзүбүздүн позициябызды бекемдеп, аброюбузду көтөрүп жатабыз. Эл аралык деңгээлде тең тайлашып мамиле кылган деңгээлге жеттик.

Президент Атамбаевдин жылдык жыйыны

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев бүгүнкү жылдык маалымат жыйынында 2016-жылы аткарган иштери жана Кыргызстандагы коомдук-саясий абал боюнча суроолорго жооп берди.

Марат Иманкулов: Биз кыргыздар өзүнөн-өзү эле чачырап кете турган калк эмеспиз. Биз 2005-2010-жылдары кандай үмүттөр менен келгенбиз, ал акталдыбы? Кеп ошондо. Азыркы президент иштебей жүрсө деле ушундай эле абал болмок. Азыр эл өзүн-өзү багып жатат.

“Азаттык”: Президент Атамбаев Кыргызстандын АКШ жана Орусия менен болгон мамилелеринин өзөгүндө эки өлкөнүн аскер базалары турганы менен түшүндүрдү. Биз держава өлкөлөр менен чындап эле көз карандысыз саясат жүргүзө алдыкпы?

Марат Иманкулов: Бул эки держава мамлекет менен тең ата сүйлөшөм деп кантип айта алабыз? Эгер биз коопсуздугубузду 100 пайыз коргой алабыз деп ишенсек анда эмне үчүн ар кандай уюмдарга кирип, мүчөлүк акыларын төлөп жүрөбүз? ЖККУ, ШКУ, КМШ деген уюмдарга эмнеге мүчө болдук?

Кыргызстан азыркы глобалдык коркунучтардан өзүнүн коопсуздугун коргоп, сактай албайт. Жөн эле мактана бербеш керек. Башканы кой, мына биздин жаныбыздагы аймакта кандай процесстер болуп жатат? Биз муну сезишибиз керек. Ооганстандын түндүгүндөгү окуялар, кырдаал эмнеден кабар берет? Булардын баары акырындап, жылып-жылып келе жаткан коркунучтар десек болот.

Осмон Артыкбаев: Бизде энергетика тармагында олуттуу иштер, кадамдар жасалганын көрүп жатабыз. Бүгүнкү Кыргызстан - энергетика боюнча көз карандысыз өлкө. Саны эле эмес, сапаты боюнча да ушуга жеттик. Газ боюнча маселе чечилди, түндүк-түштүк жолу курулууда. Ушундай жетишкендиктерди көрбөсөк кудай да кечирбейт. Жакырчылык тизмесинен чыктык.

Сейтек Качкынбаев: Дүйнөлүк банктын баасы боюнча Кыргызстандын элиндеги жакырчылык 2011-жылы 30 пайызды түзсө, учурда 33 пайызга өстү. Бул Кыргызстанда кедейлердин саны 180 миңге көбөйдү деген сөз.

Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз:

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG