Линктер

ишемби, 23-июнь, 2018 Бишкек убактысы 08:20

Өзбекстан Кыргызстанда автоунаа тейлөө, айыл чарба техникасын кураштыруу, пластик буюмдарды чыгаруу жана башка тармактар боюнча тогуз ишкана ачууну максат кылууда. Алардын ичинен жетөө "биргелешкен кыргыз-өзбек ишканасы" деген макамда иштейт.

Бул долбоорлорго байланышкан макулдашуулардын айрымдары ишке кире баштады.

Ишканалар үч шаарда ачылат

Ош шаарында өзбекстандык “Artel Engineering” жана кыргызстандык “Л.Т.Б” фирмалары "Artel" брендиндеги кир жуучу аппараттарды кураштырган ишкана ачат. Ошондой эле өзбекстандык “Perfect Plast Profil” менен кыргызстандык “Имзо ЛТД” пластик, алюминий профилдерин чыгаруучу цех курат.

Ош шаарынын вице-мэри Замир Аскаровдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, бул ишканалардын курулуш иштери бүтүп калды, учурда шаймандары орноштурулууда:

Замир Аскаров.
Замир Аскаров.

- Биздин шаардын делагациясы Өзбекстандын Анжиян облусунун жана шаарынын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кээ бир келишимдерге кол коюлган. Ошолордун айрымдары ишке ашты, айрымдары жакында ишке киришет. Мисалы, Өзбекстандын Асака шаарындагы “УзАвтоСаноат” ишканасы менен түзүлгөн келишим боюнча, Ош шаарында Өзбекстанда чыгарылган жеңил автоунаалар сатылуучу салон ачылып, учурда иштеп жатат. Мындан тышкары биздин жеке ишкерлер менен алардын ишкерлеринин ортосунда кызматташтык жүрүп жатат.

Кыргыз-өзбек кызматташтыгынын алкагында түзүлгөн меморандумга ылайык, Өзбекстандын "Узавтосаноат" холдинги Кыргызстандын үч ишканасы менен кызматташып, айыл чарба техникасынан тартып жеңил автоунаа жана автобустарга чейин кураштыруучу ишканаларды түзүүнү көздөп жаткан кези. Бул тууралуу Кыргызстандын Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу “Азаттык” радиосуна билдирди:

Шумкарбек Адилбек уулу.
Шумкарбек Адилбек уулу.

- Биринчи ишканасы боюнча азырынча меморандум түзүлдү. Кыргызстан тараптан “Автоцентр Эстокада” жана "Равон Моторс Тянь-Шань" ишканасы менен чогуу "Узавтосаноат" жеңил автоунаа кураштыруучу завод жана дилердик борбор ачканы жатат. Экинчиси - кыргызстандык “ДТ Техник” компаниясы менен автобустарды кураштыруу боюнча жана ошондой эле айыл чарба техникаларын кураштыруу боюнча Кара-Балтадагы "Автооңдоозаводу" менен чогуу келишим түздү.

Шумкарбек Адилбек уулунун маалыматы боюнча, Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Ташкенттеги “Artel Engineering” ишканасы меморандум түзүп, ага ылайык өзбек ишканасы Бишкекте "Артелтех" мектебин жана Ош шаарында “MediaPark” аттуу көңүл ачуучу борбор курмакчы.

Темир жолдогу транзит акысы кымбат

Кыргыз-өзбек экономикалык алакасы эки өлкөнүн саясий мамилеси оңоло түшкөндөн бери өнүгүү жолуна бет алганын кыргызстандык жеке ишкерлер да белгилеп жатышат. Жалалабаддык жеке ишкер Бейшенбек Бегматов чек ара ачылгандан бери эки өлкөнүн ортосунда товар алмашуу кыйла жеңилдегенин айтып, бирок бул ийгиликти дагы бекемдеш үчүн темир жол каттамындагы транзиттик төлөмдөрдү азайтуу зарыл деген пикирде. Бегматов бул сунушун 13-декабрда президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстандагы расмий иш сапарында да делегация менен чогуу барып, өзбек бийлигине айткан:

Өзбекстан Кыргызстан менен темир жол каттамын Тажикстанды кыйгап кайра кургандан бери транзиттик төлөмдөрдү көтөрүп койгон. Андыктан азыр темир жол аркылуу Казакстанга, Орусияга же ал жактан бери товар ташуу кымбатка түшүп атат.

- Бизге Казакстан темир жол боюнча транзиттик төлөмдөрдү азайтып берген, ошону айтып, биз өзбек бийлигинен да ушуну сурандык. Анткени Өзбекстан Кыргызстан менен темир жол каттамын Тажикстанды кыйгап кайра кургандан бери транзиттик төлөмдөрдү көтөрүп койгон. Ошондуктан азыр темир жол аркылуу Казакстанга, Орусияга же ал жактан бери товар ташуу кымбатка түшүп жатат. Арга жоктон, Төө-Ашуу аркылуу бир топ күн күтүп, жиберүүгө мажбур болуп жатабыз. Эгер транзиттин баасы арзандап, темир жол каттамы жолго коюлуп калса, өлкөнүн түштүк тарабына күйүүчү май да темир жол менен келип, баалар бир топ түшмөк.

Өзбекстан былтыр Тажикстанга темир жол транзит акысын 40% азайтканын белгилеген ишкерлер Ташкент Кыргызстан тараптын да өтүнүчүн жоопсуз калтырбайт деген ишеничте. Өзбекстандын тартиби боюнча темир жол транзити ташылуучу товардын баасына карай өлчөнөт. Маектешибиз Бейшенбек Бегматовдун айтуусунда, учурда Казакстандан ташылуучу тоют үчүн транзит акы тоннасына 28 доллар.

Кыргызстандык дагы бир ишкер Муратбек Ибраев кыргыз-өзбек чек арасы ачылгандан бери, ал жактан келип жаткан товарлар кыйла арзандаганын байкаган:

- Биздин кондитердик ишканабыз жер жаңгакты Өзбекстандан алат. Мурда күз бүтөөрү менен баа көтөрүлүп кетчү. Быйыл бышыкчылык маалында кандай баада алып келсек, азыр деле дал ошол баада алып келип жатабыз.

"Өзгөрүү жок, аткезчилик күчүндө"

Кыргызстандан Өзбекстанга травертин (сары таш), цемент, көмүр, бал, эт, сүт, картошка, пияз, сабиз, минералдык суу экспорттолот. Ал эми Өзбекстандан минералдык жер семирткичтер, айыл чарба азыктары, пахтадан согулган кийим-кече, кездеме жана башкалар келет. Ишкерлер азырынча бул товарлардын кирип-чыгышы мурункудай эле аткезчилик жол менен ишке ашып жатканын да белгилешти. Баткендик ишкер Жаныбектин айтуусунда, Өзбекстандын Кыргызстандагы Сох анклавына товар алып кирип-чыгууда мурдагы эле схема иштеп жатат:

Чек арадан бир көрүнүш. Архивдик сүрөт.
Чек арадан бир көрүнүш. Архивдик сүрөт.

- "Чек ара ачылды" деп жатышат. Бирок биз эч кандай өзгөрүү деле сезген жокпуз. Көмүр жана башка товарлар бизден аларга мурда кандай кирип жүргөн болсо, азыр деле ошол. Алардан күрүч менен майды деле дал ошондой жол менен алып чыгып жатабыз. Тескерисинче, азыр чек арадан машинелердин кириши кыйла татаалдашты, автоунаадан алуучу акыны 50-100 долларга көтөрүп коюшту.

Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн өлчөмү 2016-жылы 150 миллион доллардын тегерегинде болгон. Өткөн жылдын 11 айында бул көрсөткүч 260 миллион доллар деп эсептелген. Кыргыз өкмөтү быйыл соода жүгүртүүнүн көлөмү 500 миллион долларга жеткирилет деп болжолдоп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG