Линктер

шейшемби, 23-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:09

Мирзиёев: Коңшу менен жакшы мамиледе болбогонду эч ким кечирбейт


Өзбек президенти Ш.Мирзиёев кыргыз кесиптеши С.Жээнбеков менен. Ташкент. 13.12.2017.

Тажикстан менен Өзбекстан виза тартибин жөнөкөйлөштүрөт. Ошондой эле эки тарап чек арадагы талаштуу Фархад ГЭСи боюнча дагы макулдашышты. Жазга пландалган Мирзиёевдин расмий сапарын утурлай, бир катар тармактар боюнча кызматташтык келишимдери даярдалып жатканы маалымдалууда.

10-январда тажик президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Ариповдун жолугушуусунан кийин эки тарап виза тартиби жана тажик-өзбек чек арасынын талаштуу аймагындагы Фархад ГЭСи боюнча макулдашууга жетишкенин маалымат каражаттары кабарлоодо.

Президент Э.Рахмон өзбек өкмөт башчысы А.Ариповду кабыл алды. Дүйшөмбү ш. 10.1.2018.
Президент Э.Рахмон өзбек өкмөт башчысы А.Ариповду кабыл алды. Дүйшөмбү ш. 10.1.2018.

Тажиктердин “Азия-Плюс” жаңылыктар агенттиги өкмөттөгү өз булактарына таянып, жакын арада Тажикстан менен Өзбекстан жарандары бир айга чейин визасыз жүрүүгө уруксат берген документке кол коюшаарын маалымдады. Ал эми Фархад ГЭСи орун алган талаштуу аймак Тажикстанга өткөнү, гидроэлектр станциянын өзү Өзбекстандын менчигине бөлүштүрүлгөнү кабарланды.

Жолугушууда тажик-өзбек чек арасындагы мина коюлган аймактарды тазалоо маселеси дагы чечилген. Муну тажик президентинин басма сөз катчысы Абдуфаттох Шарифзода «Азаттыктын» тажик кызматына тастыктаган.

«Соода чектөөлөрүн алуу, жарандардын эки тараптуу каттоо тартибин жөнөкөйлөштүрүү, экспорттук тарифтерди кыскартуу, темир жолдорду оңдоо, мина коюлган аймактарды тазалоо, чек араларда жаңы көзөмөл өткөрүү пункттарын, эки тараптуу каттамдарын ачуу жана чек ара маселелери боюнча суроолор каралды», - деген Абдуфаттох Шарифзода.

1999-жылы “Өзбекстан ислам кыймылынын” жоочулары Тажикстан тараптан Өзбекстандын Сурхандарыя облусуна кирүүгө аракет кылганда, эки өлкөнүн чек арасындагы тоолуу райондорго мина коюлган.

Тажикстандын минадан тазалоо боюнча улуттук борборунун маалыматына караганда, 1999-2011-жылдар аралыгында кыртышка жашырылган минага жарылып, 76 киши каза тапса, 160тан ашуун адам жарадар болгон. Андан тышкары өзбек-тажик чек арасы 1333 чакырым болсо, анын 20 пайызы талаштуу аймак болуп саналат.

Өзбек премьер-министринин Дүйшөмбү шаарына жасаган сапары маалында эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташтык жана чек араларды такташуу боюнча комиссияларынын отурумдары дагы болуп өттү. Жыйынтыгында тажик-өзбек өкмөттөрүнүн ортосунда унаа, байланыш, соода, экономика жана чек аралар боюнча дагы бир катар келишимдердин кабыл алынышы күтүлүүдө.

Бир катар тармактар боюнча кызматташтык келишимдери жөнүндө өзбек президенти Шавкат Мирзиёев январдын башында айткан. Мирзиёев аймактагы кошуналар менен мамилени жакшыртууну, анын ичинде Тажикстан менен талаштуу маселелерди чечүүнү тышкы саясаттагы башкы иштердин бири катары көрсөткөн.

- Жакында Абдулло Арипов Тажикстанга барып, сапардын чоо-жайын сүйлөшүп келет. Ири келишимдерге кол коюлуп, Тажикстан менен чек ара да ачылат. Электр кубаты маселесинде да келиштик. Башка-башка маселелерде дагы кошуна кошунасы менен кандай жашаса, ошондой жашашыбыз керек. Бул дүйнөдөн баары өтөт. Бирок, коңшу менен жакшы боло албаганды эч ким эч качан кечирбейт. Муну баары билиши керек. Бизге коңшулардын баары жакшы маанайда болушу керек. Бул ишти четинен кылып атабыз, көрүп жатасыңар. 20 жылдык музду эритиш керек. Дүйнөлүк коомчулук бизге эмне дейт?! “Адегенде коңшуң менен тил табышсаң, анан дос болобуз”, - дейт.

Коңшулук дурус мамиле жана достук жөнүндө тажик президенти Эмомали Рахмон дагы өзбек премьер-министри Арипов менен жолугушууда сөз козгоду.

«Тажикстан кошуналар үчүн эч качан көйгөй жараткан эмес. Ал суу ресурстары жана экология маселелери боюнча регион жана дүйнө менен интеграцияга умтулуп келет», - деген Эмомали Рахмон.

Эки өлкө ортосунда келишпестик акыркы 25 жыл ичинде бир нече жолу пайда болгон. Расмий Дүйшөмбү коңшусун темир жана автоунаа жолдоруна бөгөт койгондугу үчүн айыптап келген. Расмий Ташкент болсо Тажикстанда Рогун ГЭСинин курулушуна карамандай каршы чыккан.

2001-жылы биринчи Өзбекстан, андан кийин Тажикстан бул өлкөлөр ортосунда визалык режимди киргизип коюшкан. Экс-президент, маркум Ислам Каримов 2011-жылы Өзбекстанды Тажикстандын Хатлон облусу менен туташтырган, өлкөнүн түштүгүнө жүк жеткирүүчү Амузанг-Термез темир жолун дагы жаптырып койгон.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден бери тажик-өзбек мамилелери башка нукка бурулууда. Былтыр апрелде Дүйшөмбү шаарынын аба майданына акыркы 25 жыл ичинде алгачкы жолу «Узбекистон хаво йуллари» ("Өзбекстан аба жолдору") ишканасынын учагы конгон.

Президенттер Э.Рахмон менен Ш.Мирзиёев Сауд Арабстанда жолугушту. 21.5.2017.
Президенттер Э.Рахмон менен Ш.Мирзиёев Сауд Арабстанда жолугушту. 21.5.2017.

Ал эми Эмомали Рахмон менен Шавкат Мирзиёев президенттер катары былтыр май айында Сауд Арабстанда мусулман өлкөлөрдүн саммитинде биринчи ирет кездешкен. Мирзиёевдин Дүйшөмбүгө мамлекеттик сапары быйыл жазга маал жүзөгө ашырылаары болжолдонууда.

Президент Мирзиёевдин тушунда расмий Ташкент башка коңшулары (Кыргызстан, Казакстан жана Түркмөнстан) менен да өз ара мамилесин жакшырта баштады.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG