Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Түркмөнстан Тажикстанга таарынды


Салынып бүтө элек Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун бир бөлүгү
Салынып бүтө элек Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун бир бөлүгү

Шаршембиде Түркмөнстан ТИМи Тажикстанга нааразылыгын билдирди. Буга тажик тараптын Орусияга карай жаңы темир жол салуу планы себеп. Ашхабад бул план ишке кирсе башка, Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жол долбоору арасат калабы деп чочулагандай.

Тажикстан ушу тапта Орусияга карай жаңы темир жол салууну көздөп турат. Ал жолду Түркмөнстан эмес, Өзбекстан аркылуу өткөрүүнү каалап, бул өлкө менен сүйлөшүү жүргүзүүдө.

24-январда “Тажик темир жолу” башкармалыгынын жетекчи орун басары Усмон Каландаров ушул маршрут кыскараак болгондуктан убакыт менен курулуш чыгымы үнөмдөлөрүн айткан болчу.

Эртеси түркмөн тышкы иштер министри Дүйшөбүгө таарыныч катын жөнөттү. Анда тажик темир жолчусунун айткандары “этикага сыйбайт”, “достукка жатпайт” деп мүнөздөлөт.

- Түркмөнстанды кыйгап өткөн жаңы темир жол куруу тууралуу айтуу менен жогорку даражалуу аткаминер бийик, мамлекеттик деңгээлдеги макулдашууларды эстен чыгарууда. Эки өлкөнү туташтырган дал ушул темир жол аркылуу түркмөн тарап бир канча жолу табият апааттарынан жабыркаган элге гуманитардык жардам жөнөткөн эле, - деп Ашхабад тажикстандыктарга берген жардамын эстетти.

Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан жолунун бир бөлүгүнүн ачылыш аземи учурунда. 2016-жыл, 28-ноябрь
Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан жолунун бир бөлүгүнүн ачылыш аземи учурунда. 2016-жыл, 28-ноябрь

Байкоочулардын баамында, түркмөн тарап бир тууган элдин өкүлүнүн “этикадан тыш” сөзүнө көп тынчсызданган деле жок.

“Азаттыктын” Борбор Азия боюнча талдоочусу Брюс Панниердин болжолунда Ашхабадды оболу обочодо калганы жана башка бир долбоордун арасат абалга кептелиши кабатыр кылууда:

- Менимче, бул бир жагынан Түркмөнстан, Ооганстан жана Тажикстан аркылуу өтөт делген темир жол долбооруна байланыштуу. Сыягы, Ашхабад эгер тажиктер Өзбекстан жана Казакстан аркылуу альтернативдүү жол курууну макулдаша турган болсо, түркмөн-ооган-тажик долбоорун жыйынтыктоого көңүлдөнбөй калат деп чочулап атса керек. Негизи бул долбоорго ишенбегендер көп. Анткени ал жолдун көп бөлүгү Ооганстандын түндүгү аркылуу өтөт.

Ал эми Ооганстандын түндүк ыптасында “Талибан” кыймылынын коркунучу күч. Ушундан улам мурдараак айрым каржы институттары долбоорго катышуудан баш тарткан эле.

Эске сала кетсем, Түркмөнстан-Ооганстан-Тажикстан темир жолунун бир бөлүгү өткөн жылдын ноябрында ачылган. 88 чакырымды түзгөн ал бөлүктүн дээрлик баары түркмөн аймагында. Үч гана чакырымы Ооганстандын аймагына кирген. Андан ары Тажикстанга чейинки бир нече жүз чакырымы салына элек.

Буга каржы табыла электигинен тышкары, Тажикстан менен Ооганстан ал жолдун маршруту боюнча бир пикирге келе албай турушат. Тажик тараптын жаңы сүйлөшүүлөрү ушундай жагдайда болууда.

Өзбек бийликтери бузуп салган Өзбекстан-Тажикстан темир жолунун 700 метр жери. 22-март 2012
Өзбек бийликтери бузуп салган Өзбекстан-Тажикстан темир жолунун 700 метр жери. 22-март 2012

Cүйлөшүү учурунда өзбек тарапка Амузанг-Хатлон темир жолун калыбына келтирүү сунушталган. Ислам Каримовдун учурунда эки өлкө алакасы жакшы болгон жок. 2012-жылы темир жол каттамы үзүлүп, Өзбекстан бул жолдогу шпалдарын чечип, терип кеткен болчу.

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден аз өтпөй жол каттамын жандантуу боюнча сүйлөшүүлөр башталган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG