Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:24

Орусия Тажикстанга да курал берет


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон

Келерки жылы өзбек-түркмөн тарапты байланыштырган Аму дарыясындагы көпүрө ишке кирет, Орусия Тажикстанга авиатехника, аскерий курал-жарак берет.

"Бекер жардам жок"

РБК басылмасы келерки жылы Орусия Тажикстанды авиатехника, аскерий курал-жарак менен камсыздай турганын жазды. Москва Дүйшөмбүгө аскерий жардам берүүгө 2012-жылы эле сөз бергени, анда Кыргызстан менен Тажикистандагы коопсуздук үчүн 70 миллиард рубл бөлүүгө даяр экенин билдиргени макалада эскертилет. Кремлдин мындай ишаратын Геосаясий көйгөйлөр академиясынын президенти, генерал-полковник Леонид Ивашов Борбор Азияда терроризмдин тамыр жаюусунун алдын алуу аракети деп баалаган. Бирок “бул аскерий жардамды бекер нерсе катары кабыл албоо керек” деп белгилеген Ивашов. Анын айтымында, аскерий жардамга кеткен чыгымдардын бир бөлүгүн Орусия Тажикстандагы аскерий базасы үчүн төлөнчү ижаранын эсебинен өндүрүп алат. Тажикстанда Орусиянын 7,5 миңден ашуун аскери жайгашкан 201-база жана “Окно” деп аталган космостук мейкиндикти көзөмөлдөөчү комплекси бар экени белгилүү. "Орусиядан Тажикстанга берилчү аскерий жардамдын саясий дагы себептери бар" деген жыйынтык чыгарылат макалада.

Көпүрө достукту бекемдейби?

ЕurAsia Daily басылмасы келерки жылы Өзбекстан менен Түркмөнстанды байланыштырган ири көпүрө ачыларын жазды. Аму дарыясы аркылуу эки өлкөнүн авто жана темир жолдорун туташтырчу көпүрө "Атамурат-Керкичи" деп аталат. Көпүрөдөгү курулуш иштери аяктап калганын Гурбангулы Бердымухамедов өзү айтып берген.

Түркмөнстан үчүн транспорттук инфраструктуранын мааниси зор экендигин белгилеген президент "Атамурат-Керкичи" көпүрөсүнө 123 миллион доллар жумшалганын кошумчалаган.

Түркмөнстанда көпүрөдөн сырткары жылына 10-12 миллион тонна жүк ташый алган Түркмөнстан- Казакстан-Иран темир жолу ишке киргени, ошондой эле, жакында Түркмөнстанды Ооганстан жана Тажикстан менен байланыштырчу жаңы темир жол магистралы ачылары баяндалат.

Кыргызстан өз аскерине ишенеби?

"Российская газета" "Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев өлкөдөн Орусиянын аскерий базаларын чыгаруу жөнүндө кеп салды" деп жазды. Макалада Атамбаев президенттин жылдык пресс-жыйынында Кыргызстан келечекте бир гана өзүнүн аскерий күчүнө ишениши керектигин баса белгилеп, келишим мөөнөтү аяктагандан кийин өлкөдөгү Орусиянын аскерий базалары чыгарылышы керектигин билдиргени айтылат.

Буга Орусиянын Федерация Кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин башчысынын орун басары Владимир Жабаров “Орусиянын аскерий базалары жок Кыргызстан террористтер менен жекеме-жеке күрөшүүгө мажбур болот” деп жооп кайтарган.

Кыргызстанда Орусиянын төрт аскерий объектиси – Ысык-Көлдөгү курал-жарактарды суу астында текшерүүдөн өткөрүүчү база, Кара-Балтадагы аскерий байланыш борбору, Майлы-Суудагы радиосейсмология лабораториясы жана Канттагы ЖККУнун авиабазасы бар.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG