Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Министр Шойгу Казакстан менен Түркмөнстанда коопсуздукту талкуулайт


Министр Сергей Шойгу.
Министр Сергей Шойгу.

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Казакстан жана Түркмөнстанга барып, коргоо министрлери менен аймактык коопсуздук жана экстремизмге каршы күрөштү талкууларын “Коммерсанть” гезити жазып чыкты.

7-июнда Астанада Казакстандын коргоо министри Имангали Тасмагамбетов менен жолугуп, 5-июнда Актөбөдө болгон теракттардан кийин ЖККУнун алкагында аскерий кызматташууну талкуулайт. 8-июнда Ашхабадда түркмөн коргоо министри Яйлым Бердиев менен коңшу Ооганстандагы “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлерине каршы күрөштү сүйлөшөт.

Москва Ашхабадга 700 чакырым ооган-түркмөн чек арасын кайтарууну координациялоону күчөтүүнү сунуштайт.

Шойгу Түркмөнстанга 2012-жылы коргоо министринин кзыматына киришкенден бери биринчи жолу барат.

XS
SM
MD
LG