Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Коңшу өлкөлөрдүн жакындашуу аракети


Рустам Азимов жана Эмомали Рахмон
Рустам Азимов жана Эмомали Рахмон

Өзбекстандын вице-премьер-министри Рустам Азимов баштаган делегация Тажикстанга келди. Ал Душанбе шаарында тажик-өзбек өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынына катышты. Өзбек делегация башчысын президент Эмомали Рахмон кабыл алды.

“Азаттыктын” тажик кызматынын маалыматына караганда, 27-декабрда Душанбеде өзбек вице-премьер-министри Рустам Азимов жана Тажикстандын биринчи вице-премьер-министри Давлатали Саид эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынын өткөрдү. Ушул эле күнү Рустам Азимовду тажик президенти Эмомали Рахмон кабыл алды.

Өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында 2000-жылы киргизилген визалык режимди жеңилдетүү, темир жана автоунаа жолдору аркылуу каттамдарды калыбына келтирүү каралууда. Ошондой эле келерки жылдын башында Өзбекстан Душанбе шаарында өнөр жай товарларынын көргөзмөсүн уюштурары маалымдалды. Ага Өзбекстанда өндүрүлгөн автоунаалардан тартып, азык-түлүк продукцияларына чейин коюлат. Ал көргөзмөнүн алкагында тажик-өзбек ишкерлеринин форуму да өткөрүлмөкчү.

Тажикстандык саясат таануучу Парвиз Мулладжанов эки өлкөнүн мамилесинде алдыга жылыштар болот дейт:

- Өзбекстан менен кайсы бир деңгээлге чейин прогресс болот. Биринчи кезекте транспорт маселесин чечүүдө. Эки тараптын ортосунда аба каттамдарын калыбына келтирүү болот. Бул жөнүндө кабарланып жатат. Визалык режимди жеңилдетүү багытында жылыштар болот. Суу-энергетикалык маселелер азырынча кала берет. Анткени аларды чечиш үчүн көбүрөөк убакыт керек.

Мирзиёевдин Өзбекстаны

Мирзиёевдин Өзбекстаны

Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын президентинин милдетин аткара баштагандан бери бир топ кадрдык алмашуулар болду. Анын ишинде коңшу мамлекеттер менен мамилесин жакшыртууну көздөп жаткандай ишарат да байкалууда.

Өзбекстан 2000-жылдан тарта Тажикстанга визалык режим киргизген. Темир жана автожолдор менен каттамдар токтотулган. Тажикстан муну жарыяланбаган блокада деп атап келатат. Өзбекстан тараптан мындай катаал чаралардын кабыл алынышына Рогун ГЭСинен тартып, Тажикстандагы жарандык согушка байланыштуу маселелер себеп болгону айтылып келет. Өзбекстанда бийлик алмашуусу менен бузулган мамиле оңолуу жолуна түшүүдө.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын баяндамачысы Сражидин Ислам эки мамлекеттин мамилесинин жакшыра баштаганын чектеш аймактардагы эл дагы сезе баштады дейт:

- Ислам Каримовдун мезгилине караганда азыркы президент Шавкат Мирзиёев тушунда салыштырмалуу алдыга жылыш болот. Бирок өтө чоң өзгөрүүлөр болот деп күткөнгө болбойт. Анткени Өзбекстан өтө абайлап саясат жүргүзгөн мамлекеттердин бири. Аба, темир жол, автоунаа каттамдарын калыбына келтирүү жана визалык режимди жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр уланат деп ойлойм. Азыркы учурда эле чек арадан кирип-чыгуу оңоло баштады, эл жеңилдегенин сезип калды. Рустам Азимов менен президент Эмомали Рахмондун жолугушуусунан кийин дагы көп нерсе маалым болот.

Буга чейинки татаал мамилеге жараша кошуна мамлекеттер өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын да үзүл-кесил өткөрүп келген. Комиссиянын биринчи жыйыны 2002-жылы болуп, анан жети жылдан кийин экинчи жолу өткөрүлгөн.

Өзбекстандын мурунку президенти, маркум Ислам Каримовдун 2014-жылы Шанхай кызматташуу уюмунун Тажикстандагы саммитине катышуусунан кийин эки ортодо муз ээрий баштагандай болуп, 2015-жылы өкмөттөр аралык комиссиянын үчүнчү жыйыны Ташкентте өткөрүлгөн.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда соода-экономикалык байланыш солгундагандай эле, Ташкент менен Душанбенин ортосунда да соода кыскарган. 2015-жылы анын көлөмү болгону 12 млн. долларга жеткен. 2000-жылдардын башында анын көлөмү жарым миллиард долларга жакындап турган.

Өзбекстан мамлекетинин башына Шавкат Мирзиёевдин келиши менен Ташкент кошуна мамлекеттер менен мамилесин калыбына келтирүүгө киришти. Анын негизинде өзбек-тажик соода байланышы да өсө баштаганы кабарланууда.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG