Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:02

Шадиевдин качышынын шектүү жагдайлары


Аскарбек Шадиев
Аскарбек Шадиев

Кылмыш иши козголгон мурдагы вице-премьер Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кетиши кызуу талкууланууда. Бир айдан бери дарексиз Шадиев АКШга качып кеткенин УКМК өткөн аптада жарыялады. Андыктан коомчулукта муну бийликтин кызыкчылыгындагы атайын жасалган жайбаракат аракет катары баалагандар да бар. Таасирдүү саясатчы болуп эсептелген Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кетишине кимдин кандай кызыкчылыгы болушу мүмкүн?

Бир айдан бери дайын-дареги беймаалым болуп жаткан Аскарбек Шадиевдин Баткен аркылуу АКШга чыгып кеткенин өткөн аптада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) расмий ырастады. Аскарбек Шадиевдин Кыргызстанда экенин бир айдан бери дембе-дем айтып келаткан атайын кызматтын бул билдирүүсү күмөн ойлорду ого бетер күчөткөндөй болду.

Шадиевди лөктөр качырдыбы?

"УКМК кылмышка шектүү саясатчынын өлкөдөн чыгып кеткенин эмне үчүн бир ай бою тактай алган жок? Аны Кыргызстандан качырууга кимдер кызыкдар болгон?" деген суроолор социалдык тармактарда байма-бай көтөрүлүүдө.

Мындай түкшүмөлдү мурдагы президенттик администрация башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев да жазып чыкты. Ал Шадиевдин өлкөдөн чыгып кетишине кимдир бирөө жардам берген деп шек санап жатат. Каптагаевдин жүйөсүндө, Аскарбек Шадиевдин буга чейин бийлик менен ысык ымалада болуп, ири долбоорлорду ишке ашырууга катышканын эске алганда, аны абдан көп маалыматтарды билген адам деп сыпаттоого болот:

Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

- Сөзсүз бул абдан көп маалымат билген киши болсо, абдан көп долбоорлорго катышып, көп сандаган акча Шадиевдин колунан өтсө өзүнүн өмүрүнө коркунуч чоң.

Ошондуктан кеткенге мажбур болду. Бирок ошол чуу чыгып, жардамчысы өлкөдөн чыгып кеткенде анын ишин тергеген тергөөчүлөр карашы керек эле. Себеби, сурак берип жаткан адамдын кайда экенинен маалыматы болуш керек. Тергөөчү түз жоопко тартылышы зарыл. Анын жардамы болбосо Шадиев өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн эмес болчу.

Каптагаев белгилегендей, Аскарбек Шадиев мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен жакшы мамиледе болгон адам катары белгилүү болчу. Ал Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо, "Датка-Кемин" көмөкчордонун куруу долбоорлоруна катышкан.

Аскарбек Шадиевдин Кыргызстандан качышында шектүү жагдайлар бар экенине Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков да кошулат. Депутаттын айтымында, Шадиев өлкөдөн чыгып кетерде Жогорку Кеңештин имаратынын 7-кабатында жүргөн. Ошондуктан мурдагы вице-премьердин өлкөдөн чыгышында кандайдыр саясий соодалашуу болушу мүмкүн экенин депутат четке какпайт:

Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

- Апрель айынын аягында Шадиевдин Жогорку Кеңештин 7-кабатында жүргөнүн менин кесиптештеримдин бири көрүп, каңкуулаган. Ошондон кийин эле жок болуп кетти. Башкы прокуратура, башкалары да "бул Кыргызстандын аймагынан чыккан эмес" деп бир беткей айтып туруп алышты. Бир ай бою эч ким кабар албай, кайда жүргөнүн, чек арадан чыгып кеткенин билбегенин иликтөөгө эмне деп айтса болот? Анда же шалаакылык же атайылап сүйлөшүп жашырган экенин гана айтса болот.

Момбеков да бул окуяны укук коргоо жана тергөө органдары териштириши керек деп эсептейт.

УКМК менен Башкы прокуратура бул боюнча кеңири маалымат бере элек. Атайын кызмат Шадиевдин өлкөдөн чыкканын бышыктагандан башка маалымат берилбей турганын билдирди.

"Шадиевдин жүрөгү ооруп жүргөн"

Анткен менен "Бир Бол" фракциясынын мүчөлөрү Аскарбек Шадиев мурдатан эле чет өлкөгө чыгууга ниеттенип жүргөнүн айтышууда. Бул фракциянын депутаты Улукбек Ормоновдун айтымында, фракциялашы кылмыш иши козголгонго чейин эле чет өлкөгө кеткен:

Улукбек Ормонов.
Улукбек Ормонов.

- Аскарбек Шадиев Кыргызстандан 27-апрелде чыгып кеткен. Ал эми ага карата кылмыш иши 28-апрелде козголуп жатат. Ал кылмыш иш козголорун билген деле эмес. Ага чейин жүрөгү ооруп, ооруканада жаткан. Ал чет өлкөгө чыуу ниетин айтып эле жаткан. Ошондуктан, анын айланасында бекеринен эле ызы-чуу чыгарып жатышат. Ал кайтып келсе керек.

Кандай болгон күндө да кылмышка айыпталган Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кетиши учурдагы коррупцияга каршы күрөшкө көлөкөсүн түшүрдү деген пикирлер басымдуулук кылууда. Себеби, президент Сооронбай Жээнбеков буга чейин бул багытта жапырт күрөш жүрөрүн жарыялаган эле.

Саясий эксперт Даниел Кадырбеков учурдагы бийлик Шадиевдики сыяктуу иштерге көзүн жуумп, убагында чара көрбөсө "бул ишке катышы бар" деген жоромолдорду кыйыр түрдө тастыктайт деген пикирде:

Даниел Кадырбеков.
Даниел Кадырбеков.

- Акыркы учурда Шадиевдин артынан абдан көп сөз ээрчиген. Ушундай ишке аралашкан кишини жөн эле кое бербей турганын баарыбыз эле түшүнүп жатабыз. Эгерде ага кылмыш иши ачыларын алдын -ала эскертишкен болсо, ким аны кылды же өлкөдөн чыгууга уруксат берсе, аны ким кылды - мунун баары такталышы керек. Болбосо, Сооронбай Жээнбеков жарыялаган коррупцияга каршы күрөшкө көлөкөсүн тийгизет. Анткени, булар өз ара сүйлөшүп алып, "өлкөдөн чыга тур" деген божомолдорго негиз болуп жатат.

Быйыл жыл башында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы 30 миң доллар өлчөмүндөгү акчалай сыйлыгы уурдалганы ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен учурда тиешелүү комитетти Аскарбек Шадиев жетектеп, акчаны алууну сураган кызматтык катка кол койгону аныкталган.

28-апрелде болсо Шадиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси менен иш козголгон. Бир күн мурда жардамчылары депутат дарыланууга чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирип, аны атайын кызмат дароо төгүндөгөн.

УКМК Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин 1-июнда гана билдирип, кеткен жол картасы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык Шадиев Баткендеги Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз Тажикстанга өтүп, андан соң Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен.

Ошол эле күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө сыртынан чечим чыгарды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG