Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Сак саясатчы чалындыбы?


"Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев, 27-апрель, 2017-жыл
"Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиев, 27-апрель, 2017-жыл

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын депутаты Аскарбек Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) иш козгоду.

Башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тараткан маалыматта Аскарбек Шадиевге КМШнын Парламент аралык ассамблеясы тарабынан берилчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка бөлүнгөн 30 миң доллардын жоголушуна байланыштуу иш козголгону жазылган. Учурда иш УКМКнын Тергөө башкармалыгында иликтенип жатат.

"2017-жылдын 25-август күнү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлык ал жылы берилбесин билип туруп, Шадиев парламенттин спикерине сыйлык үчүн 30 миң долларды бөлүү боюнча кайрылуу жөнөткөн. Ошол эле жылдын 15-сентябрында кайрылуунун жыйынтыгы менен аталган сумма Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аркылуу бөлүнгөн. Бирок КМШнын Парламент аралык ассамблеясына каражат түшкөн эмес. Жыйынтыгында Шадиев мамлекеттик казынага 2 млн. 61 миң сом зыян келтирген" деп айтылат Башкы прокуратура тараткан маалыматта.

Шадиев биринчи вице-премьер министр кызматынан кетүү жөнүндө арызды ушул жылдын 6-апрелинде жазган. Ал Жогорку Кеңеште жоголгон акча боюнча иликтөө акыйкат жана бейтарап жүрүшү үчүн кызматынан кетүүнү туура көргөнү менен түшүндүргөн.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Шадиев бул кылмышты билип туруп жасады дегенге ишенбейт.

- Менин оюмча байкабай кол коюп алды окшойт. Бирок арты булганбаган сак жигиттердин бири. 30 миң доллар үчүн мындай деңгээлге түшүп, Айтматовдун сыйлыгын ыйгарып алмак эмес. Бул жерде башка оюндар дагы болушу мүмкүн.

Ал эми парламенттеги КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев кандай болгон күндө да жоопкерчилиги каралышы керек деген ойдо.

- Менин оюмча билбей кол коюп алды. Бирок ал үчүн жооп бериши керек. Ар бир документке кол коердо карап чыгыш керек да.

Бул факт ачыкка чыгып, кызуу талкууланып жаткан учурда Шадиев Жогорку Кеңештин эл аралык иштер бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров аны “бюджетте акча жок калат, сыйлыктын акчасын эрте бөлүү керек” деп шаштырганын айтып, кол койгону үчүн өкүнөрүн билдирген.

Равшан Жээнбеков
Равшан Жээнбеков

Анткен менен коомчулукта Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу кемчиликтерге байланыштуу Шадиевдин дарегине сындар көп айтылган. Мурдагы депутат Равшан Жээнбеков бул кылмыш иштин саясий мотиви бар деп эсептейт.

- Бул жоопкерчиликке тартылчу кылмыш экени талашсыз. Албетте, саясий мотив дагы бар. Анткени Атамбаев кетип ага жакын адамдардын таянган тиреги жок калды. Мына ушундан улам жаңы бийлик кылмыш ишин козгоп жатат.

Быйыл февралда КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы ачыкка чыккан. Бул ишке байланыштуу Чыныбай Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган.

Шадиев: 30 миң доллардын уурдалганына өкүнөм
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:54 0:00

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, ал УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин ушул эле беренелер боюнча Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, эч жакка чыкпоо талабы коюлган.

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев Азаттык" радиосуна Аскарбек Шадиевге козголгон иш тууралуу маек курду.

Акматалиев: Шадиевдин акча алганына ишене албайм
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00
Түз линк

Бардык бийликтин тилин тапкан Шадиев

Аскарбек Шадиев Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри болуп 2017-жылы 7-декабрда дайындалган. Бул тууралуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон.

Акаев заманынан бери ат үстүндө келаткан Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин вицеликке мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков көрсөткөн. Ал Шадиевдин энергетика министри болуп тургандагы ишин, адамдык сапатын, кесипкөйлүгүн эске алганын жана мындан ары да отун-энергетика тармагын көзөмөлдөй турганын айткан.

Сапар Исаков
Сапар Исаков

- Мен Аскарбек Шадиевди көп жылдан бери билем. Ал оор абалда энергетика министри болуп иштеп кеткен, анда мен дагы президенттин аппаратында иштегем. Ошондо чогуу көп маселелер менен алек болдук эле. Мисалы, Аскар Алимбаевич бир топ салымы бар, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен бир топ иштерди дагы алып барган. Ошол эле "Датка-Кемин" долбоору, "Датка" көмөк чордону, ТЭЦ долбоорун да чогуу башташты эле, - деген Сапар Исаков.

Аскарбек Шадиевдин талапкерлигин 103 депутаттын 96сы колдогон.

"Азаттык" Акаев заманынан бери ат үстүндө келаткан Аскарбек Шадиевдин бул кызматка дайындалышы боюнча коомдук ишмерлердин пикирин сураганда аны мактагандар да, сындагандар да болгон.

Алсак, экс-министр жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исмаил Исаков Шадиевдин коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмер Исхак Разаковдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүдөгү анын эмгегин баалаган.

Исмаил Исаков
Исмаил Исаков

- Шадиевди мен 2000-жылдан бери билем, биз бирге депутат болгонбуз. Ошол учурда ал өзүнүн мекенчил, адамдык сезимин, улууларды урматтаганын көргөзгөн. Ал Исхак Разаковдун сөөгүн Москвадан алып келгенге салым кошкон жигиттердин бири. Албетте, ал бардык бийлик менен иштешип келет. Менимче буга өзүнүн жөндөмү да болсо керек. Ким менен иштешпесин, ал чоң тажрыйба алды. Ачуусун да, татуусун да көрдү.

Шадиевдин "Ак жолдогу", "Бир Болдогу" кесиптеши Улукбек Ормонов билимдүү адам кайсы бийликте болбосун талап кылынарын белгилеген.

- Аскарбек Алимбаевичтин эң мыкты сапаттарынын бири - анын кичи пейилдиги. Жөнөкөй кишиби, башкабы сүйлөшө билет. Экинчиси - анын билими. Билимдүү адам кайсы бийликке болбосун керек.

Ал эми Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Абдырахманов Шадиевди реформатор эмес деп сынга алган.

- Демократиялык система курулмайынча адам өз ийгилигин көрсөтө албайт. Эч өзгөрүү болбойт. Анткени ушунча жылдан бери ал жигиттин оозунан реформа тууралуу сөз чыккан эмес. Анын жери, анан бийликке каршы чыкпаганы эске алынды.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Жарандык активист Адил Турдукулов Аскар Шадиевдин 2009-жылы Курманбек Бакиевдин Орусиядан каржылык жардам тууралуу айткан жаңылыгына ордунан туруп кол чабууга кесиптештерин чакырганын айтып берген.

- Аскар Шадиев Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбековдун доорунда дагы эч убакта оппозиция болбой колдоп келген. Аша чаап колдогон учурлары да болгон. Мисалы, Бакиев убагында Орусиядан насыя алган үчүн депутаттар "Курманбек Бакиевди колдоп кол чаап коёлу" деп демилге көтөргөн. Сапар Исаков премьер-министр болуп бекитилип жатканда Шадиев "мурда Исхак Разаковго окшогондор 35 жашында келген, биз да жаштарды колдошубуз керек" деп айткан. Булар саясатты, мамлекеттик ишмердүүлүктү конъюктурага жараша, жалданма мамиле аркылуу карьера жасоо катары көрөт. Экинчиден, бизде эки революция болгон менен элде да, саясий элитада да буга чейин ошол адамдын жасаган иштери, сүйлөгөн сөзү эске алынбаганы өкүндүрөт.

Шадиевдин өмүр жолу

"Тазабек" порталынын маалыматы боюнча, Кыргызстандагы 100 бай адамдын катарына кирген Аскарбек Шадиев Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун Голбо айылында туулган. Беш баланын атасы.

1988-жылы Фрунзе шаарында Политехникалык техникумду аяктап, гидротехникалык иштер, техника жана механиканын механизациясы боюнча адистик алган. 1993-жылы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетин, 1999-жылы ушул эле университеттин юридика факультетин бүтүргөн. Эгемендиктин алгачкы жылдарында анын спирт, мунай бизнеси менен алектенип, кийин саясатка өткөнү айтылып жүрөт.

Бишкек ЖЭБинде кырсык болгондо Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьерлик кызматты аркалап турган. 28-январь, 2018-жыл
Бишкек ЖЭБинде кырсык болгондо Аскарбек Шадиев биринчи вице-премьерлик кызматты аркалап турган. 28-январь, 2018-жыл

2000-2002-жылдары Баткен облусунан Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты болуп келип, ушул эле жылы каржы министринин орун басары болуп, Каржы министрлигинин алдындагы киреше комитетин жетектеген.

2003-2005-жылдары Баткен облусунун губернатору болуп, 2007-2010-жылдары мурдагы президент Курманбек Бакиев түптөгөн "Ак жол" партиясынын тизмесинен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, Экономика, бюджет жана каржы комитетин жетектеген. Ушул убакта анын дарегине карата "үй-бүлөгө" иштеген деген сындар айтылган. 2009-жылы Кумтөр боюнча жаңы келишим түзүлгөндө Шадиевдин Курманбек Бакиевдин дарегине мактоо сөздөрдү айтканы гезит беттеринде жазылган.

Аскарбек Шадиев 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин эки жыл энергетика жана өнөр жай министри болуп иштеген.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев тышкы сапарларынын көпчүлүгүнө Шадиевди алып жүрдү.

2012-жылы Башкы прокуратура Кыргызстанга ташылып келген уулуу көмүр боюнча 304-берене ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгоп, энергетика жана өнөр жай министри Аскарбек Шадиевге айып коюлган. Кийин бул айып далилденген эмес.

Ушул эле жылы ошол кездеги өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Шадиевге жылуулук сезонуна даярдык начар болгону үчүн сөгүш жарыялап, анын энергетика тармагын реформалоо боюнча сунуштарын сындаган эле.

Аскарбек Шадиев 2015-жылдагы парламенттик шайлоодо "Бир Бол" партиясынан депутат болуп келген.

Жаңы Баш мыйзамга ылайык ал вице-премьер-министрлик кызматын тапшырганы менен депутаттык мандатын сактап калган алгачкы аткаминер.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG