Линктер

ишемби, 21-июль, 2018 Бишкек убактысы 00:31

Узаган аптанын урунттуу окуяларына сереп.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр, Айтматов сыйлыгы боюнча кылмыш иши козголгон Аскарбек Шадиевге 31-майда гана издөө жарыялады.

Шадиев Кыргызстандан чыгып кеткени май айынын башында эле маалымдалган. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жана башка укук коргоо органдары ал кабарды бир ай бою четке кагып келди.

30-майда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да Шадиев Кыргызстандан кетпегенин, чек арадан өтпөгөнүн кайталаган.

- Мен Шадиев боюнча расмий органдардын маалыматына таянып, "ал өлкөдөн чыгып кеткен эмес" деп айта алам. Эгерде Шадиев Кыргызстандын аймагынан чыгып кетсе, “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп кылмыш иши козголот.

29-майда башкы прокурор жана УКМКнын өкүлдөрү парламентте да ушундай эле билдирүү жасашкан.

Депутат Рыскелди Момбеков "Айтматов сыйлыгы боюнча кылмыш иши козголгон Аскарбек Шадиев Кыргызстандан чыгып кеттиби?" деген башкы прокурорго жолдогон суроосуна так жооп ала алган жок.

- Шадиев Аскарбек кайда? Чакырып сурап жатасыңарбы? Бизде дарыланып кетет, анан дайыны табылбай калат. Айтып койсоңуз, ал Кыргызстандабы? УКМК "бул жакта" дейт, жардамчысы "чыгып кеткен" дейт. Эч ким айтпайт...

Депутат Момбековдун кайта-кайта берген суроосунан кийин гана башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов буларга токтолду:

- Тергөө органына чакыртылат. Чакыртылбаса сырттан айыбы угузулат. Бөгөт коюу чарасы тандалат. Чечим кабыл алынат. Кылмыш иши жаңы эле козголду, тергөө жүрүп жатат.

Ошентип, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аскарбек Шадиевге 31-майда гана сыртынан издөө жарыялады. Мекеменин басма сөз кызматынын кабарлашынча, соттун чечими менен анын бөгөт чарасы "камакка алуу" деп аныкталды.

"Башкы прокуратура кылмыш ишин 28-апрелде козгогон. Ал эми 27-апрелде Шадиев Баткен облусунун Исфана шаарына туугандарынын тажиясына барып, андан ары Лейлек районунун Арка айылынын тушунан мамлекеттик чек арадан Тажикстан тарапка мыйзамсыз (кечүү аркылуу) өтүп кеткен.

28-апрелде, кылмыш иши козголгондон кийин Шадиев Хужант-Москва (Домодедово) авиакаттамы аркылуу Кыргызстандын дипломатиялык паспорту менен жөнөп, андан ары Нью-Йоркко (АКШ) учуп кеткен. Жакындары Шадиев дарыланууга кеткенин, 1-2 жумада кайтып келерин айткан, бирок ал дагы эле тергөө органдарынан атайылап жашырынып жүрөт. Ошого байланыштуу издөө жарыяланды" деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы үчүн былтыр Жогорку Кеңештен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы быйыл жыл башында ачыкка чыккан. Буга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, аны УКМКга өткөрүп берген. Натыйжада парламенттин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров камакка алынган. Акча кымырылып кеткен маалда комитетти Аскарбек Шадиев башкарып турган. Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге 28-апрелде кылмыш ишин козгогон.

Ошол кезде эле анын жардамчысы Шадиев дарыланыш үчүн өлкөдөн чыгып кеткенин билдиргенин маалымат каражаттары жазып чыккан.

Кол тийбестикти алууга референдум керекпи?

Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда коррупцияга каршы иш күчөтүлөрүн билдирген. 30-майда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев анда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы туурасында басма сөз жыйынын уюштурду. Ал жемкорлукка каршы бардык тармакта аёосуз күрөш башталганын жана саясатчыларга козголгон кылмыш иштеринде эч кандай саясат жок экенин баса белгиледи.

- Ар бир жогорку кызматкер түшүнүшү керек. Эртеби-кечпи, анын мыйзамсыз аракеттери жазасыз калбайт. Сооронбай Шарипович сот реформасы боюнча жыйында “кылмыш иштеринин мөөнөтү эскирди” деген түшүнүктү алып салуу боюнча пикирин айтты. Бул болсо жаран өз күнөөсүн моюнуна алып, тартылган чыгымды кайтарып бермейинче жоопкерчиликтен кутулбайт дегенди билдирет.

Дамир Сагынбаев
Дамир Сагынбаев

Дамир Сагынбаевдин басма сөз жыйынындагы сөзүндө президенттик администрациянын экс-президенттерден кол тийбестикти алууга карата позициясын да ачыктады:

- Мен Коопсуздук кеңешинин мүчөсү катары бул маселе кошумча иштеп чыгууга муктаж эмес деп ойлойм. Ошого жараша, эгерде андай чечим кабыл алына турган болсо, анда бул демилгени жалпы элдик талкууга чыгаруу зарыл. Бул 120 депутат тарабынан же бир эле президент тарабынан гана чечилбеши керек. Бул маселе жалпы элдик референдум аркылуу чечилиши кажет.

17-майда парламент Бишкектин Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) аварияга байланыштуу маселени талкуулап жатканда экс-президенттерден кол тийбестикти алуу демилгесин колдогон. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиевдин мындай сунушун жыйынга катышкан 112 депутаттын 87си колдоп, 14ү каршы добуш берген. Ал арада парламент депутаттары Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев экс-президенттин чексиз кол тийбестик укугун азайтып, аны депутаттыкы менен теңдештирүүнү караган мыйзамдык өзгөртүүлөрдү даярдап, алып чыгышты.

Ал эми “Ата Мекен” партиясынын абактагы лидери, 2010-жылы кабыл алынган Конституциянын негизги автору Өмүрбек Текебаев “24.kg” агенттигинде жарыяланган маегинде “экс-президенттердин макамы” деген түшүнүккө кеңири түшүндүрмө берген.

Өмүрбек Текебаевдин айтымында, “эгер экс-президент Алмазбек Атамбаевди кылмыш же башка жоопкерчиликке тартуу зарылчылыгы келип чыкса укук коргоо жана сот органдары эч кандай артыкчылыксыз, жалпы негизде аракеттениши керек".

Текебаев ошондой эле эгер “мыйзам нормаларында карама-каршылыктар чыкса, Конституция жетекчиликке алынарын эске салып, “Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” 2003-жылкы мыйзамдын экс-президенттин кол тийбестиги тууралуу жобосу 2006-жылдан тартып иштебей тургандыгын" айткан жана бул 2010-жылдагы бүткүл элдик добуш берүү аркылуу ырасталганын белгилеген.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекендин” абактагы лидери ошондой эле өз түшүндүрмөсүндө Кыргызстанда кээ бир кызмат адамдары үчүн аларды кылмыш жоопкерчилигине тартуунун атайын тартиби каралганын, бирок экс-президент үчүн мындай татаалдаштырылган тартип жок экенин баса көрсөтөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзү экс-президенттик кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу демилгеге азырынча комментарий бере элек.

Прокурорго жолдонгон суроолор

Коррупцияга каршы күрөш демекчи, бул маселе 29-майда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентке отчет бергени келгенде да көтөрүлдү. Депутаттар укук коргоо органдары эң коррупциялашкан тармак экени айтылганы менен бул багытта эч кандай жылыштар болбой жатканын айтышты. Депутат Акылбек Жапаровдун пикиринде, президент Сооронбай Жээнбековдун айткан сөздөрүнөн укук коргоо органдары жыйынтык чыгарбай жатат:

- Мен сиздерге президенттин сөзүнөн үзүндү окуп берип койоюн: “Ошол эле кезде 656 иш кылмыштын курамы жок болгону үчүн кыскартылган. Демек, 656 иш мыйзамсыз козголгон” деп жатат. Президент мыйзамсыз деп айткандан кийин кимдер ошол мыйзамсыз иш козгогондор? Алар прокурор, тергөөчүлөр, ушулардын фамилиясын аныктап чыгып берсеңиз. Булардын прокуратура жана тергөө системасында иштөөгө мүмкүнчүлүгү болбошу керек.

25-майда Мамлекеттик бажы кызматынын Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айып тагылган. Тергөө учурунда Борбордук бажы бөлүмүнүн мурдагы башчысы Нурбек Айбашев “А” ЖЧКсынын өкүлү менен мурдатан сүйлөшүп алып, Кытайдан товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө көмөктөшкөнү аныкталган. Андан мамлекет 166 млн. сом зыян тартканы аныкталган.

Парламентте депутат Мурадыл Мадеминов башка да бажычылар текшерилеби деп, башкы прокурорго суроо салды:

- Эмне үчүн силер, Башкы прокуратура, бажыдагы коррупция маселесине чекит койбойсуңар? Мына, борбордук бажынын бир эле жетекчисинин үйүн көрүп жатасыңар, кеминде 5 миллион долларга курулган үй. Силер мурдагы Райым Матраимов дегендин үйүн көргүлө. Ага чейинки директордун үйүн көргүлө. Ар бир бажычынын үйүн текшерип көргүлөчү? Өздөрүнө катталган эмес, бирок жашап жаткан үйлөр ошолордуку да? Чекит коюп, камай тургандарын камаганга эркиңиз жетеби?

Депутат Мадеминовдун бул суроосуна Жамшитов:

- Эркибиз жетет. Баарын текшерүү жүргүзгөнгө да, кылмыш иштерин козгогонго да, - деп жооп берди.

Ошондой эле айрым депутаттар акыркы козголуп жаткан иштер бир жактуу жүрүп, саясий куугунтук болуп жаткан жокпу деген маселени козгошту. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бардык иштер мыйзам чегинде каралып жатканын айтты.

- Кылмыш иши боюнча тергөө органы күнөөсүн таап жатат. Далили жетиштүү болуп, айыбы угузулуп жатат. Баары тараптардын укук-милдеттерин түшүндүрүү менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин негизинде жүргүзүлүүдө. Аягына чекитти сот коюшу керек.

Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жакын адамдары, кылмыш иши козголуп, айыбы угузулган мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Кубанычбек Кулматов "саясий куугунтук болуп жатат" деген пикирлерин билдирген эле.

29-майда экс-премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) үчүнчү жолу сурак бергени барганда кылмышка шектүү катары айыбы угузулуп, бөгөт чарасы катары андан эч жакка кетпей тургандыгы тууралуу тилкат алынды.

- Мага айып тагуу боюнча токтомду чынын айтсам толугу менен окуп чыга элекмин. Мен азыр ачуума чыдабай турам. Адегенде социалдык тармактарда, маалымат каражаттарында Сапар Исаковдун атын тебелешти. Андан соң ушундай антураж түзүп, кылмышкер катары көрсөткүсү келип жатышат. Биз эми адвокаттар менен тыгыз иштеп, күнөөсүз экенибизди далилдейбиз. Бул таптакыр чектен чыгуу, мен нес болуп турам, - деген Сапар Исаков Бишкек ЖЭБин оңдоонун айланасында козголгон кылмыш ишинде буга чейин күбө катары гана суралып жаткан.

Исаков: Кылмыш ишин козгоо - таптакыр чектен чыгуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

Бабченконун "өлтүрүлүшү"

Киевде журналист Аркадий Бабченконун өмүрүнө кол салуу атайын операция болгону ал өлтүрүлдү деп кабарлангандан дээрлик бир күндөн кийин айтылды.

30-майда журналистти Киевдеги үйүнүн жанында атып кетишкени кабарланган. Кечинде болсо Украин коопсуздук кызматы ал тирүү экенин, кол салуунун алдын алуу үчүн атайын кызмат операция жүргүзүп, "Бабченко өлдү" деген маалымат таратылганын билдирген. Шаршембиде бир күн мурда болгон иштин чоо-жайы түшүндүрүү максатында Украин коопсуздук кызматында болгон басма сөз жыйынына киши колдуу болуп көз жумду деген журналист Аркадий Бабченко өзү да катышты. Ал аны өлтүрүү тууралуу заказ түшкөнүнө ынангандан кийин украин атайын кызматы менен иштешүүдөн башка жолу болбогонун билдирди.

Аркадий Бабченко
Аркадий Бабченко

Украинанын Коопсуздук кызматы жарыялаган видеодо Бабченкого кол салууну уюштурган делген адамды кармап жатышканын көрсө болот. Алардын ырастоосунда, Кремлге оппозициялык көз караштары менен белгилүү журналисттин көзүн тазалоону уюштуруунун артында ишкер Борис Герман турат. Ал “Шмайсер” куралын чыгарган немис-украин биргелешкен компанияны жетектейт.

Бабченкону атмакчы болгон киши катары Донбасстагы согушка катышып келген Александр Цымбалюк тандалган. Борис Герман ага буюртманы аткаруу үчүн алдын ала акчанын жарымын берген.

"Бирок кийин Цымбалюк коопсуздук кызматына кайрылган" деп билдиришти украин атайын кызматынан.

Бейшемби күнү Киевде болгон сотто кол салуунун уюштуруучусу делген Борис Герман да "украин контр чалгын агенттигине иштегем" деп айтты. Анын ырастоосунда, эки айдай мурун Вячеслав Пивоварник деген эски таанышы кайрылган. Маалыматтарга караганда, ушул тапта Москвада жашап жүргөн украин жараны "Путиндин фондунда Украинада башаламандыктарды уюштуруу" менен алектенет.

Ошондон кийин Герман контрчалгынчыларга кайрылганда алар Орусиядан Украинага жөнөтүлгөн акча каражаттардын агымына көз салуу тапшырмасын беришкен. Ишкер журналистке кол салуунун украин атайын кызматтары даярдаган инсценировка тууралуу кабардар болгонун билдирди.

Бирок сот жыйынынан кийин прокурор Германдын айткандарынын баарын четке какты. "Ал эч качан Украин атайын кызматынын агенти болгон эмес" деди прокурор.

Маалыматтарга караганда, Украинанын атайын кызматы Орусия көзүн тазалоону пландаган 47 адамдын тизмесин аныктады. Бул тууралуу Украинанын баш прокурору Юрий Луценко "Фейсбуктагы" баракчасына жазды.

Анын айтымында, "өлүм тизмесине" киргендердин көбү орусиялык жана украиналык журналисттер. Кремлдин "кезектеги курмандыгы болору" болжолдонгон 47 кишиге бул жөнүндө кабар берилди деди ал.

Ал эми Орусиянын маалымат катчысы Дмитрий Песков Орусия Бабченкого кол салуу уюштурмак деген ырастоолордун баары ойдон чыгарылган деп эсептейт:

- Бул окуя жок эле дегенде абдан таң калычтуу. Алардын максаты канчалык өзүн актап жатат билбейм. Эми адам тирүү экен - ага кудайга шүгүр. Бирок бул нерсе журналист үчүн кооптуу жер болгон Украинага карата биздин мамилебизди өзгөртпөйт.

Ал тапта орусиялык журналист өлтүрүлгөнүн, кийин ал тирүү экенин, анын көзүн тазалоо планынын бетин ачуу үчүн украин атайын кызматы операция жүргүзгөнүн билдирген Киевдин дарегине жана Бабченкого сын сөздөр айтылууда.

Бул окуяны Орусияга каршы кезектеги чагым деген Москвадан тышкары дүйнөлүк медиа, басма сөз эркиндигин коргогон уюмдар да нааразылыгын билдирип келатышат. Чек арасыз кабарчылар уюмунун жетекчиси Кристоф Делуар «Журналистти өлтүрүштү деп калп жаңылык таратууну эч нерсе актай албайт», - деп жазды.

Батыштагы бир катар комментаторлор эми Украинанын расмий билдирүүлөрүнө ишенүү кыйын болоорун белгилешет.

Бабченко 31-майда кеңири интервью берип, аны этикалык нормаларды бузду дегендерге жооп кайтарды.

- Мени чектен чыкты деп эсептеген журналисттерге айтаар элем. Силерге келип, сүрөтүңөрдү, уюштуруучунун сүрөтүн көргөзүп, сизди өлтүрө турган киши менен тааныштырып, «Аман калгың келеби же этиканы, кесибиңдин моралдык тазалыгын сактагың келеби? - деп сурашканда этика менен моралдык тазалыкты сактай бергиле. Мен болсо тирүү калуу жолун тандадым.

Ал ошондой эле бул окуя башынан аягына чейин Украинанын коопсуздук кызматы тарабынан ойлоп табылган деген ырастоолорду да четке какты.

Журналист Бабченко Кремлди сындаганы үчүн коркутууларга кабылып жатканын айтып, былтыр Орусиядан Украинага көчүп кеткен.

Украин бийлиги Орусия бир нече кишини өлтүрүү менен өлкөнү дестабилдештирүүнү көздөп жатат деп айыптады. Москва кошуна мамлекеттин ички иштерине кийлигишпегенин айтып, Киевдин дооматтарын четке кагып келе жатат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG