Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Аскарбек Шадиевдин качышы Интернетте шакабага айланды


Аскарбек Шадиев
Аскарбек Шадиев

Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиевдин Баткендеги кечүү аркылуу өлкөдөн качып, Нью-Йоркко кетип калганы тууралуу маалымат Интернетте шакабага айланды. Социалдык тармактын колдонуучулары бул темада юмор менен жазылган билдирүүлөрдү, баяндарды, тамашалуу сүрөт жана видеолорду чыгарып жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Аскарбек Шадиевди "Чыңгыз Айтматов атындагы акчалай сыйлыкты кымырып алууга катышы бар" деп таап, ага сыртынан айыбын угузган айыптоо токтомун 31-майда чыгарган.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Шадиев Баткендин Лейлек районундагы кечүү аркылуу Тажикстанга, андан ары Москвага, кийин АКШга качып кеткенин кабарлаган.

Буга удаа эле Бишкектин Биринчи Май райондук соту Аскарбек Шадиевди камакка алуу жөнүндө туура бир айдан кийин сыртынан чечим чыгарган. (SE)

XS
SM
MD
LG