Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

Шадиевдин кайда экени тактала элек


Аскарбек Шадиев.
Аскарбек Шадиев.

Кылмыш иши козголгон мурдагы биринчи вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештеги "Бир Бол" фракциясынын мүчөсү, депутат Аскарбек Шадиев чет өлкөгө дарыланууга кеткенин жардамчылары кабарлашты. Депутаттын чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) четке какты. Бул окуя кылмыш иши козголгон саясатчылардын жоопкерчиликке тартылбай калышына байланышкан суроолорду жаратты.

Парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев дарыланганы чет өлкөгө чыгып кеткенин “Азаттыкка” Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков билдирди. Анын айтымында, Шадиев жүрөк оорусуна байланыштуу соңку беш жылдан бери дарыгерлердин каттоосунда турат.

"Ал чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатыш үчүн 27-апрелде кетти. Дарылануусу аяктагандан кийин кайра кайтып келет” деди Эрмеков. Бирок ал жетекчиси кайсы өлкөгө кеткенин тактаган жок.

Дароо социалдык тармактарда талкууга түшкөн бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) төгүндөдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди:

УКМК.
УКМК.

- Бүгүнкү күндө Аскарбек Шадиев расмий түрдө мамлекеттик чек арадан эч жакка чыккан эмес. Учурда ага карата Башкы прокуратура буга чейин козгогон кылмыш ишин тергөө уланууда.

Бирок айрым сайттар "УКМК Шадиевге кылмыш иши козголгон 28-апрелден берки гана маалыматты айтып жатат" деп, депутаттын кылмыш иши козголоордон бир күн мурда, 27-апрелде өлкөдөн чыгып кеткени эске алынбай калганын жазышууда.

Ошентип, Шадиев Кыргызстандан кеткен-кетпегени азырынча тактала элек. Анын жардамчысы менен УКМКдан тышкары бул маалыматты такташ үчүн депутаттын кызматташтарынан да, башка маалымат булактарынан да так комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Айтматов сыйлыгынын акчасы

Маалым болгондой, Башкы прокуратура Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызматынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш ишин козгогон. Буга КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы себеп болгон.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров комитеттин ошол кездеги төрагасы Шадиевдин колу коюлган катты мурдагы спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы айтылган. Андан соң бөлүнгөн акчаны жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы кеп болгон. Мындан кийин Арсен Закиров УКМКнын тергөө абагына камакка алынган.

Дайынсыз жоголгон 30 миң долларга байланыштуу Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закировго Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу"), 350-беренеси ("Документтерди жасалмалоо") менен кылмыш ишин козгоп, ал УКМКнын тергөө абагына камалган. Кийин ушул эле беренелер боюнча Чыныбай Турсунбековдун жардамчысы Нурлан Абдыгул уулуна да иш козголуп, эч жакка чыкпоо талабы коюлган.

Бул ишке байланыштуу Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Аскарбек Шадиев кийин өкмөттөгү кызматын тапшырган болчу. Бирок депутаттык мандатын сактап калган.

Саясий соодалашуунун карааны

Саясий талдоочу, журналист Турат Акимов Шадиев саясий соодалашуудан кийин өлкөдөн чыгып кеткен деп болжойт:

Турат Акимов.
Турат Акимов.

- Менин оюмча Шадиев бийлик менен сүйлөшүүүдөн кийин гана кетти. Кылмыш иши козголоору айтылгандан кийин ал дароо кандайдыр саясий соодалашууга барды, анан кийин "тынчыраак эле турайын" деп сыртка чыгып кетти. Анткени ал азыр камалып калса Айтматов сыйлыгы боюнча акчага эле эмес, мурда энергетика министри болгон учурдагы, кийинки ЖЭБди оңдоодогу маселелер боюнча да мойнуна айып илинмек. Шадиев ошондон чочуду. Себеби азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ЖЭБге байланыштуу өзүнө айып тагылып калгандан кийин бул маселе боюнча айыптууларды таап, "кустурушу" керек. Шадиевдин сыртка чыгып кетүү процессин өзүнө баа бере турган болсок, бул биздин мыйзамдар иштебеген өлкөбүздө мыйзам ченемдүү эле нерсе.

Ачылган жана "качырган" кылмыш иштери

Жалпысынан өлкөнүн тарыхында кылмыш иши козголоордо же козголгондон кийин Кыргызстандан чыгып кеткен саясатчылар көп эле кездешет. Маселен, 2012-жылы Башкы прокуратура экс-депутат Нурлан Сулаймановго ал транспорт министри болуп турганда "коррупциялык схема түзгөн" деген шек менен кылмыш ишин козгогон. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") боюнча айып тагылган. Тергөөнүн маалыматы боюнча Сулайманов жол курулушунда 250 млн. сомдук тендерди өз пайдасын көздөп өткөргөнү айтылган.

Мындан кийин Сулайманов чет жакка чыгып кеткени кабарланып, 2014-жылы Октябрь райондук сотунун чечими менен Сулаймановго издөө жарыяланган. Быйыл болсо Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго каршы кылмыш иши токтотулганын жарыялады.

2014-жылы болсо мурдагы Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго кылмыш иши козголуп, эл аралык издөө жарыяланган. Ага "Оштун мэри болуп иштеп турганда эстакада көпүрөсүн курууда 30 миллион сомго жакын зыян келтирген" деп айып тагылган. Анын алдында эле экс-мэр чет өлкөгө чыгып кеткен эле. Кийин сот Мырзакматовду сыртынан жети жылга соттогон.

Былтыр күзүндө өткөн президенттик шайлоого талапкер болгон Өмүрбек Бабанов утулгандан кийин дароо чет өлкөгө дарыланганы кеткени кабарланган. Андан көп узабай эле Бабановго шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөр Конституциялык түзүлүшкө каршы келери белгиленип, кылмыш иши козголгон. Бабанов "Республика - Ата Журт" партиясынын лидерлигин да, депутаттык мандатын да тапшырып бергени менен кайра өзү Кыргызстанга келген эмес.

Кылмыш иши козголгон учурда чет өлкөгө чыгып кеткен саясатчылардын дагы бири - Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков. Бирок ал дарылангандан кийин кайтып келип, сот мойнуна койгон акчалай кенемтени төлөп бергендиги тууралуу маалымат тараган.

"Алымкан" саясатчылар

Ушундан улам адистер арасында да, карапайым жарандардын арасында да саясатчылардын кылмыш жоопкерчиликке тартылышы Кыргызстанда бийликтегилердин маанайынан эле көз каранды болуп калган деп эсептегендер жетиштүү. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Марат Иманкулов буларга токтолду:

Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

- Чет өлкөгө кеткендин өзү - бул өзүнүн айыбынан чочугандык, жоопкерчиликтен качуу. Баары тең ошо "чет өлкөгө дарыланабыз" деп кетишет. Эмне, Кыргызстанда дарыланса болбой беле? Анан ушу баары эле кылмыш иши козголгондо оорукчан болуп чыга келишет. Ага чейин тоо текедей болуп, так секирип чуркап жүрүшпөдү беле? Ошол эле Шадиев депутаттык менен бирге, биринчи вице-премьерликти кызматты кошо аркалап, ден соолугу деле тың, жыргап эле жүрбөдү беле? Анан кантип эле жүрөк оорулуу болуп калат? Бул ошол саясатчылардын абийринен көз каранды. Андан дагы аларды өлкөдөн качырып жиберип жаткан болсо - бул биздин күч кызматтарынын чабалдыгы. Кыргызстан ушундай саясатчылардан арылышы керек. Кылмыш кылгандарды чет өлкөгө качырбай тургандай саясий система түзүшү керек.

Кызык жери - Шадиевге козголгон кылмыш ишинде аны чет өлкөдөн чыкпоо чеги коюлган эмес эле. Аскарбек Шадиев өзү бул ишке тиешеси бар экенин четке кагып, Закиров аны “бюджетте акча жок калат, сыйлыктын акчасын эрте бөлүш керек” деп шаштырганын айтып, кол койгону үчүн өкүнөрүн гана билдирген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG