Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

Жогорку Кеңеште "жолун" тапкан Исхак Пирматов


Исхак Пирматов
Исхак Пирматов

Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетин ушул айдан тартып "Бир бол" фракциясынын депутаты Исхак Пирматов жетектей баштады. Бул тармактарда тажрыйбасы жок депутаттын маанилүү комитеттин башчылыгына келгени сынга да кабылды. Өзү болсо ишти алып кетээрине ишенет.

Парламенттин эки чакырылышында депутат болгон Пирматовдун тегерегинде уу-дуу кеп көп. 2012-жылы Башкы прокуратура ага кылмыш ишин козгогон, бирок жоопко тартууга Жогорку Кеңеш макулдук берген эмес.

13-декабрда Исхак Пирматов Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы болуп фракциялашы Аскарбек Шадиевдин ордуна шайланды. Шадиев буга чейин биринчи вице-премьер-министр болуп көтөрүлүп кеткен болчу.

"Комитет элчилерди гана аныктап калды"

Жарандык активист Адил Турдукулов парламенттеги маанилүү комитеттин төрагалыгына Пирматовдун шайланышын сындагандардын бири. Анын пикиринде, комитеттин жетекчилигине бул тармакты жакшы билбеген депутат келди.

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Бул комитет абдан стратегиялык мааниге ээ десек болот. Анткени биздин башкаруу ыкмабызды парламенттик система деп айтып жатпайбызбы. Парламенттин эң башкы функциясы, милдети - тышкы саясатты аныктоо. Аны аныктай турган ушул комитет. Бирок бул комитет азыркы учурда элчилерди аныктоо менен эле иш алып барып калган. Алар негизги функцияны аткарбай жатканын баарыбыз эле түшүнүп турабыз. Убагында мен бул комитетте иштеп кеткем. Бул жерде тажрыйбасы бар адам болушу керек. Депутаттардын арасында деле элчи болуп иштеген, дипломатиялык кызматта иштеген, чет өлкөдө, эл аралык уюмдарда иштеп кеткендер жок эмес. Адистиги жок, бир эле тармакта иштеген Пирматовду бул комитетке алып келгени түшүнүксүз. Эми бирок мындай түшүнүксүз жагдайлар көп эле болуп жатат да.

Бул комитеттин мүчөсү, КСДП фракциясынын депутаты Анвар Артыков Пирматовдун тажрыйбасы тууралуу дооматтарга кошулбайт. Ал комитеттин жаңы төрагасы жыйындарды сабаттуу алып барып жатат деп эсептейт.

Анвар Артыков.
Анвар Артыков.

- Исхак Пирматовду мен сыртынан эле билем. Анын кылмыш иши боюнча маселеге мен киришпейм, күнөөсү бар же жок деп айта албайм. Бирок комитетти жакшы эле башкарып жатат. Аны бул комитетке төрага кылып дайындоо - парламенттин чечими, биз ага баш ийишибиз керек. Бүгүнкү күндө комитетти сабаттуу эле башкарып жатат. Эч кимдин доосу жок.

Пирматов комитеттин төрагасы болуп дайындалгандан кийин "Кактус медиа" маалымат агенттиги менен болгон маегинде канча мыйзам долбоорунун автору болгонун эстей алган жок. Ал жаңы кызматты эптей алаарына ишендирүүгө аракет кылды.

- "Парламенттин азыркы курамы салыштырмалуу аракети аз" деген пикирлер айтылып жатат. Бул талаштуу маселе. Эгер "чуулгандуу, харизмалуу инсандар жок" деген болсо, анда чындыктын кандайдыр үлүшү бар. Бул же тигил чакырылыштын ишин баалоодо кабыл алынган мыйзамдардын саны эмес, сапатын, анын иштеп кетишин караш керек. Мурунку чакырылышта айрыкча жаш депутаттар мыйзам долбоорлорунун саны боюнча жарышкан учурлар болгон. Убакыттын өтүшү менен сапатына басым жасап калат экенсиң. Канча мыйзам долбооруна демилгечи болгонумду эсептебейм. Көп учурда башка депутаттар менен чогуу демилгечи болосуң. Мага тоо-кен тармагы жакын. Мен инвестор менен жергиликтүү элдин ортосундагы чыңалууну басаңдаткан мыйзам долбоорлорунун топтомуна демилгечи болгом. Мен комитеттин төрагасы кызматына кириштим. Бул кызмат оор болот деп ойлобойм. Анткени тажрыйбам бар, өткөн чакырылышта эки комитетти жетектегем. Мен бул ишти жөндөп кетем.

Диплом 27 жашында колго тийген

44 жаштагы Исхак Пирматовдун эмгек жолунда таң кала турган жагдайлар да бар. Жогорку Кеңештин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, ал 1995-2005-жылдары курулуш жана коммерция багытындагы компанияларда жетекчилик кызматтарда иштеген. Бирок кайсы компаниялар экени эмнегедир көрсөтүлгөн эмес.

Ал жогорку билим тууралуу биринчи дипломун 27 жашында алган. Ош мамлекеттик университетинин юридика факультетин 2000-жылы, Бишкектеги Каржы-экономикалык академияны 2008-жылы аяктаган. Армияда дагы 27 жашында, 2000-2001-жылдары кызмат өтөгөнү көрсөтүлгөн.

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Мэр менен депутаттын жубайларынын бизнеси

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жана Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовдун жубайлары ээлик кылган фирманын айланасында жаңы жагдайлар белгилүү болду.

Пирматов "Кыргызмунайгазга" 2005-жылы келген. Алгач Маркетинг жана материалдык-техникалык жактан камсыздоо боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, бир жылдан кийин эле бул башкармалыктын жетекчиси болуп дайындалган. "Кыргызмунайгазды" болсо 2008-2010-жылдары, апрель ыңкылабына чейин башкарган.

Исхак Пирматов чоң саясатка 2010-жылдан тартып аралашты. Ошол учурда коомчулукта мурунку президент Курманбек Бакиевдин тушунда майлуу-сүттүү кызматта иштегендерди жериген мамиле күчөп турганда аны "Республика" партиясынын тизмеси менен шайлоого барууга партия лидери Өмүрбек Бабанов чакырган жана тизменин сап башында үчүнчү болуп турган.

Пирматов Жогорку Кеңештин V чакырылышында Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш жана Экономика тармактарын өнүктүрүү комитеттерин жетектеди. Ошондой эле Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасынын орун басары да болду.

Пирматов менен Бабановдун байланышы 2014-жылы үзүлдү. Ошол жылы жазында "Республика" фракциясы Исхак Пирматовду, Алтынбек Сулаймановду, Абдыжапар Бекматовду жана Нурбек Мурашевди курамынан чыгарган. Республикачылар чечимин булар саясый ишмердүүлүгүн "Бир бол" партиясында жүргүзүп жатканы партиялык уставга карама-каршы келет деп негиздеген.

Текебаев: "Карга карганын көзүн чокубайт"

Башкы прокуратура Пирматовго 2012-жылдын башында кылмыш ишин козгогон жана тергөө ишине тартуу боюнча Жогорку Кеңештен макулдук сураган. Анда депутатка "2008-2010-жылдары “Кыргызмунайгазды” жетектеп турганда мамлекетке ири каржылык зыян келтирген" деген айып тагылган. Тактап айтканда, “Кыргызмунайгаз” өзү чыгарган бензинди, күйүүчү майды жана мазутту “Газпромнефть” жана “Кыргызпетролкомпани” компанияларына караганда алда канча арзан баада сатканы айтылган.

Пирматовду депутаттык кол тийбестиктен ажыратуу боюнча түзүлгөн комиссия "прокуратуранын далилдери жетишсиз" деген жүйө менен аны жоопко тартууга макулдук берген эмес. Пирматов өзү дагы дооматтарды четке каккан.

Буга парламенттеги "Ата Мекен" фракциясы каршы чыккан. Ошол кездеги фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев "Пирматов коррупциялык иштери үчүн жазаланышы керек" деген позицияны аягына чейин карманарын билдирген.

Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

- Кыргызстандагы коррупциялык иштердин эң айкыны, масштабдуусу “Кыргызмунайгаз” ишканасынын айланасындагы иштер болуп эсептелет. “Ата Мекен” партиясы бул ишти башынан аягына чейин билет, иштин козголушунун демилгечилеринен болгонбуз. Биз ишти тастыкталган, далилденген деп эсептейбиз. Мындай коррупциялык иштерге аралашкан ал кездеги жетекчилер өз жазасын алышы керек. Болбосо, коррупцияга каршы күрөш кагаз жүзүндө гана калат. “Карга карганын көзүн чокубайт” деп депутаттар депутатты коргоп, эч кимди жоопко тартпасак - анда коррупцияга жеңилебиз.

Ошол кездеги башкы прокурор Аида Салянова кылмыш иши козголгон депутаттар Исхак Пирматов, азыркы вице-премьер-министр Аскар Шадиевдин мөөнөтү бүткүчө күтүшөөрүн айткан эле:

- Пирматов да, Шадиев да акталган жок. Анткени актоо боюнча өкүмдү сот гана кабыл алат. Парламент берген баа - бул саясий баа. Мындай саясий баа бергени үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Бирок чындык деген чындык да. Кандай болгон күнү дагы коомчулук, эл өзүнүн баасын берип жатпайбы. Пирматов боюнча биз парламенттин макулдугун ала албай, иш токтотулуп калат.

Аялына бизнесин берген аткаминерлер

Аялына бизнесин берген аткаминерлер

Кыргызстанда айрым саясатчылардын, мамлекеттик кызматкерлердин жубайлары жылына миллиондогон сом киреше табары, ири ишкер экени белгилүү.

Аида Салянова өзү 2015-жылдын башында ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевди "саясий колдоо көрсөткөн жок" деп айыптап иштен кетти. Быйыл болсо өзүнө кылмыш иш козголуп, райондук сот аны айыптаган өкүм да чыгарды.

Активист Адил Турдукулов жарандык коом ошол кезде Исхак Пирматовдун жоопко тартылышын талап кылып чыкканын эстеди. Ал коррупцияга каршы тандалма күрөш жүрүп жатканын сынга алды:

- Далилдер керек болсо парламенттик трибунада да айтылган, жүйөлөр келтирилген. Фракция лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыккан болчу. Бул боюнча атуулдук коом да кыйкырып чыккан, мен дагы айтып чыккам. Бирок эч кандай реакция болгон жок. Бийликке жаккан адамдар кылмыш боюнча шектүү болсо деле эч качан жоопкерчиликке тартылбайт. Тескерисинче, жогорку кызматка көтөрүлөт. Оппозицияга, бийликтин оппоненттерине болсо жөн жерден кылмыш ишин козгоп жиберишкенин баарыбыз көрүп жатпайбызбы. Мындай кадрдык жүрүш сөзсүз түрдө бийликке, парламентке болгон элдин ишениминин азайышына түрткү болот.

"Актыгымды далилдедим"

Исхак Пирматов "Кактус медиадагы" маегинде "депутаттардын жардамы менен кылмыш жоопкерчилигинен качып кетти" деген сөздөргө кошулбастан, сотто толук акталып чыкканын маалымдады:

- Мен кесиптештериме, албетте, ыраазымын. Алардын мени сактап калганына эмес, маселеге сүңгүп кирген, чоң иш жасаган комиссиянын корутундусуна таянып жоопкерчиликке тартууга макул болбой койгонуна ыраазымын. Мен акырын, унчукпай эле узак убакыт тергөө менен кызматташтым. Жыйынтыгында мен бул ишти сотко жеткирдим. Анда "тергөөнүн аракети мыйзамсыз болгон, кылмыш ишин козгоого негиз жок болчу" деген корутунду чыгарылды. Кылмыш ишинин алкагында экономикалык, соттук-бухгалтердик экспертизалар жүргүзүлдү. Эсеп палатасынын аудиторлору тартылды. Анда мен тараптан мамлекетке эч кандай зыян келбегени тууралуу бүтүм чыгарылды.

Пирматов Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышына "Бир бол" партиясынын тизмеси менен келди жана "кубаттуу экономика үчүн" деген ураан менен чыккан эле:

- Мен, Исхак Пирматов, өлкөнүн экономикасын кубатташ үчүн шайлоого "Бир бол" партиясынын курамында баратам. Элибиз бай болсо, экономикабыз ошончолук кубаттуу болот. Биз чечкиндүү жана көрөгөч ишкерлерге эркиндик беришибиз керек. Жеке демилгечил жана жергиликтүү инвесторлорго шарт түзүп беришибиз керек.

Анткен менен Исхак Пирматов ишкерлерге, экономиканын өнүгүшүнө байланыштуу маселелерди парламентте батыл көтөрө элек. Жогорку Кеңешке такай каттаган журналисттер Исхак Пирматов жалпы жыйындарга такай катышкан, маселелерди тынбай көтөрүп чыккан жигердүү депутаттардын деле катарына кирбей турганын белгилешет.

Пирматовдун аты мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык болгон, күмөндүү жагдайларда сатылып кеткен мүлктөргө байланыштуу да айтылып жүрөт. Анын жубайы менен Бишкек шаарынын азыркы мэри Албек Ибраевдин аялынын биргелешкен бизнестери боюнча да айрым бир жагдайлар да ачыкка чыккан эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG