Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:34

Булганган саясатчылардан арылуу аракети


Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.
Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген.

Жарандык коом өкүлдөрү парламентке депутаттыкка талапкерлердин партиялык тизмесин текшерүүгө кызыкдар.

Белгилүү коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев баштаган демилгелүү топ мурда-кийин жемкорлук кылмыштарына аралашкан деп шектелгендердин партиялык тизмелерге кирип кетүүсү мүмкүн дегендердин аты-жөнүн жарыялады.

Тизме Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинен алынганы белгиленди. Бирок ага айрым депутаттар менен саясатчылардын ысымдары кирбей калган.

Капчыктуулардын жарышы

Коомдук ишмер Топчубек Тургуналиев буга чейин ар кайсы мамлекеттик жогорку кызматтарды ээлеп туруп, терс аракеттери менен коомчулукка белгилүү болгон аткаминерлер кайрадан саясатка бара жатканын белгиледи. Мына ошондуктан мамлекеттик башкарууну булганган саясатчылардан тазалоо үчүн аларга моралдык баа берүү демилгеси көтөрүлдү.

Демилгелүү топту баштаган Топчубек Тургуналиев саясий партия өкүлдөрүнө мындайча кайрылды:

- Саясий партиялар таза, чынчыл атаандаштыкты жерип, учурда жалаң гана капчыктуулардын аламан байгесин өткөрүүнү көздөп калганы байкалат. Демек дагы деле эмдиги парламентке элдин ырыскысын тоноп байыган ууру-кескилердин келиши дайын болуп калды. Биз бул абалга жөн карап тура албайбыз. Азыр партиялык тизмеге кирүү үчүн мына ошол шүмшүктөр 1 миллион долларга чейин акча берүүгө далалат кылып жатышканы байкалат. Саясий партиялар, шайлоодон бизнес жасаганды токтоткула! Мына ошолордун акчасын алып, көздү кызартуу менен шайлоого барганыңар туура эмес.

Ошол эле кезде демилгелүү топ буга чейин коррупциялык иштерге шектелип, кылмыш иши козголгон, иши тергөөдөн же соттон кыскарып кеткендердин ысымдарын жарыялады. Алардын арасында мурдагы жана азыркы депутаттар, мурдагы министр, аким жана губернаторлор сындуу жогорку кызмат адамдары бар. Бул тизмеге жалпысынан 43 аткаминердин ысымы киргизилген.

Топчубек Тургуналиев бул тизме расмий булактан алынган маалыматтарга негизделип түзүлгөнүнө токтолду:

- Биз Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигинин берген маалыматтарынын негизинде түзүлгөн тизмеден чыга албайбыз. Бирок биз кайсы бир шектүү адамдар боюнча кошумча маалыматтарды сурайбыз. Биз ошондо ысымдарды тактайбыз. Биз бул тизмени кылдат текшерип туруп, анан жарыялайбыз. Болбосо расмий булактарда жок ысымдарды киргизип алсак, анда ошол ысымдары аталгандар бизди сотко берүүсү мүмкүн.

Тизмеге кирбей калгандар

Тизмеде Нариман Түлеев, Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров, Чыңгыз Узакбаев, Курманбек Осмонов, Нурлан Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Данияр Нарымбаев, Хажимурат Коркмазов сыяктуу саясатчылар көч башында көрсөтүлгөн. Бирок ошол эле кезде Карганбек Самаков менен Исхак Пирматов сыяктуу коррупциялык кылмыштарга шектелип, кылмыш иши козголгон айрым депутаттар ал тизмеге кирбей калган.

Башкы прокуратуранын өкүлү Нурлан Тагаев бул эки депутаттын тең кылмыш иштери тергөөдөн кыскара электигин билдирди:

- Карганбек Самаковдун кылмыш иши тергөөдө. Ал азырынча тергелип бүтө элек. Тергөөдөн соң анан ал сотко жөнөтүлөт. Ал эми Исхак Пирматовго козголгон кылмыш ишинин негизинде биз анын кол тийбестигин алуу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылганбыз. Бирок парламент анын кол тийбестигин алууга каршы болуп койгон. Ошондуктан анын кылмыш иши учурда токтоп турат.

Люстрациянын изи менен...

Ошол эле кезде жарандык коом өкүлдөрү Кыргызстанда 90-жылдардагы Чыгыш Европа өлкөлөрүндөй люстрация чарасын киргизүү зарылдыгын сунуштап келишет.

“Бир дүйнө” укук коргоо борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова мамлекеттик башкарууну тазалоо жүрмөйүнчө натыйжалуу реформа болбой турганын айтты:

- Бул чынында эң мыкты инструмент. Бул ыкма мурдагы социалисттик лагердеги Чыгыш Европа өлкөлөрүндө натыйжалуу колдонулган. Мына ошонун негизинде ал жакта азыр коррупция бир топ ооздукталып, өлкөнүн экономикасы бир топ өргө кете баштады. Негизи колу таза эмес жетекчилерди жана алардын ири байланыштарын мамлекеттик башкарууга аралаштырбай коюу ыкмасы ишке киришип, алар тууралуу маалыматтар коомчулукка байма-бай жарыяланып турганда гана алардан тазалануу жүрөт.

2005 - 2010-жылдардагы элдик ыңкылаптардан кийин мамлекеттик башкарууну люстрация жолу менен тазалоо демилгеси көтөрүлгөн. Бирок мындай коомдук демилге ошол учурда элдик толкундоолордун шарапаты менен бийликке келген күчтөрдүн колдоосун тапкан эмес.

XS
SM
MD
LG