Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Коопсуздук кеңеши: саясий куугунтук жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдеринин аткарылышы туурасында кеңештин катчысы Дамир Сагынбаев басма сөз жыйынын уюштурду.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев жемкорлукка каршы бардык тармакта аёосуз күрөш башталганын жана саясатчыларга козголгон кылмыш иштеринде эч кандай саясат жок экенин баса белгиледи.

Сагынбаев мамлекеттик казынага кол салгандар жогорку кызматына, даражасына карабай жазага тартыларын айтты. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, кылмыш иши козголуп, бирок өлкөдөн чыгып кеткен саясатчылар кайра кайтарылаарын билдирди:

Дамир Сагынбаев.
Дамир Сагынбаев.

- Укук коргоо органдарынын аракетинде эч кандай саясат жок. Кылмыш жоопкерчилигине кайсы бир кылмышка түздөн-түз байланышы барлар тартылат. Мен Шадиев боюнча расмий органдардын маалыматына таянып, "ал өлкөдөн чыгып кеткен эмес" деп айта алам. Эгерде Шадиев Кыргызстандын аймагынан чыгып кетсе, “чек арадан мыйзамсыз өткөн” деп кылмыш иши козголот. Кылмыштар аныкталса, жаза мөөнөтү узарат. Ар бир жогорку кызматкер түшүнүшү керек. Эртеби-кечпи, анын мыйзамсыз аракеттери жазасыз калбайт. Сооронбай Шарипович сот реформасы боюнча жыйында “кылмыш иштеринин мөөнөтү эскирди” деген түшүнүктү алып салуу боюнча пикирин айтты. Бул болсо жаран өз күнөөсүн моюнуна алып, тартылган чыгымды кайтарып бермейинче жоопкерчиликтен кутулбайт дегенди билдирет.

Сагынбаев Коопсуздук кеңешинде коюлган талаптардын негизинде аткарылган айрым иштерге да токтолду. Ага ылайык, токтотулган 2211 жана жабылган 485 иш кайра каралып чыкты.

Натыйжада токтотулган 410 жана жабылган 41 ишти кайра кароо тууралуу чечим кабыл алынды. Жабылган бир жана токтотулган 21 иш кайрадан сотко жөнөтүлдү. Иштерди кайра карап чыгуунун алкагында Финансы полициясынын бир тергөөчүсүнө жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) эки тергөөчүсүнө кылмыш иши козголду. Ошондой эле укук коргоо, салык, бажы тармактарындагы кызматкерлеринин декларация толтурганы тыкандык менен көзөмөлдөнүп жатат.

Антсе да мындай кадамдарды азыркы бийликтин мурдагы бийликтин кадрларына каршы чабуулу катары баалаган пикирлер да бар.

Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм

Жээнбеков: Дос-таанышка карабайм

​Президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөшүү аёосуз жүрөөрүн эскертти.

Парламентте КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков “өкмөттүн коррупцияга каршы күрөшү Атамбаевдин кадрларына каршы күрөш болуп жатат" деп кескин сындап чыкты. Ал эми буга чейин мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков, мурдагы Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси Кубанычбек Кулматов өзүнө козголгон кылмыш иштерин "саясий куугунтук" деп аташкан.

Саясат талдоочу Айнура Арзыматова азыркы коррупцияга каршы аракеттерди мындай баалады:

- Бардык бийлик үчүн коррупцияга каршы күрөш ыңгайлуу тема болуп келет. Элге да жагат. Азыр коррупцияга каршы күрөш жакшы жүрүп жатат. Бирок тандалма түрдө эмес, баарына бирдей жүрсө болмок. Эч кимге карабаш керек. Азыр коомчулук экс-президент Атамбаевдин адамдарына эле каршы болуп жатат деген пикирлер айтууда. Анткени мурдагы бийликке жакын деген адамдарга биринин артынан бири кылмыш иши козголуп жатпайбы. Анан тандалма күрөш деген ой келет да.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиевдин пикиринде, кандай болгон күндө да айрым саясатчылар, жарандык коомдун көпчүлүк бөлүгү жана карапайым эл жаңы бийликтин жемкорлукка каршы жарыялаган аракетин колдоп, көз салып турат.

Андыктан "бул бийликтин азыркы козголгон кылмыш иштерин аягына чыгаруудан башка жолу жок", деди Маматалиев:

Абдрахман Маматалиев.
Абдрахман Маматалиев.

- Эми президент жана күч органдарына жаңы дайындалган башчылар аягына чейин турушу керек. Азыр жаш-кары дебей бул фактыларды карап турат. Ири суммада уурдалган акча, элдин чөнтөгүнө, казынага кол салгандар жөнүндө угуп жатышат. Демек муну аягына чыгарышы керек. Эми укук коргоо органдары далилдеп, сотко жеткирет. Сотторго дагы саясий тапшырма берилбей, калыс каралып чыгышы керек. Ошондо гана элдин көксөөсү сууйт.

Быйыл 8-февралда мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президент катары Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйынын өткөрүп, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы иштерди сынга алган болчу. Андан бери бир катар күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, соттор алмашып, коррупцияга байланыштуу шек туудурган мамлекеттик кызматкерлер камакка алынган, айрымдарына кылмыш иши козголду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG