Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:09

Алтынды сыртка чыгаруунун амалы


Иллюстрациялык сүрөт.

"KAZ Minerals Bozymchak" компаниясы курамында алтын бар 10 миң тоннага жакын концентратты Кыргызстандан чыгарып кеткенин Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы билдирүүдө.

Кыргызстан кен байлыктарын, баалуу асыл таштарын сактоого, коргоого канчалык жөндөмдүү? Аларды кандай учурларда чет өлкөлөргө чыгарууга мыйзам жол берет? Буга чейинки “алтын чырларынын” сырлары эмне үчүн ачылбай турат?

“Арай көз чарай” талкуусуна техника илимдеринин доктору, геология боюнча эксперт Дүйшөнбек Камчыбеков жана коррупция маселелери боюнча эксперт Максат Мамытканов катышты.

“Азаттык”: Дүйшөнбек мырза, Кыргызстандын мыйзамдарында иштетилген алтынды же башка концентратты чет өлкөгө чыгарып кетүүгө мыйзамдар жол береби? Кандай учурда, кандай шартта, кайсы мамлекеттик орган ишке ашырат?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Талды-Булактын алтыны таламайга түшкөнбү?

Кыргызстандын ондогон тонна алтын корун ичине камтыган тоо-кен тармагы эл аралык чайкоочулардын оңой олжосуна айланууда.

Дүйшөнбек Камчыбеков: Эми бул маселе “Жер казынасы жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынат. Анын жоболоруна ылайык жер казынасын, анын ичинде концентраттарды чет өлкөлөргө алып чыгууга уруксат берилет. Аны ишке ашыра турган мамлекеттик органдар бар. Айталы, Жер казынасы боюнча мамлекеттик комитет, Финансы министрлигине караштуу Баалуу металлдар боюнча башкармалык түздөн-түз жооптуу. Алар канча көлөмдөгү, канча курамдагы концентраттар экенин, пайыздык көрсөткүчтөрүн туура текшерип, анан лабораториялык анализдерди алып, ошонун негизинде тиешелүү кагаздарды жазып, "мынчасы жез, алтын же күмүш" деп беришет. Уруксат алгандан кийин биздин бажы аркылуу алып чыгышат.

“Азаттык”: Чет өлкөгө чыгып жаткан концентрат кайсы жерде текшерилет: кен казган жердеби, чек арадабы же Бишкектеги лабораториядабы?

Дүйшөнбек Камчыбеков: Компания сыртка концентрат алып чыгарда "мынча тонна алып чыгабыз" деп уруксат сурайт. Лабораторияга үлгүсүн алып келип, "канча пайызы жез, канчасы алтын же башка" деп корутунду чыгартып алгандан кийин чыгат.

Акаевди айланган Кумтөрдүн миллиондору

Акаевди айланган Кумтөрдүн миллиондору

Кумтөр боюнча 2003-жылдагы мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Акылбек Жапаров алтынга аралашкан кыңыр иштерге ошол кезде өлкө башында тургандардын тиешеси бар деп эсептейт.

“Азаттык”: Максат мырза, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) маалыматы боюнча "KAZ Minerals Bozymchak" ишканасы 2015-жылы эле 10 миң тоннага жакын алтын концентратын чыгарып кеткен экен. Анын негизинде 2017-жылы декабрда иш козголуп, жетекчиси 2018-жылы 26-майда кармалганын кандай түшүнсөк болот? Эмне үчүн мынчалык узак созулган деп ойлойсуз?

Максат Мамытканов: Тергөө жүрүп жатканда казак тарап концентраттын курамы боюнча өз документтерин алып келип берет. Аларды биздикилер текшериши керек болчу. Текшерейин десе Кыргызстанда эл аралык стандарттагы, дүйнөлүк реестрге кирген лаборатория жок. Жер казынасы комитетиндеги лаборатория болсо сертификат алган эмес. Алардын жыйыктыктары эл аралык соттордо далил боло албайт, таанылбайт.

Казактар эмне кылып жатат? Биз концентратты өзүбүзгө алып барып фабрикада иштетсек "алтыны мынча, жези мынча эле болуп калды" деп өзүнүн маалымкатын алып келишүүдө. Аларды кайра текшере турган бизде экспертиза жок. Ошентип эки тараптан эки башка маалымат болуп, тил табыша албаганда соодалашуу жүрүп келген. Бизде бийлик алмашып, прокуратура, Финансы полициясынын жетекчилери дайындалгандан бери ал компаниянын жетекчисин камады эле, маселенин баары чыгып жатпайбы? Ал компания жетекчини камоодон убактылуу чыгарып туруш үчүн, башын аман сактап туруш "кепилдиги" деп күрөөгө 55 миллион сом төлөөгө аргасыз болду. Ал акча салык эмес. Эгер казак тарап акталып чыкса, ал акчаны кайтарып алышы да мүмкүн.

Дүйшөнбек Камчыбеков: Азыр Бозумчактан гана эмес, Чаткалдан жана башка жерлерден миңдеген тонна концентраттар Кытайга, Казакстанга чыгат, муну баарын көзөмөлдөш өтө кыйын. Анткени миңдеген тонна рудалардын баарын текшерип, алардын ар биринин концентраттарын аныкташ да оор.

Канткен менен бул жерде коррупциялык коркунучтар бар. Биздин өкмөт Кыргызстандан чийкизат ташылып кетишине жол бербей, акыркы өндүрүмгө чейин өзүбүздө чыгарууга жетишүүсү керек. Ала-Бука, Чаткал аймактарында алынган алтын концентраттарды аягына чейин иштете турган фабрика курулушу зарыл. Антпесек баары сыртка чыгып кете берет.

“Азаттык”: Максат мырза, Акаев заманында да Швейцарияга алтын чыгарылып кетип, депутаттык комиссия түзүлүп, иш козголду эле. “Тараза иштебей калып” деп канчалаган баалуу металлдар чыгып кетип белгисиз болгон, ошого кимдир-бирөө жооп бердиби?

Максат Мамытканов: Ал алтындын тагдыры эч кимге белгисиз, аягы табылган эмес. Акаев үч тонна алтынды Швейцарияга алып барып, "сомду чыгардык, анын туруктуу болушун колдош үчүн салып келдим" деген, күрөө катары ошол жакта калган, азыр анын канчасы калды, канчасы жок - эч ким билбейт. Отчетун сураган киши жок. Ага мамлекет жол берип жатпайбы? Андай болгондон кийин коррупцияга аралашып, баары баюунун жолуна түштү.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Алтынды сыртка чыгаруунун амалдары
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:53 0:00
Түз линк
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG