Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:09

"Майлуу" жерлер боюнча иш козголду


"Азаттыктын" 16-майдагы иликтөөсүндөгү тасмадан алынган кадр.
"Азаттыктын" 16-майдагы иликтөөсүндөгү тасмадан алынган кадр.

Бишкек шаарында мыйзамсыз бөлүнгөн жер боюнча эки кылмыш иши козголду. Андагы маалыматтарга ылайык, мэриянын кызматкерлери баш калаанын түштүк тарабында мамлекеттик мекемелердин имараты курулмак болгон тилкени жеке компанияларга көп кабаттуу үй курганга берген деп шек саналууда. Буга чейин Бишкектин мэри Албек Ибраимов ал жер тилкелери мыйзамдуу негизде берилгенин айтып келген эле.

Бишкектин түштүк тарабындагы 2,8 гектар жер тилкесинин мыйзамсыз ижара берилиши боюнча кылмыш иши козголгону Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

Жыйындын жүрүшүндө депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Тергөө башкармалыгынын башчысы Абдыкадыр Разаев борбордогу жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүү боюнча эки кылмыш иши козголуп, тергелип жатканын билдирди:

- Мэрия тараптан мыйзамсыз бөлүнүп берилген жер тилкелери боюнча "Коррупция" беренеси менен эки кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатат. Жыйынтыгы азырынча чыга элек.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, борбор шаардын түштүк бөлүгүндөгү 187 гектар жердин айрым бөлүгү жеке компанияларга ижарага берилгени боюнча иликтөө жүргүзүлгөн.

Бул аймактагы жер тилкелери өкмөттүн токтомунун негизинде Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу "Кыргызкурулушсервис" аттуу ишканага бөлүнгөн. Ага ылайык, сөз болуп жаткан жер тилкелерине мамлекет административдик жана маданий имараттарды гана курушу керек болчу. Келечекте бул жерге министрликтердин жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын көчүрүү каралган. Бирок 2017-жылы сентябрь айында "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасы жеке ишканалардын биринин кайрылуусунун негизинде 2,8 гектар жер тилкесин тиешелүү уруксат документтери жок эле ижарага берүү боюнча бүтүм чыгарат.

Андан соң документтер Бишкек мэриясынын жер ресурстары боюнча башкармалыгына жөнөтүлөт. Бул орган да жеке компаниянын пайдасына чечим чыгарган. Натыйжада Мамлекеттик экспертизанын тиешелүү чечими жок эле жасалма сынактын негизинде жер тилкеси курулуш компаниясына бөлүнүп берилген.

Ал эми сөз болуп жаткан курулуш компаниясы Бишкектин түштүк тарабына көп кабаттуу тандалма үйлөрдү кура баштаган. Коррупцияга каршы кызмат бул мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекет жүздөгөн миллион сом зыян тартканын билдирүүдө. Азырынча бул иштин алкагында кайсы жетекчилерге айып тагылганы белгисиз.

Негизи Бишкектеги "эң майлуу" тилкелери болуп саналган түштүк аймактагы гектарлаган жерлердин мыйзамсыз ижарага берилгени боюнча маселе буга чейин да парламентте жана маалымат каражаттарында көтөрүлгөн эле.

"Азаттык" мурда журналисттик иликтөө жүргүзүп, ал жер тилкеси "Ихлас" курулуш компаниясына берилгенин аныктаган. Аталган компания болсо мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Икрамжан Илмияновго жакын адамдарга таандык экени айтылган. Илмиянов болсо бул маалыматтарды төгүндөгөн. Ошондой эле бул тилкелерди ижарага берүү боюнча чечим кабыл алган шаар куруу боюнча кеңештин башында борбордун азыркы мэри Албек Ибраимов турганы белгилүү болгон.

УКМК жер тилкесинин ижарага берилиши боюнча кылмыш ишин козгогон соң Бишкектин мэри Албек Ибраимов "Азаттыкка" комментарий берүүдөн баш тартты. Бирок буга чейин Ибраимов "ал тилкелер мыйзам чегинде берилди" деген пикирин билдирген эле:

Албек Ибраимов.
Албек Ибраимов.

- Бишкектин түштүк тарабынын деталдуу пландоо планы бир топ жыл мурун эле кабыл алынган. Ал план боюнча көп кабаттуу үйлөрдү салуу каралган. Анын жанында бульвар да бар. Анын кызыл чектерин карап туруп чечим кабыл алынган. Азыр ал жакта курулуп жаткан имараттардын буюртмачысы "Ихлас" компаниясы экенин билебиз. Ал курулуш компаниясы Долбоорлоо институтуна долбоорду сунуш кылган. Бул долбоор мыйзамга жооп бергени үчүн биз шаар куруу кеңешинен жактырганбыз.

Ошол эле учурда шаар куруу кеңеши жана жер комиссиясынын айрым мүчөлөрү жаралган кырдаал боюнча кошумча маалыматтарды айтып чыгышты. Маселен, шаардык кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Жусуп Коргонбой уулу ал жер тилкесин ижарага берүү боюнча протоколго анын атынан жасалма түрдө кол коюлганын билдирди:

- Мага "протоколго кол коюп бериңиз" деп кайрылышып, өтүнүшкөнүнөн мен баш тарткам. Бирок мага жеткен маалыматтарга караганда биздин колдорду жасалмалашыптыр. Ал 2017-жылдын сентябрь айы болчу. "Ихлас" компаниясыбы же башкабы, азырынча мен так айта албайм. Бирок протоколду жасалмалаганы боюнча маалымат бар. Мен учурда тиешелүү органдардан бул ишти текшерип чыгууну сурандым. Ушундай жол менен колдорду жасалмалап, өткөрө беришчү экен.

Борбордогу “майлуу” жерлер кимдики?
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:59 0:00

Эми жер тилкеси боюнча кылмыш иши аягына чыгабы жана кимдер жоопкерчиликке тартылат деген суроо турат. Буга чейин да баш калаадагы жер тилкелерин сатуу боюнча иштер козголгону менен жогорку кызматтагы жетекчилердин жазага тартылганы жокко эсе.

Бишкек шаарын пландоого катышкан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, архитектор Ишенбай Кадырбековдун айтымында, бул иш боюнча башкаларга сабак болгондой чечим кабыл алынышы керек:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

- Муну токтотуш үчүн бир гана нерсени кылыш керек. Ал - мыйзамды бузган адамды жазага тартуу. Эгерде мурдагыдай кылмыш иши козголуп, бирок жазага эч ким тартылбаса - анда бул иштен эч кандай жыйынтык чыкпайт. Негизи Бишкектин түштүк тарабы баш калаанын өпкөсү катары эч бир курулуш түшпөшү керек болчу. Кийин бул жерге жалаң административдик имараттарды куруу боюнча чечим кабыл алынган эле. Бирок буга карабай жердин бөлүнүп жарылып, үйлөр курула баштаганы абдан эле өкүнүчтүү.

Ал ортодо бул жер тилкесине байланыштуу иштен тышкары Бишкектин мэри Албек Ибраимовдун аты аталган дагы бир кылмыш иши ачылганы дайын болду. Анда Ибраимов "Дастан" заводун жетектеп турган 2012-жылы сатып алууда мыйзам бузулуп, мамлекетке зыян келтирилгени тууралуу УКМК маалымат таратты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG