Линктер

дүйшөмбү, 25-июнь, 2018 Бишкек убактысы 00:29

Президент Сооронбай Жээнбековдун “мөөнөтү өттү” деп кылмыш ишин кыскартуу жобосун мыйзамдан алып салуу, "жеп-ичкендер" сот аркылуу төлөгөн акчасын бир эсепке топтоо тууралуу демилгеси коррупцияга каршы күрөштө канчалык натыйжа берет?

Жаңы бийликтин эски санаалаштарына “саясий куугунтук” болуп жатабы же жемкорлук менен күрөштө достун да көзүн карабаган саясат жүрүп жатабы?

“Арай көз чарай” талкуусуна юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жана мурдагы башкы прокурору Байтемир Ибраев катышты.

“Азаттык”: Президент Сооронбай Жээнбековдун сот реформасына байланышкан жыйында мыйзамдардагы “мөөнөтү өтүп кетти” деп кылмыш жоопкерчилигин токтотуп койгон беренени алып салуу демилгеси канчалык реалдуу натыйжа бере турган сунуш деп ойлойсуз?

Бекбосун Бөрүбашев
Бекбосун Бөрүбашев

Бекбосун Бөрүбашев: Коррупция менен күрөшүү – Кыргызстандагы актуалдуу маселелердин бири. Өткөн жылдын 8-декабрында Коопсуздук кеңешиндеги, 17-майда сот реформасына байланыштуу жыйындагы чечимдер тууралуу айтсак Кылмыш-жаза кодексиндеги 67-беренени ("мөөнөтү өтүп кетти") алып салып, ага укуктук-юридикалык баа берип коюу демилгеси туура маселе деп ойлойм.

Кыргызстандын акыркы 25 жылдык тарыхында канчалаган ичип-жегендер “мөөнөтү өтүп кетти” деген беренени пайдаланышып, жазадан кутулуп кетишти. Жок дегенде саясий, моралдык да баа алышкан жок. Көтөрүлүп жаткан сунуш көйгөйдү толук чече албаса да бир кадам алдыга жылуу десек болот. Коррупция менен күрөшүү комплекстүү көп аракеттерди талап кылат.

Байтемир Ибраев: Негизинен бул маселелерде жылдан-жылга чечилбеген көп суроолор болуп келатат. Мисалы, сот жана тергөө органдары бар туруп кылмышкер качып кетсе, ал келтирген зыяндардын ордун толукталбаса кылмышка тартуу мөөнөтү узарып, эсептелип кете берет. Мөөнөтү өткөндөн кийин кайтып келсе соттор ал ишти жабыш керек, анткени мыйзамда ошондой жазылган. “Жок дегенде келтирген зыяны өндүрүлбөй калат экен” деп президент ушуга басым жасап жатпайбы.

Мыйзамда так мөөнөттөр жазылган, оор кылмыштарга өзүнчө убакыт, анча оор эмес кылмыштарга андан азыраак мөөнөт берилген. Айрым соттор, тергөөчүлөр “мөөнөтүң бүткөндөн кийин келесиң” деп өздөрү үйрөтүп, качырып жиберишет. Бул - ошол сот жана тергөө органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдүн, схемалардын бар экендигинин далили. Мисалы, соттолуучу адам мөөнөтү өтүп кеткенче Орусияда жүрүп келсе, биздин органдар ишти жабыш керек, башка эч нерсе кыла албайт.

“Азаттык”: “Мөөнөтү өтүп кетти” деп мурда канча мөөнөт эле, беш жылбы же он жылбы? Бийлик ушул беренеге таяп, качанкы өтүп кеткен ишти козгоп, саясий өч алуу үчүн колдонбойбу деген суроолор жаралууда...

Байтемир Ибраев
Байтемир Ибраев

Бекбосун Бөрүбашев: Кылмыштын түрүнө жараша мөөнөттөр үч жылдан 15 жылга чейин берилет. Эми Кыргызстанда баары болушу мүмкүн. Анткени бийликтин колунда көп органдар турат, көп мүмкүнчүлүгү бар, аны өзүнүн кызыкчылыгына колдонуп кетпейт деп эч ким айта албайт. Бардыгы бийликтин саясий эркине, абийирине жараша болот. Акыркы алты жылда бийлик коррупция менен бир беткей күрөшүп келгенин байкоого болот.

"Коррупция менен күрөшүү" оппозициялык маанайдагы депутат, саясатчы же журналисттерге колдонулуп келди. Тилекке каршы, алардын жанында далайды уурдап жеп дүйнөгө таанылгандар бар, мыйзамды бузуп элге чакырык жасаган молдокелер бар, буларга эч ким унчукпады.

“Азаттык”: Байтемир мырза, эгер ушул беренени алып салса, анда мурда токтоп калган иштерди кайра козгоого болобу?

Байтемир Ибраев: Бул дагы мыйзамда так жазылган. Мыйзам бүгүн кабыл алынса, кечээ жасалган кылмыш иши үчүн иштебейт, кийинки учурлар үчүн гана иштейт.

“Азаттык”: Бекбосун агай, президент коррупция беренеси боюнча өндүрүлгөн акчаны бир эсепке топтоо тапшырмасын берди. Кандай максат менен өзүнчө эсеп ачып жатат?

Бекбосун Бөрүбашев: Кыргызстанда чечилбеген маселе көп, тышкы карызыбыз турат, жылдан жылга өсүп жатат, канчалаган социалдык маселелер бар. Сырттан инвестиция аркылуу канча деген акча келет, алардын далайы уурдалып, чиновниктердин чөнтөгүнө түшүүдө. Ошолордун баарын өндүрүп ордуна коюп, бюджетке аралаштырбай бир жерге топтосок деген ниет болуп атса керек. Менимче, ушундай кылса туура деп ойлойм. Анткени ичип-жегендерден канча акча түшүп, мамлекетке канча байлык кайтарылганын коомчулук көрсүн. Кыргызстанда элдин ырыскысын жегендерди жалпы коомчулук билиши керек, калкыбыз аларга өз баасын берсин. Ошондой ачыктык, айкындуулук керек деп ойлойм. Андан баарыбыз ала турган сабагы көп болот.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угуңуз)

Жемкордун алтымыш айласы бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:24:03 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG